Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Жалал-Абаддагы элдик жыйындын талаптары


Жыйындан бир көрүнүш, Жалал-Абад, 25-март, 2014.
Жыйындан бир көрүнүш, Жалал-Абад, 25-март, 2014.

Жалал-Абадда айылдык кеңештердин депутаттар тобу баштаган коомдук активисттер чогулуп, өлкө бийлигине сын айтуу менен бир катар талаптарды койду.

Жыйын соңунда кабыл алынган резолюцияда Бажы биримдигине кирүүнү референдумга коюу, чек ара маселелелерине көңүл буруу, жаштардан турган элдик ишенимдеги өкмөтту куруу, бирок аны КСДП фракциясына бербөө талаптары коюлду. Бул талаптар аткарылбаса, бийликти отставкага кетирүү маселеси көтөрүлөөрү да эскертилди.

Эки ыңкылаптан алынбаган сабак

25-мартта облус аймагындагы айылдык кеңештердин бир катар депутаттарынын жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда өткөн элдик жыйын өлкөдөгү коомдук-саясий, социалдык-экономикалык абалды, мамлекеттин бүгүнкү жана эртеңки тагдырын талкуулады. Бажы биримдигине кирүүгө, парламентте коалициянын жана өкмөттүн жаңы курамын түзүүгө байланышкан маселелер да көтөрүлдү. Эки ыңкылаптан туура сабак алынбаганы белгиленди.

Жыйында сүйлөгөндөр дээрлик азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына нааразы болушуп, эки ыңкылаптын, адам өмүрүнө забын келтирген апрель, июнь окуяларын бийликтегилер эске албай жатканын сынга алышты. Мындай нааразылыкты жыйында чыгып сүйлөгөндөрдүн бири, Сузактын Барпы айылдык кеңешинин депутаты Дөөлөт Эргешов төмөндөгүдөй негиздеди:

- Жети-Өгүздөгү Саруу айылындагылардын чыркыраган чындыкты айткан сөзүнө бийлик кулак салбай, аларга кайра куугунтук жасаганы элди кыжырдантат. Президенттин аймактарды кыдырганда бири-бирине дал келбеген билдирүүлөрү, сөздөрү элди нааразы кылууда. Кыргызстанда эки жолу ынкылап болду.Бирок эки ыңкылаптан кийин президенттердин качып кеткенинен башка эч кандай өзгөрүү болгон жок.

Ал эми коомдук активист Асан Шакиров бийлик сересинде мурдагы кадрлар калып, таза иштегендер жок болуп жатканына, өлкөдө жумушсуздук күчөп, айыл эли үстөгү көп банк насыялары менен жашап калганына нааразы:

- Кээ бир ата-энелер окуунун келишим акчасын төлөп коюп, баласы Орусияда жүрөт. Ошолордон кандай кадр чыгат? Ага бир адам кызыгып койгон жок. Муну биз айтпасак, ким айтат? Беш фракция бири-бири менен бирикпейт. Муну менен биз Кыргызстандын келечегин көрө албай турабыз. Алар эртенки күндү ойлобой атат. Урматтуу биздин президентибиз Орусияга барып келип атат. Орусия жардам берсе, бергендир. Мына газды бердик, эртең аэропортту берели, же болбосо президенттиктен кетирип, биз Орусияга өтөлү дейли. Акырындап ошого баратабыз. Биздин мамлекеттүүлүктү, эртеңки күндү ойлогон адамдын өзү жок.

Анын Орусияга кошулуу жөнүндөгү пикирине Жалал-Абад шаарынын тургуну Каныбек Кудайбердиев каршы чыкты:

- Бирок Орусияга кошулуу дегенге кошулбаймын. Кыргызстандын эгемендүүлүгү үчүн канча адамдын башы сайылып, зорго жеткен нерсени кайра көздүн карегиндей сактоо керек. Кыргызстан эч кимге көз каранды болбой, бүтүн мамлекет бойдон калуусу керек

Бажы биримдигине кирүүнү эл чечсин

Жыйын соңунда сегиз бөлүмдөн турган резолюция кабыл алынды. Резолюцияда Бажы биримдигине кирүүнү элдик референдум жолу менен ишке ашыруу, чек ара кызматын түштүк аймагына көчүрүп, чек араны тез арада тактоо, КСДП фракциясын өкмөт куроодон ажыратуу талаптары бар.

Эгер бул талаптар аткарылбаса уюштуруу тобу саясий кыймыл түзөөрүн Аксы райондук кошмо жыйындын төрагасынын орун басары Жанарбек Надырбеков жарыялады:

- Коррупция менен күрөшүү деген шылтоо менен президент өзүнүн саясий оппонентерине карата куугунтугун токтотсун! Коюлган талаптар аткарылбаса, азыркы бийликтин отставкасын талап кылып, мөөнөтсүз ар кандай акцияларды уюштурууга барабыз.

Чогулушка жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышпаганы да нааразылык туудурду. “Азаттык” кайрылганда, өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Жумагүл Эгембердиева улам бийликке тап бербей, тескерсинче маселени биргелешип чечүү зарыл деген пикирин билдирди:

- Бул жыйындагы талаптар тууралуу айтсак: чек ара чечилбей жатканы - азыр эң татаал жерлери калды. Мындай кылып чечели десек, бир топ элге ыңгайсыз болот экен. Такталган жерлер бар, татаал жерлер калды. Атайын комиссия иштеп атат. Чек араны бир заматта чечүү кыйын маселе. Мен аткаруу бийлигинин өкүлүмүн, чоң саясатка аралашкым келбейт. Кайсы бийлик кызматта болсо да, мен өзүмө бөлүнгөн милдеттерди аткарууга аракет кылам. "Улам эле бийликти алмаштыра бергенден эч кандай тыянак чыкпайт" деп кээ бир саясатчылар айтып жатышпайбы. Анда ушинтип эле кыйналып жүрө беребиз. Турмушту оңдоого эл өзү да аракет кылышы керек.


Элдик жыйын Жалал-Абаддагы Барпы театрынын имаратында өтүп, ага 300 чакты адам катышты.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG