Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Оппозиция биригүүнү күзгө калтырды


Оппозициянын Оштогу митинги. 1-март, 2013-жыл
Оппозициянын Оштогу митинги. 1-март, 2013-жыл

Борбордук шайлоо комиссиясы 20-августа “Ата Журт” фракциясынын мүчөлөрү Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Оппозиция өкүлдөрү өз кезегинде күзгү саясий күрөштүн өңүтүн тактоо үчүн Соң-Көлдө жыйналыш белгилешти.


Жогорку Соттун Ташиев, Жапаров жана Мамытовду айыптуу деп тапкан өкүмүнө ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы алардын депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотту. БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанованын билдирүүсүнө караганда, чечим Конституциянын жана мыйзамдардын талабына ылайык кабыл алынды. Эми БШКнын токтому маалымат каражаттарына жарыяланышы менен ал күчүнө кирип, Жогорку Кеңешке маалымат берилет.

20-августагы БШК жыйынына Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов келген эмес. Жапаровдун айтымында, аларды жыйынга эч ким чакырган жок. Ошондуктан келишкен эмес.

​Ал эми БШКнын чечими да, соттун чечими да саясий болуп калды дейт Садыр Жапаров:

- Жогорку Сот юридикалык чечим чыгарган эмес. Ак үйдүн буйрутма чечимин чыгарган. Анын юридикалык күчү жок. Түз жана туура көз караш менен караганда Жогорку Соттун чечимин юридикалык эмес, саясий чечим деп атоого болот. Борбордук шайлоо комиссиясы да саясий тапшырманы аткарышат. Анткени алар Ак үйдөн көрсөтмө алышат.

Садыр Жапаровдун айымында, алар бул чечимге байланыштуу нааразылык акцияларын уюштурууга ниеттенбей турушат. Оппозициялык күчтөр сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташуу уюмунун саммити тынч өтүшүнө кызыкдар.
Соң-Көлдө 24-августа боло турган жаштардын курултайына катышуу мүмкүнчүлүгүн да четке каккан жок.

Соң-Көлдө боло турган курултайга токтолсок, аны "Бүткүл Кыргызстан" жаштар партиясы уюштуруп жатат. Бул тууралуу курултайдын уюштуруучуларынын бири, “Кутман жол” коомдук бирикмесинин жетекчиси Эрлан Өмүралиев билдирди. Ал курултайда Кыргызстанда биримдик маселеси жана жалпы абал талкууланат дейт:

- Азыркы түзүлүп жаткан жалпы абалды талкуулайбыз. Анын ичинде саясий-экономикалык, социалдык абалга, ички жана тышкы саясатка байланыштуу маселелерди талкуулап, бир тыянакка келели деп жатабыз.

Соң-Көлдөгү курултайга депутаттар, бийлик өкүлдөрү жана саясий партиялар, белгилүү инсандар чакырылган.

КСДП фракциясынын мүчөсү Дамира Ниязалиева аларга чакыруу түшпөгөнүн билдирди. Анын пикиринде, саясатчылар жаштарды күзгү саясий күрөштөргө пайдаланууну көздөп жатышат.

Курултайга катышууну көздөгөн “Чындык” партиясынын лидери Кубанычбек Кадыров курултайда төрт маселе көтөрөрүн билдирди:

- Мен бир төрт маселеге токтолом. Биринчиси - кадрдык башаламандык. Экинчиси - коррупция, Кумтөр жана чек ара маселеси.

Кубанычбек Кадыров ошондой эле оппозициялык партиялар, саясатчылар биригүү алдында экенин кошумчалады. Анын маалыматы боюнча, биригүү боюнча документке сентябрь айында кол коюлушу белгиленүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG