Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Келдибеков: "Ата-Журттагы" көпчүлүк башка партияга кетиши мүмкүн


Өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөргөн башкаруучу коалициянын ичинде саясий соодалашуу жүрүп жатат.

Мындай жол өкмөттүн натыйжалуу иштешин камсыздай албайт деп билдирди “Азаттыкка” курган маегинде Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынан депутаты Ахматбек Келдибеков.

Андыктан ал экономиканы тез арада жөнгө салып, коомдук-саясий абалды туруктуу кармоо үчүн өлкөдөгү бардык саясий күчтөр менен кеңешүү аркылуу эл ишенген кесипкөй өкмөттү түзүү зарылдыгын белгиледи.

"Азаттык": Жайдын аптабына карабастан парламент эс алууга кетсе деле саясатта тыныгуу жоктой. Саясий күчтөр өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин жең ичинен сүйлөшүүдө деген маалыматтар айтылууда. Бул боюнча коомчулукка маалымдай турган жагдайлар белгилүү болдубу?

Келдибеков: Парламенттеги башкаруучу коалицияны бузуу жана өкмөттү кетирүү демилгеси байма-бай айтылып жатат. Парламенттин кезексиз отуруму болобу же болбойбу деген маселе кабыргасынан койулууда. Бул эми башкаруучу коалицияга кирген саясий күчтөрдүн демилгеси.

Алардын өкмөттү кетсин деген демилге менен чыгып жатышы ойлондурат. Анткени буга өлкөнүн экономикасы артына кетип, алты айдын төмөнкү көрсөткүчтөрү жана анын жыйынтыгы менен элдин турмушунун начарлап жаткандыгы негиз болсо керек.

Бирок сентябрда эле парламент эс алуудан келгенден кийин шашпай талкуулап, беш партиянын эле ичинен эмес, бардык саясий күчтөрдүн башын кошуп, элдик ишенимдеги өкмөт түзүлсө максатка ылайыктуу болмок деген ой-пикирибиз ишке ашпай турат. Анткени азыркы мезгилде өкмөт кетсе кайра ким өкмөт башчы болот? Ал кандай негизде куралат деген суроолорго жооп жок болуп жатат. Мындай шартта өкмөттү кетирсек, кайра эле мына ушуга окшогон эле өкмөттү алып келип албайбызбы деген коркунуч бар.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:



"Азаттык": Парламентте 45 депутат өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин күн тартибине койуу боюнча демилгеге кол койуп, бирок ал демилге аягына чыкпай тынчып калды эле. Бул жерде кандайдыр бир саясий соодалашуу болдубу же башка дагы себептер барбы?

Келдибеков: Мында чындыгында эле кандайдыр бир саясий соодалашуу жүрүп жатат. Мындай шек саноого бир топ жагдайлар себеп болду. Анткени мына ошол башкаруучу коалицияга кирген фракциялардын башчылары өкмөттү кетиребиз деп айтып чыгып алышып, анан белгисиз себептер менен тыным алып калганы бул жерде соодалашуу болуп жатат деп айтканга негиз берет. Жакында “Ар-намыс” фракциясынын жетекчиси Ф.Кулов биз өкмөттү кетирүү демилгесин көтөргөн жокпуз деп кийин айтып чыккан билдирүүсү түшүнүксүз ойго жетелейт.

Эми парламенттин ичинде мына ошол маселени кимдер көтөргөндүгү белгилүү да. Бул жерде эки жүздүү саясат жүргүзбөй, өкмөттү кетирүү демилгесин көтөргөндөн кийин анын аягына чейин чыгарыш керек да. “Өкмөт кетсин, эптеп эле ушуну кетиришибиз керек” деген принцип туура эмес. Себеби аны кетиргенден кийин кайсы өкмөт келет? Аны ким түзөт?

"Азаттык": Кадр саясаты демекчи, мурда Акаевдин анан Бакиевдин кадрларын сындап жүрүшкөн айрым саясатчылар өздөрү бийликке келгенден кийин алардан айырмаланбаган кадр саясатын жүргүзүп жатышынын сыры эмнеде? Же адам оппозицияда туруп алып ачуу сындап кыйкырып, бирок бийликке келген соң көздөрүн май басып калабы?

Келдибеков: Туура, тилекке каршы, биринчиден, бийликке келгенде көздөрүн май басып калат экен. Экинчиден, бизде бөлүнүп-жарылып, жаатташуу аркылуу кадр саясатын жүргүзүп, “ал бизге тиешелүү эмес, өзүбүздүн балдардан алып кел” деп анын кимдигине эмес, жердигине карап отуруп ушул абалга келдик.

Адистин билим деңгээли кээ бир биздин жетекчилерди кызыктырып да койбойт. Аларга итчесинен жан-дили менен кошомат кылып, кызмат кылса болду. Адистин колунан иш келеби-келбейби ага кызыгышпайт. Ошентип отуруп өлкөдөгү кадрдык потенциалды жоготуп алдык.

"Азаттык": “Ата-Журт” партиясынын курултайына келбей коюшуңуздун чыныгы себептерин өз оозуңуздан уксак болобу?

Келдибеков: Аталган курултайда кайсы маселелер каралаарын, ал кандай шартта өтө тургандыгын алдын-ала айтып, макулдашып, кеңешип коюшса деле болмок. Мен ошол партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири болгонума карабай, бир күн калганда телефон чалып, “курултайга келип кет" дешкени алардын деңгээлин көрсөтүп турат. Ошондуктан мен ал деңгээлге түшкүм келбейт.

Парламенттик шайлоонун алдында ар бирибиз ар бир аймак боюнча координатор болуп туруп, “кимибиз шайлоочулардын көп добушун топтоп көп мандат алсак, ошонубуз келечекте партиянын лидери болот" деп жигитчилик келишимге келген элек. Бирок кийин андай болгон жок. Бирок мен партияга жалгыз лидер болоюн деген деле оюм жок. Болгону кезексиз деп чакыртылган курултайды жобонун негизинде өткөрсө болмок. Бул эми ошондой болуп калды. Бирок мен ага анча деле капа болбойм.

"Азаттык": Бир кезде партиянын үч теңтөрагасы бар экендиги жарыяланган болчу. Садыр Жапаров өзүнүн төрагалык милдетин өз ыктыяры менен өткөрүп бергендиги кечээги курултайда жарыяланды. Бирок сиздин теңтөрагалыгыңыз эмне болгондугу белгисиз калды. Сиз өзүңүз кызыгып көрдүңүзбү?

Келдибеков: Мен да буга таң калдым. Себеби партиянын аппарат жетекчиси “мурдагы жобо боюнча да, азыркысы боюнча да партияда теңтөрагалык болгон эмес деп” айтып жатпайбы. Анда учурунда Жапаров да, Ташиев да, мен да партияга теңтөрага болгон эмес экенбиз да. Теңтөрагалык бизди партиянын саясий кеңешинде чечкенбиз. Бул боюнча тиешелүү протоктолдор бар. Парламенттик шайлоонун алдында гана С.Жапаровго төрагалык милдетти убактылуу аркалоону тапшырган болчубуз.

"Азаттык": Камчыбек Ташиев "парламенттик шайлоонун алдында партиялык тизме түзүүдө жаңылган экенбиз, мындан ары партиянын катары тазаланат" деп билдирди. Бирок сиз кайсы бир гезитке курган маегиңизде “Ата-Журттун” катарын эч ким тазалай албайт” деп жооп берипсиз. Буга кандай негиздер бар?

Келдибеков: Мыйзам боюнча депутат императивдик мандатка ээ. Өзүнүн арызынын негизинде эле мандатын тапшырып кетпесе, анын колунан эч ким ал мандатты алып койо албайт. Анан партиялык тизме түзүүдө жаңылган экенбиз дегендин өзү жаңылыштык. Анткени биздин партия шайлоодо жеңишке жетишип, 28 мандат алганга мына ошол ар бир депутаттын эмгеги бар. Аны эч ким тана албайт.

"Азаттык": Партиянын ичинде ажырым болгону көрүнүп калды. “Ата-Журт” фракциясына кирген Курманбек Осмонов менен Жылдыз Жолдошева “эгерде мына ушундай боло берсе, партиянын калган башка бир мүчөлөрү өздөрүнчө курултай чакырышы мүмкүн” деп кыйытты. Анда бул ич ара талаш-тартыш кандайча чечилет?

Келдибеков: Эми андай болбойт деп эч ким айта албайт. Ушундай мамиле улана берсе, биздин партиянын көпчүлүк мүчөлөрү башка партияларга өтүп кетиши мүмкүн. Же болбосо өздөрүнчө партия түзүп чыгуу мүмкүнчүлүгүн да жокко чыгара албайм. Ошонун айынан урушуп-талашып, жаман-жакшы айтышкандын кажети жок.

XS
SM
MD
LG