Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:34

Митингдерди тыйса болобу?


Өкмөт митингдерди өткөрүүгө үч жылдык мораторий киргизүүнү оппозицияга сунуштады. Митингдерге убактылуу тыюу салуу аркылуу бийлик өлкөдө тартип орното алабы?

“Арай көз чарай” талкуусуна өкмөттүн маалымат бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаров жана укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров катышты.

“Азаттык”: Өкмөт оппозицияга сунуштаган кызматташуу тууралуу меморандумда митингдерге 3 жылдык чектөө киргизүү тууралуу да айтылыптыр. Бул жарандык коомдо түрдүү пикирлерди жаратып, адам укугун чектөөгө жатат деген ойлор айтыла баштады.

Каназаров: Пикет, митинг же нааразылык иш-чарасы деген эмне? Эгер оппозиция бийликке талаптарын жеткире албаса, алардын сөзүн бийлик укпаса, укуктарын бузса, айдаса, камаса, айла жоктон ошол маселеге коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн көчөгө чыгыш керек.

Азыр абал андай эмес, өкмөт менен оппозициянын, укук коргоочулардын жана башкалар менен байланыш көйгөйү жок. Атүгүл мен “Эркин-Тоо” гезитине чалып, Ташиевден интервью алгыла, аларга да маалымат мейкиндигин бергиле деп талап кылгандан кийин алар бир бетке толугу менен оппозициянын лидери менен маекти жарыялашты.

Дагы бир нерсени айтам: оппозиция Ошто, Баткенде митинг өткөрүп, өкмөткө талап коюшкан. Бирок ошол талаптары бизге расмий түрдө түшкөн жок. Ошондуктан биз аларды митинг-пикети жок эле теле-радио болобу, кайсы жерде болбосун бир столго отуруп, сүйлөшөлү деп атабыз. Эгер сүйлөшкүңөр келбесе, анда көчөгө чыгып кыйкыра бергиле деп да айтып атабыз.

Токтонасыров: Бийликтегилер тынч жыйындарды өткөрүүгө мораторий жарыялап атат деген маалыматты мен туура эмес кабыл алдым. Анткени бул түздөн-түз адам укугун бузууга жатат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Эгер өкмөт элдин талабын угуп, аны аткарууга даяр болсо, анда азыр уюштурулуп жаткан пикет-митингдерге кандай муктаждык бар? Мисалы, сиз деле чыгып атпайсызбы?

Токтонасыров: Кыргызда “шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт” деп койот, ошол сыңары бүгүн Өкмөт үйүнүн алдына нааразылык билдирип, талаптарын коюп чыгып атканы жөн жерден эмес. Демек жогору жактагылар аларга анча маани бербегенинен, алардын сөзүн укпагандыктан улам аргасыз чыгып атышат.

“Азаттык”: Пикет, митингдерге чектөө киргизүү менен өкмөт өлкөдө тартип орнотууну көздөп жатабы, же өз бийлигин жоготуп алуудан коркуп жатабы деген суроо коюлду. Султан мырза, чынында мындай сунуш берүүнүн эмне зарылчылыгы бар эле?

Каназаров: Өкмөт азыркы оппозиция өткөрүп жаткан митингдерден коркпойт. Өкмөттү тынчсыздандырган маселе – сырттан келип жаткан инвестиция. Анткени чет өлкөлүк ишмерлер акчасын саясий жактан стабилдүү болбогон өлкөгө бергиси келбейт. Мына ошолорду чочулатып коюп жатат. Биз көрүп турабыз, өтүп жаткан митингдер тынч мүнөздө болуп жатканын. Бирок тышкы инвесторлорду буга ишендирүү кыйынчылыкка турууда.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG