Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Мелис Мырзакматов кызматтан алынды


Мелис Мырзакматов "Азаттыктын" студиясында, 17-январь, 2013.
Мелис Мырзакматов "Азаттыктын" студиясында, 17-январь, 2013.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен бүгүн Мелис Мырзакматов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан бошотулду.

Ош шаар башчысынын милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматовдун Бишкекке чакыртылганы бүгүн эртең менен белгилүү болгон. Ал эми түшкө жуук премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Мырзакматовду кызматтан бошоткон буйрукка кол койду. Өкмөттүн маалымат кызматы бул Ош шаар мэрлигине жакында боло турган шайлоого байланыштуу кабыл алынган чечим экенин, мэрди бошотууда өкмөт башчы конституциялык укугунан пайдаланганын билдирди. Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен Ош шаар башчысынын милдетин аткаруу вице-мэр Алимжан Байгазаковго жүктөлдү.

Митинг "эбепке-себеп" болдубу?

Мелис Мырзакматовдун кызматтан алынышын айрым саясатчылар дароо эле анын 2-декабрда Оштогу митингде сүйлөгөн сөзүнө байланыштырып жиберди. Ал анда камалган депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери уюштурган митингге чыгып, өлкө бийлигинин дарегине катуу сын пикирлерди айткан.

- Бул коррупция эмес. Мына “Кыргызгазды” бир долларга 65 депутат сатып жиберди. Мына ошол коррупция. Бүгүн Кумтөрдү чечпей атышат, элдин пайдасына иштетпей атышат. Ошол коррупция. Анан тескери сүйлөгөндөрдү, айыбын бетине айткандарды камап жатат. Бул коррупцияга каршы күрөш эмес, - деп айткан Мелис Мырзакматов мындан башка да бир топ сөздөрдү айтып, Келдибековдун тарапкерлерин колдоорун билдирген.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев да Мырзакматовдун кызматтан алынышын Оштогу ошол митингдин мазмунунан көрөт.

- Ош шаарындагы митингде кээ бир жарандар төңкөрүш жасоо жана конституциялык түзүмдү күч менен өзгөртүү сыяктуу чакырыктарды түздөн-түз митинг жүрүп жаткан кезде жана ЖМКлар аркылуу жасады. Ошондой эле алар сөз менен гана чектелбестен, басып алууга болгон аракеттер, күч колдонуулар жана укук коргоо органдары менен тирешүүлөр да орун алды. Мэрдин милдети буларга түздөн-түз жол бербөө, мыйзам бузган жана мамлекеттик коопсуздукка коркунуч жараткан жана мыйзамсыз чакырык жасаган адамдарга чара көрүп, аларды мыйзам алдында жоопко тартуу болчу. Балким Мырзакматов өзүнө коюлган ушул талаптарды аткара албады, мамлекеттин кызыкчылыгы жана коопсуздугу деген түшүнүктөргө туура баа бере албады деген пикир премьер-министрдин чечимине түрткү болушу мүмкүн.

Мелис Мырзакматов Ош шаарынын мэрлигине 2009-жылы, Бакиев бийлигинин тушунда келип, 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин да ордунда калып калган. Ошол жылдын августунда болсо борбордук бийлик Мырзакматовду кызматтан алганы тууралуу кабар тарап, анын жактоочулары нааразылык акциясына чыгышкан. Ошондо (20-август, 2010 ) Убактылуу өкмөттүн вице-премьер-министри Азимбек Бекназаров Ош шаарынын борбордук аянтында чогулган миңдеген адамдардын алдында Мелис Мырзакматовдун мэр кызматында кала берээрин жарыялоого аргасыз болгон.

Кайра келиш үчүн кеттиби?

Мелис Мырзакматов мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу быйылдан тарта шаар башчынын милдетин аткаруучу болуп калган. "Ош шаарынын макамы" тууралуу мыйзамды кабыл алуу кечеңдешине байланыштуу шаар башчысын шайлоо да белгисиз болуп жаткан. Жакында парламент бул мыйзамды кабыл алып, президенттин кол коюусуна жөнөттү.

Депутат Өмүрбек Текебаев алдыдагы шайлоодо Мелис Мырзакматов утуп чыгып, кайрадан мэрликке келүү мүмкүнчүлүгү бар экенин четке какпайт:

- Бир жылдан бери шайлоо болбой, Мелис Мырзакматов Ош шаарынын мэринин милдетин аткарып келди. Анткени жаңы мыйзам күчүнө кире элек. Ал эми эски мыйзам боюнча мэрдин талапкерлигин президент гана жылдырат экен. А президентте бүгүн аны жасоо укугу жок. Ошон үчүн жаңы мыйзамды күтүп, бир жылдан бери шайлоо дайындалбай келди. Президент жакынкы жумаларда "Ош жана Бишкек шаарларынын статусу" жөнүндөгү мыйзамга кол коёт деп күтүп турабыз. Мыйзамга кол коюлуп, күчүнө киргенден кийин 10 күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо күнүн жарыялаш керек. Ошондон кийин 20 күн аралыгында Ош жана Бишкек шаарларынын мэрлиги үчүн шайлоо өтүшү керек. Жөнөкөй эсептөөлөр боюнча, январдын биринчи жарымында шайлоолор болуп өтүшү керек. Мелис Мырзакматов Оштогу кадыр-баркы бар адам жана элдин ишенимине ээ болгон жетекчи катары алдыдагы мэрлик шайлоого катышып, жөн гана катышпастан утуп чыгууга мүмкүнчүлүгү бар.

Ошентип учурда Мелис Мырзакматовдун иштен алынышы коомчулукта түрдүүчө талкуулана баштады. Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын жетекчиси Назарали Арипов болсо Мелис Мырзакматов бирде оппозицияга, бирде бийликтин пайдасына иштеп келгени анын кетишине себеп болду деп эсептейт:

- Бул премьер-министрдин чечими болду. Мырзакматов бийликте тургандан кийин же биротоло бийликте, же биротоло оппозицияда болуш керек болчу. Эки тарапка тең бирдей ойногон болбойт да.

Саясат таануучу Марс Сариев болсо Мырзакматов Оштун мэрлигине кайра кайтып келиш үчүн кетти деген пикирде:

- Мырзакматов менен борбордук бийликтин ортосунда компромисc болду. Мырзакматов саясатчы катары кырдаалды абдан жакшы түшүнүп турат. Ал азыркы учурда Акматбек Келдибеков менен тандем түзүп, биротоло оппозицияга кетсе утулуп калаарын билип турат. Андан көрө күтө туруп, Ош мэрин шайлоого өзүнүн талапкерлигин коюп, утуп чыгып, кайра келиши мүмкүн. Анткени андан башка талапкер бул шайлоодо ута албайт деп ойлойм. Азыркы жагдайда бийлик утуучу позицияда болуп турат.

Ал эми Ошто Мелис Мырзакматовдун иштен алынышына байланыштуу эл арасында кооптонуу пайда болду. “Интербилим" бейөкмөт уюмунун Оштогу өкүлү Гүлгаакы Мамасалиеванын айтымында, буга Мырзакматовдун эмне себептен кызматтан алынганы тууралуу так маалыматтын жоктугу себеп болууда. Бул ойго Оштогу “Адам укуктары жана демократия” борборунун жетекчиси Идирис Кубатбеков да кошулат:

- Шаардагы жөнөкөй тургундардын арасында “Мырзакматов чын эле кызматтан алындыбы, аны ким, эмнеге алып салды” деп ага жан тарткан сезимдер менен кошо кооптонуу пикирлерин айткандар болуп жатат. Ал эми айрым кызматтагы адамдар арасында жана саясий чөйрөдө болсо “Мырзакматов 2-декабрда Ош шаарында өткөн митингде калпысырак сүйлөп койду. Мамлекеттик кызматтагы адам антип сүйлөбөшү керек эле. Ошол себептен алынган окшойт” деп айтышууда. Бүгүнкү күндө ушул сыяктуу эки ача пикирлер болууда.

Бул арада Ош мэриясынын алдына Мырзакматовдун эки жүздөй тарапкери чогулуп, анын кайда экенин, ал кызматтан эмне себептен алынганын түшүндүрүүнү талап кылды. Милиция чогулгандарды имараттын ичине киргизген жок. Мэрдин милдетин аткаруучу болуп жаңы дайындалган Алимжан Байгазаков Мелис Мырзакматов Бишкекте экенин, эртең Ошко келип, эл менен жолугуп, баарын айтып берээрин айткандан кийин чогулгандар тарап кетти.

Тасмада: Мелис Мырзакматовдун тарапкерлери

Ош: Мырзакматов кайда?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:07 0:00


Мелис Мырзакматов алдыдагы шайлоого талапкерлигин коёр-койбосун азырынча ачык айта элек. Бирок ал негизги талапкерлердин бири катары аталууда.

Ош шаар башчысын шаардык кеңеш шайлайт. А шаардык кеңеште Мелис Мырзакматовдуку делген "Улуттар биримдиги" партиясынын депутаттары көпчүлүк коалицияны түзөт.

Макаланы даярдоого кабарчыларыбыз Заирбек Бактыбаев менен Эрнис Нурматов көмөктөштү.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG