Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Жалал-Абад: Президентке арыз-арманын айта албагандар арбын болду


Президент Роза Отунбаева “Кыргызнефтегаз” ишканасынын мунай бургулоочу жаңы жабдуусун ишке киргизүү алдында сөз сүйлөөдө, Жалал-Абад облусу.
Президент Роза Отунбаева “Кыргызнефтегаз” ишканасынын мунай бургулоочу жаңы жабдуусун ишке киргизүү алдында сөз сүйлөөдө, Жалал-Абад облусу.

26-мартта президент Роза Отунбаеванын Жалал-Абад облусундагы эки күндүк иш сапары аягына чыкты.

Президент Роза Отунбаеванын облуска болгон иш сапары алдын-ала түзүлгөн иш тизмесине ылайык өттү. Өлкө башчысы расмий жолугушууларга чакырылган адамдар менен гана баарлашты, андай кездешүүлөргө катыштырылбаган жөнөкөй жарандар президентке көйгөйлөрүн айта алышкан жок. Жадесе өлкө башчысы “Кыргызнефтегаз” ишканасынын мунай бургулоочу жабдуусун ишке киргизгенде да ал мекеменин көйгөйлөрүн айтчуларга сөз берилбеди.

Роза Отунбаева бул ишкананын айланасындагы кырдаал менен тааныш экенин билдирди:

- Жалал-Абад облусунда мунай чыгып жатат. “Кыргызпетролиум” ишканасы менен бирге мунай менен камсыз кылып жатканыңыздар – бул абдан маанилүү факт. Кыргызстанда бул жагынан баары жетишсиз, күйүүчү майлардын баары Россия, Казакстандан келип атат. Бүргөндү массивинде да маселелерибиз бар, ал маселелер чечиле элек. Мобу Жалал-Абад биз үчүн абдан маанилүү, берекелүү жер. Жаңы орнотулган жабдуу менен жыл аягына чейин жүз тонна нефть чыгарабыз деп, азыр эле айтып кетти, генералдык деректир, - деп сүйлөдү президент ишканага караштуу “Майлуу-Суу-4“ бургулоо аянтына коюлган мунай бургулоочу жаңы жабдууну ишке киргизээр алдында тоо арасына жыйналган элдин астында.

Мекемеде түзүлгөн элдик комитеттин төрагасы Муктар Артыкбаев “Азаттыкка” тармактык бийликтердин ишкананын ишине кийлигишкенине эмгек жамааты нааразы экендигин ачыктады.

Бийлик башындагылар аймактарга келип-кеткиче жергиликтүү эл менен кызмат адамдары чоң түйшүккө батат. Ага даярдык көрүү максатында кыйла адам өз жумушунан алаксыйт. Муну президентти коштогон журналисттердин бири Адилет Айтикеев да байкаган. Анын ырасташында, аксакалдар менен жүздөгөн жумушчуларды Кочкор-Ата шаарынан кыйла ыраак адыр ичинде болгон мунай иштетүү аземине жол түйшүгүн тарттырып, чогултуунун зарылчылыгы жок болчу.

Кеңешмени эки сааттан ашык күткөн облустагы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү убакыт тартыш болгондуктан өз түйшүктөрүн азын-оолак президентке билдирген болушту. Жалал-Абаддагы “Аялзат” борборунун төрайымы Турдукан Аманова жаштардын көйгөйлөрүнө көңүл бурулбай жаткандыгына токтолсо, Сузактагы “Аймира” коомдук корунун жетекчиси Анаркүл Машаева социалдык буюртма мыйзамы иштебегендиги коомдук уюмдардын ишине жолтоо болуп жатканын белгиледи.

Иш сапары жыйынтыкталар күнү президент Роза Отунбаева Сузак районундагы балдар үйүнөн кабар алды. Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция куруп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушун, Барпы чек ара тозотунун имаратын көрүп, облус жаштарынын форумуна катышты. Облуска чакыртылган район-шаар коомчулугу менен болгон кездешүүдө алдыда турган милдеттерге токтолду.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG