Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:09

Жогорку Кеңеш: Төрагалык үчүн күрөш күчөдүбү?


Кыргыз парламенти.
Кыргыз парламенти.

КСДП фракциясы ЖК иш башкармалыгы депутаттарга тиешелүү үйлөрдү башка адамдарга берип келгени сыяктуу кыңыр иштер ачыкталганын айтып чыкты.

Бул тууралуу парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын 23-ноябрдагы жыйынында айтылды. Депутаттар парламенттин иш башкармалыгы каражатты да мыйзамсыз коротуп келгенин сынга алууда. Иш башкармалыктын жетекчилиги айрым кемчиликтер бар экенин айтып, бирок дооматтардын көбүн четке какты.


Иш башкармалык эмнени жашыргысы келди?

Мен депутаттар жашаган үйдө жашайм. Ал жерде чындыгында эле депутат эмес башка адамдар да жашайт...
Акылбек Султанов

Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы өздөрүнүн каржылык баяндамасын жабык кароону Социал-демократтар фракциясына сунуштады. Бирок буга социал-демократтар макул болгон жок.

- Иш башкармалыктын башчысы, сиз сандардан коркпошуңуз керек. Корккондой эмне, жалган эсептерди бердиңиз беле? Биз азыр саясий жагын, моралдык жагын карайбыз, - деди депутат Дамира Ниязалиева.

Талкуу учурунда депутаттарга тиешелүү делген үйлөрдө башка эле адамдар жашап жаткандыгы да маалым болду. Социал-демократтар фракциясынын депутаты Акылбек Султанов мындай дейт:

- Мен депутаттар жашаган үйдө жашайм. Ал жерде чындыгында эле депутат эмес, башка адамдар да жашайт. Мен билгенден эки батирде башка адамдар жашайт. Менин оюмча, ошолор да депутаттык “kg” номуру менен жүрүшөт.

Ошондой эле депутаттар төрага Акматбек Келдибековдун 33 коомдук кеңешчиси бар экенин айтып чыгышты. Анын баары өз машиналарына депутаттар гана алып жүрүүгө укуктуу болгон “kg” үлгүсүндөгү номурларын тагып алышканын белгилешти.

Депутат Данияр Тербишалиевдин айтымында, алардын арасында ишкерчилик менен алектенген чет элдик жарандар да бар.

- Мына, Кытайдын жараны, спикердин коомдук кеңешчиси Тен деген мырза “00156 kg” деген номурлуу Lexus-470 үлгүсүндөгү унаа менен жүрөт экен. Өзү болсо таш көмүр менен алектенет. Эмне үчүн төрага Кытайдын жаранын коомдук кеңешчи кылып алды? Экинчиден, эмне себептен ага “kg” үлгүсүндөгү номурларды берип жатасыз?


“Жана башка чыгымдарга” эле 20 млн. сом


Ал эми парламенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Роман Касымов спикердин коомдук кеңешчилери боюнча түшүндүрмө берип, аларга эч кандай айлык акы төлөнбөсүн билдирди. Ал буга чейин берилген мамлекеттик “kg” үлгүсүндөгү номурлар чогултулуп жатканын айтып, айрым кемчиликтер болгондугун мойнуна алды.

- Биз чындыгында ката кетирдик деп мойнубузга алып, аларды оңдоп жатабыз. Ошондуктан сунуш киргизип, карама-каршылыктардын баарын бир тартипке келтирели деп жатабыз. Себеби мыйзамдардын баары бири-бирине кайчы келет.

Депутаттардын айтымында, Жогорку Кеңештеги пардаларга 2 млн. 508 миң, депутаттардын машиналарынын дөңгөлөктөрүн алмаштырууга 5 млн. 451 миң сом, мындан тышкары “жана башка чыгымдарга” деп 20 млн. 851 миң сом коротулган. Ошондой эле чет элдик делегацияны тосуп алуу учурунда транспорт үчүн 2 млн, чет өлкөгө чыкканда спикердин белектери үчүн деп 5 млн. сом каралган.

Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын жетекчиси Роман Касымов белектер боюнча буларга токтолду:

- Мисалы, жакында Санкт-Петербургга барганда эле төраганын беш жолугушуусу болду. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, парламенттик өлкө болгондон кийин статусту да кармаш керек. Бул биздин эле ишибиз эмес, мамлекеттин статусу болуп жатат. Эгер төрага ал жакка барып, эч нерсе белек бере албаса кандай болот? Себеби протоколдо белектерди берүү деген учур бар.

Ошондой эле Роман Касымов жаңы имаратка көчүүдө жана оңдоп-түзөөлөргө да көп каражат жумшалганын белгиледи.


Төраганын фондуна күмөн саноо


Социал-демократтар Жогорку Кеңеш төрагасынын фондундагы акча кандайча жумшалып жаткандыгына да кызыгышып, анын ачык-айкын жана тазалыгынан да күмөн санашууда. Парламенттин маалымат катчысы Шайырбек Маматокторов төраганын фонду боюнча “Азаттыкка” буларды айтты:

- Оорукчан балдарга, жазуучулардын мааракелерине, эстеликтерге жана Сүймөнкул Чокморовдун фондуна жардам берилди. Айтылуу Курманжан Датка энебиздин мааракесине берилди. Каражаттардын баары бей-бечараларга, муктаж адамдарга жардам берүүгө кетип жатат. Бул жөнүндө маалыматтар бар.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековдун маалымат катчысы Асел Алиева спикерлик орун үчүн күрөш башталганын билдирип, Келдибековго карата айтылган сындарды негизсиз деп атады.

2011-жылы Жогорку Кеңештин бюджети 428 млн. сом деп бекитилип, кийинчерээк кошумча 283 млн. сом бөлүнгөн. Акырында жалпы жылдык бюджети 747 млн. сомду түзгөн. Парламенттин 2012-жылдагы бюджети болсо мындан да көбөйүп, 889 млн. сом болоору болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG