Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

"Атамекенчилерди" айыптоонун чын-төгүнү чыгабы?


Абдулла Юсуповдун билдирүүсүн териштирүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын иши илгерилебей жатат.

Ошол эле учурда мурунку премьер Өмүрбек Бабанов түзгөн өкмөттүк комиссия, анын аткарган иши да белгисиз. Бул тууралуу 19-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.

Апрель окуяларынан кийинки талап-тоноочулук боюнча айыпталып, тергөө абагында отурган Юсупов мындай иштерге азыркы “Ата Мекен” фракциясынын төрт депутатынын көрсөтмөсү менен барганын айтып чыккан эле.

Депутаттык комиссия түзүлгөндөн тарта төрт жолу жыйын курган экен. Бирок комиссия төрагасы Курманбек Осмонов тиешелүү маалымат алалбай жатканын билдирди. Ал өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнөн мекемелер аралык комиссиянын иши тууралуу да сурады:

- Тийиштүү укук коргоо органдарга, өкмөткө кат жөнөткөнбүзгө карабай бүгүнкү күнгө чейин жооп алалбай жатабыз. Комиссия иштеп атат. Ашырбек Мойдунович (ред. парламенттеги өкмөттүн өкүлү), Момуналиев деген аппарат башчыңар бар. Ошонун атына кат жөнөтүлгөн. Бабанов өзүнүн буйругу менен Юсуповдун көрсөтмөсү тууралуу ошол талап-тоноочулукту текшерүү боюнча мекемелер аралык комиссия түзгөн. Биз ошол буйруктун көчүрмөсүн алалбай жатабыз. Ал комиссия түзүлгөнбү, же түзүлгөн эмеспи? Түзүлсө иштедиби, же иштеген жокпу? Бизге кенен жооп берсин.

Бул боюнча “Азаттык” да бир нече жолу аракет кылып, өкмөттүн өкүлдөрүнөн комментарий алалган жок.

Парламенттин жыйынында депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрүн алмаштыруудан да талаш чыкты. “Ар-намыс” фракциясынан көрсөтүлгөн Анвар Артыковдун ордуна башкасы сунушталды. Буга “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен Анвар Артыковдун келишпес мамилеси себеп болуп жатат деген доомат айтылды.

Артыков комиссиядан четтеттүү чечими өзү жокто кабыл алынганын, Юсуповдун билдирүүсун териштирүү атайлап кечиктирилип жатканын айтып чыкты:

- Фракция чечим кабыл алганда мен жок болчумун. Мага эч ким бул жөнүндө айткан эмес. Бирок кеп анда деле эмес. Алмаштырсаңар алмаштыра бергиле, буга деле каршылыгым жок. Бирок комиссия иштей баштагандан бери анын ишин үзгүлтүккө учуратам, тоскоолдук кылам, чоюп отуруп ишин аягына чыгарбайм деген ойлор сезилип турат. “Артыков Текебаевдин душманы экен, объективдүү боло албайт экен”, деген күнөө коюлуптур. Урматтуу кесиптештер, Текебаев менен жакалашып, же кубалашып жүргөнүмдү, сен-мен деп айтышканымды качан көрдүңөр? Ооба, эки-үч жолу трибунадан талаш-тартыш болгондо эки ыңгайсыз суроо бергем. Эми андай суроону бардыгыңар эле берип атасыңар да...

Бирок добушка салганда Артыковду башкага алмаштыруу тууралуу сунуш өткөн жок

Комиссия ушул айдын башында түзүлгөн. Талдоочу Эмил Жураев мындай талаш-тартыштуу маселелер боюнча комиссия түзүү кыргыз парламентинде кеңири жайылган көрүнүш экенин, бирок дайыма эле иши майнаптуу боло бербесин эске салды:

- Бул комиссия азыркыдай кырдаалда эч нерсе чече албайт. Биринчиден, апрель окуяларынан айланасындагы канча кылмыш иштер иликтенип жатты. Башкы прокуратура өзү деле талдап аткан. Бирок натыйжа деле көргөн жокпуз. Депутаттык комиссия биринчиден, кылмыш иштерин талдай албайт. Бул иштерди кайра эле талдоочу органдарга, прокуратурага, милицияга тапшырат. Анын негизинде кандайдыр бир жаңылык табат, жаңы жагдайларды ачат дегенге ишенүү өтө кыйын.

Учурда Бишкекте №1 тергөө абагында отурган Абдулла Юсупов жергиликтүү НТС телеканалына курган маегинде апрель окуяларынан кийин талап-тоноо иштерин уюштурууга "Ата Мекен" партиясынын төрт депутатынын тиешеси бар деп билдирген болчу. "Атамекенчилер" мындай дооматтардын баарын четке каккан.

Азыр атайын прокуратура Юсуповдун түрмөдө отуруп алып берген интервьюсуна байланыштуу Жаза аткаруу кызматына кылмыш иш козгоп, териштирип жатат.

XS
SM
MD
LG