Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

Коалиция чачырады, кайра жыйноо башталат


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

2-декабрда Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясы коалициялык көпчүлүктөн чыкты. Мындай кадам бир жыл мурда түзүлгөн коалициянын тарашын шарттады.

Эми жаңы коалицияны кайсы фракция түзөөрүн жаңы президент Алмазбек Атамбаев аныктайт. Бул аралыкта “Республика” фракциясы өз талабын коюп жатканы кабарланды.

КСДП коалициядан чыкты

Социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка киришери менен партиядан чыкканын жарыялады. Ал эми 2-декабрда парламенттеги Социал-Демократтар фракциясы коалициядан чыкты.

Бул фракция соңку коалициялык көпчүлүктүн кеминде үчтөн бирин түзгөндүктөн Жогорку Кеңеште бир жыл мурда түзүлгөн КСДП, “Ата-Журт” жана “Республика” фракцияларынан турган коалициянын тарап кетишин шарттады.

Фракция жетекчиси Чыныбай Турсунбеков мындай чечимди эски коалициянын чабал иштегени менен түшүндүрдү:

Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков
- Негизги себеби коалиция ойдогудай иштей алган жок. Көп маселелер боюнча, өзгөчө сот системасы, экономикалык маселелер боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыга алган жокпуз. Ошон үчүн бул коалицияны жаңыртуу керек. Мындай тартипте иш улантуу болбойт деп биз жыйынтык чыгардык.

Анын үстүнө азыр өлкөнүн алдында жаңы милдеттер турат. Жаңы өнүгүү этабына кирдик. Ошол жаңы шартка байланыштуу да сөзсүз түрдө жаңы коалиция түзүлүшү керек деп эсептейбиз.


Баш мыйзамга ылайык, коалициялык көпчүлүк тарагандан кийин президент Жогорку Кеңештеги беш фракциянын бирине жаңы коалицияны түзүү укугун берет. Коомдук-саясий чөйрө Атамбаев мындай укукту өзүнүн мурдагы үзөңгүлөштөрүнө берет деген ишенимде турат. Бирок бул божомол расмий тастыкталган жери жок. Президенттин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Нарынбаев:

- Азырынча белгилүү эмес. Алдын ала белгилүү болушу да мүмкүн эмес. Себеби бир гана фракцияга жөндөн жөн гана тапшырбастан, максаттарын аныктап, курала турган өкмөттүн алдында кандай максаттар, кыйынчылыктар турарын тактап, кылдат талдап гана бир чечимге келиши керек.

Талаптар белгилүү болууда

Жаңы курала турган өкмөттүн тагдыры дал ушул түзүлө турган коалициянын колунда. Ага жараша парламенттеги фракцияларда ар кандай саясий жүрүштөр активдешүүдө.

“Республика” Бабановду премьерликке сүрөйт.
“Республика” Бабановду премьерликке сүрөйт.
Маселен, “Республика” фракциясы биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Өмүрбек Бабановдун премьер-министр болуп калышына кызыкдар. Бул тууралуу “Азаттыкка” фракция лидери Канат Исаев билдирди:

- Мен ойлойм, биздин фракциянын чечими Өмүрбек Бабановду премьер-министрликке көрсөтүү болуп саналат. Эми бул сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечилет.

“Ата Мекен” фракциясы болсо өкмөт башчылыкка партиянын тизмеси менен парламенттик шайлоого катышкан, мурдагы вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевди сүрөөрүн айрым маалымат булактары жазып чыгышты. Айрым талдоочулар буга чейин оппозицияда жүргөн “Ата Мекен” фракциясы коалицияга кирүү сунушталса, парламенттин төрагалыгына өз лидерин көрсөтүү шартын коюшу мүмкүн деп жоромолдошууда.

Буга чейин “Ата Мекен” коалицияга бешинчи фракция болуп кирбей турганын билдирген. Фракция лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” фракциянын расмий позициясы президенттин чечиминен кийин гана жарыяланарын билдирди:

- Расмий түрдө эч кандай сүйлөшүүлөр болгон жок. Анткени президент коалициялык көпчүлүктү түзүү боюнча эч бир фракция тапшырма бере элек. Расмий процесс башталганда биз өз позициябызды билдиребиз.

Колицияга кирүүгө ынтызарлар

Оппозициядагы дагы бир фракция “Ар-намыстын” басымдуу бөлүгү коалициялык көпчүлүккө кирүүгө кызыкдар. Депутат Токон Мамытовдун билдиришинче, фракциядагы 25 депутаттын 14ү жаңы коалицияга кирип, КСДП фракциясын колдоого макул болушту. Буга чейин экиге бөлүнүп кеткен бул фракциянын дагы бир лидери Феликс Кулов позициясын толук ачыктай элек.

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев
Таркатылган коалицияда көпчүлүктү түзгөн “Ата Журт” да коалицияга кирүүгө ынтызар. Фракция лидери Камчыбек Ташиевдин айтымында:

- Бардык нерсе болушу мүмкүн. Бирок мен ойлойм, биз, “Ата-Журт” фракциясы, оппозицияда эмес, коалициянын ичинде калууга карата сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылабыз.

Бул аралыкта “Ата-Журт” фракциясын оппозицияга кетирүүгө кызыкдар саясий күчтөр бар экени да айтылууда. “Ата-Журттун” лидерлеринин бири, азыркы төрага Акматбек Келдибеков менен “Ата-Мекен” фракциясынын ортосундагы тирешүүлөр ушундай аңыз кепке жем таштагандай болду.

“Ата Мекендин” төрагасынын мыйзамсыз иштерге барды деген айыптоолорун Келдибеков төрагалык кызматка көз артуу катары баалады. “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев мындай дооматты четке какса, Акматбек Келдибековдун таламын талашкан алайлык аксакалдар Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, атайылап каралоо жүрүп жатат деп билдиришти.

Үч фракциянын келишимине ылайык төрага коалиция таркагандан кийин кетиши керек болсо, Келдибеков муну негизсиз деп жатат. Баш мыйзамда төрага 81 депутат каршы добуш берген учурда кете алары белгиленген.

Ошентип парламентте жаңы коалиция жана жаңы өкмөт түзүүнүн айланасында бүйүр кызыткан саясий оюндар уланып жатат.

XS
SM
MD
LG