Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Күздү күткөн саясат


Фракциялар ортосундагы кармашта арбитр талап кылынып, жаатташып жаткан эки тарап тең президентке кайрылды.

“Республиканын” лидери кайрылып эле калбастан, колундагы бийлигине жараша апрель ыңкылабы учурундагы талап-тоноочулукту иликтөөнү күч структураларына тапшырды.

“Ата Мекен” фракциясы президентке кайрылуусунда НТС телеканалы аркылуу абактагы Абдулла Юсупов жана анын шериктеринин билдирүүлөрүнө чек коюуга чакырган. Фракция абакта отурган адамды кенен-кесири сүйлөтүү жана анын оозу менен негизсиз айыптарды уктурууну кылмыш дүйнөсүнө эркиндик берүү катары баалаган. Ошондой эле мунун артында өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов турат деп эсептейт.

Өмүрбек Бабановдун “Республика” фракциясы да жөн жатпай президентке кайрылуу жолдоду. Анда абактагы Юсупов жана анын шериктеринин билдирүүлөрүн текшерүүнү президент тарабынан көзөмөлгө алынышы суралган. Белгилүү болгондой, Юсупов жана анын шериктери апрель ыңкылабы учурундагы талап-тоноочулукту “Ата Мекен” партиясынын жетекчилеринин көрсөтмөсү менен жасаганын билдирүүдө.

Президент тарабынан эки фракциянын компраматтык согушуна эч кандай реакция боло элек. Мамлекет башчысына караштуу Социал-демократиялык партиянын саясий кеңеши өкмөт маселеси боюнча жыйналган. Бирок анда кабыл алынган чечим расмий жарыяланган жок. Саясий кеңештин айрым мүчөлөрүнүн билдирүүлөрүнө таянсак, анда алар өкмөткө ишеним көрсөтпөөнү жактаган.

Бирок бул чечимди жүзөгө ашыра турган КСДПнын фракциясынын жыйыны чакырыла элек. Фракция мүчөсү Токтогул Туманов аны тастыктады:

- Азырынча белгисиз. Мөөнөт белгиленсе катчылыктан ар бир депутатка маалымат бермек. Азырынча айта элек.

Башкаруучу коалиция ичинде болуп жаткан ызы-чууга оппозициялык “Ата-Журт” фракциясы аралаша элек. Бул фракциянын жакын арада чогулары да белгисиз. Фракция мүчөсү Курманбек Осмонов алар чогулууга кам көрө электигин билдирди.

Бул арада өкмөт башчы күч структураларынын жетекчилигин чогултуп, Абдулла Юсуповдун билдирүүлөрүн текшерип чыгууну тапшырды. Башкы прокуратура Ички иштер министрилиги, УКМК жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлдөрүнөн турган тергөө тобун түзүп, абактагылардын билдирүүлөрүн текшерүү, ыңкылаптан кийинки талап-тоноодон жоголгон мүлктөрдүн дайынын аныктап чыгууга тийиш.

Талдоочу Кубатбек Кожоналиев фракциялардын жаңжалы башкаруучу коалиция жана парламенттин алкагында чечилиш керек дейт:

- Өкмөттө болуп жаткан нерсени толугу менен коалиция чечет. Анткени ошол эле Текебаев ошондой механизмди киргизген. Президенттин ыйгарым-укуктарын бутап коюш керек, бул үй-бүлөлүк, кландык системага жол берет деген ой менен бөлүп ташташкан. Эми өздөрүнүн ичиндеги чатактуу кырдаалды чече албагандан кийин президентке кайрылып жатышат.

Кубатбек Кожоналиевдин айтымында, мына ушундай талаш-тартыштардын негизинде Кыргызстанда тазалануу болот:

- Менин оюмча, ушул парламенттик системанын бирден-бир артыкчылыгы биздин саясий элитанын тазалануусуна алып барат. Буга азыр менин көзүм жетип турат.

Кыргызстанга 21-августта Казакстан президенти мамлекеттик сапар менен келсе, 22-23-августа түрк тилдүү мамлекеттердин президенттеринин саммити болот. Ошондуктан бул күндөрү өкмөткө байланыштуу орчун окуялар күтүлбөйт. Кыязы баары парламенттин сентябрда баштала турган күзгү сессиясын күтүүгө бел байлашты.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG