Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

Жураев: Оппозицияда бирдиктүү турум жок


Кечээки эле келишпес оппоненттер – “Ата-Журт” менен “Республика” бүгүн парламентте күчтүү оппозиция боло алабы? Ушул суроонун тегерегинде "Азаттык" саясат таануучу Эмил Жураев менен маектешти.

“Азаттык”: “Ата-Журт” менен “Республиканын” парламентте оппозиция болуп биригип калганына кандай карайсыз?

Жураев: Чынында эле таң калычтуу көрүнүш болду. Бирок буга чейин деле келишпес жааттар кызматташып кеткен учурлар болгон.

“Азаттык”: Мисалы?

Жураев: “Ар-намыс” менен КСДП келишпей жүрүп, жакында эле сөз табыша баштады. Бирок мындай партиялардын арасында күчтүү кызматташуу адатта аз болот.

“Азаттык”: Эмне үчүн?

Жураев: Анткени, чындыгын айтканда, терең, бирдиктүү саясий көз карашы жок. “Ата-Журт” Бабановдун өкмөтү бийликтен кетсин деген ураан менен келатпады беле. Бир аздан кийин жаңы түзүлгөн өкмөттү кетсин деген ураан менен кайра чыгышат. Өзүлөрүн келишпес оппозициябыз деп элге тааныштыруудан эмес, конструктивдүү, аргументтештирген жана даана саясий-экономикалык платформасын таратуудан баштаса жакшы болот эле. Бирок бул эки партиянын ортосунда андай турум, көз караш пайда болуусу, менимче, кыйын.

“Азаттык”: Айрым серепчилер айтып жатат, бул эки партиянын окшоштуктары бар деп...

Жураев: Экөөнүн тең арасында толтура бизнесмендер, мурдатан Кыргызстандын экономикасындагы жеке кызыкчылыктары бар эң чоң байлар бар десек болот. Бирок чыныгы идеологиялык, саясий-экономикалык жана өлкөнү башкаруу жагынан терең ойлонуп чыккан көз карашы жана түшүнүгү жок десек болот эки жакта тең.

“Ата-Журт” бизге күчтүү башкарган кол, президенттик бийлик керек деп айтып келатат. “Республика” тараптан андайды уккан эмеспиз, бирок ошондой деп сүйлөп калса ага деле таң калуунун керек жок. Мындай чоң маселеге келгенде партиялар, саясатчылар өз турумун өзгөртүп жиберген учурларды Кыргызстанда көрүп эле жүрөбүз.

“Азаттык”: Эгер парламенттеги оппозициянын өлкөдөгү башка саясий оппозициялык күчтөр менен ою дал келип, чын эле кубаттуу күчкө айланса, Кыргызстандагы жаңы түптөлүп келаткан парламенттик демократиянын доору баштала элек жатып аяктап, өлкө кайрадан президенттик башкарууга бет алып калышы канчалык ыктымал? Себеби ошол эле “Ата-Журт”, “Бүтүн Кыргызстан” жана башка күчтөр 93-жылдагы Баш мыйзамга өтүш керек деп айтып келатпайбы.

Жураев: Менимче, конституциялык негизде кайра өзгөрүп, президенттик нукка кайрылуу азыркы шартта бир топ татаал болот. Биринчиден, президент аны колдобойт. Тымызын колдосо да ачык колдоого мүмкүнчүлүү аз.

Экинчиден, формалдуу түрдө өзгөрбөсө деле күчтөрдүн балансы президент тарапка бир аз ылгаганын азыр деле байкаса болот. Жаңы премьер менен анын өкмөтүнүн түзүмүн караганда, албетте, президенттин үнү, күчү бир топ көбүрөөк. Конституцияда кантип жазылбасын, реалдуу саясый күчтөрдүн балансы чечет муну. Мадумаров же Ташиев агаларыбыз айтып жүргөн 93-жылдын Конституциясына кайтабыз деген болбогон эле сөз. Негизгиси – биз мурдагы көргөн президенттик нукка айланбашы керек.

XS
SM
MD
LG