Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Апта: Күрдөөлдүү күзгү саясат


Парламентти таратуу аракети болсо, кырдаал кескин курчушу мүмкүн. (Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды.)
Парламентти таратуу аракети болсо, кырдаал кескин курчушу мүмкүн. (Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды.)

Кыргызстан эгемендигинин 21 жылдыгын белгиледи. Социал-демократтар фракциясы жаңы коалиция куроого киришти.

31-августта Байтик айылына караштуу Боз-Бөлтөк дөбөсүнө Кыргызстандын туусун көтөрүү каадасы өттү. Ага мамлекет жетекчилери катышты. Туу өтө бийикке көтөрүлдү жана көлөмү жагынан да абдан чоң. Майрамдык иш-чаралар Бишкекте, Ошто жана башка шаарларда, райондордо өткөрүлдү.

Бирок да Кыргызстан мына ушул 21-эгемендүүлүк майрамына экономикалык кыйынчылыктар, массалык миграция жана саясий туруксуздук менен келди. Аны президент Алмазбек Атамбаев да 31-августта белгиледи:

- Экономикабыз азырынча аксап турат. Бирок Кыргызстанда эң күчтүү жарандык коом түзүлдү. Кудайга шүгүр, эркиндикти сүйгөн, акылман жана мээнеткеч элибиз бар.

Экономикалык кыйынчылыктар бюджеттин эбегейсиз тартыштыгы, ошого жараша дефолт коркунучу менен коштолууда. Андай коркунучтун реалдуу экенин Каржы министрлигинин жогорку даражалуу кызматкерлери жашырбай айта баштады.

21 жылдын ичинде Кыргызстан энергетикалык, коопсуздук жана финансылык жактан эгемендүүлүккө жетише албады. Азыркы мезгилде эл аралык каржы уюмдарына өлкөнүн көз карандылыгы артып баратат.

Бирок да энергетика тармагында бир катар долбоорлордун аткарыла башташы энергетикалык эгемендүүлүккө жетишүүдө өзгөрүүлөр башталганынан кабар берет. Аларга кошумча жаңы ГЭСтерди куруу келишимдери ишке ашырыла баштаса, өзгөрүүлөр ого бетер бекемделет.

Коалиция күттүргөн жок

Ошентип өтүп бараткан аптадагы саясий окуялар өзөктүү эки жараянды пайда кылды. Анын биринчиси, президенттин аткаруу бийлигин толугу менен колуна ала баштаганы болсо, экинчиси бараандуу оппозиция пайда болду.

Белгилүү болгондой, президент Алмазбек Атамбаев коалиция түзүүнү сырдана КСДП фракциясына тапшырды. Күтүлгөндөй эле бул фракция “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” менен жакындашып, үч фракция жаңы коалициянын өзөгүн түзө турган болду. Муну КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков тастыктады:

- Үч фракциянын маселеси негизинен чечилди. “Ар-намыс”, “Ата Мекен” жана КСДП фракциялары коалициялык көпчүлүккө кирүүгө даяр. Учурда төртүнчү фракция жөнүндө маселе каралууда, балким бул фракциядан чыккан депутаттык топ да болуп калышы мүмкүн.

“Ата Мекен”, “Ар-намыс” жана КСДП идеялык жактан жакын партиялар. Үч партиянын лидерлери да ар кайсы мезгилде бири-бирине жакындап, кээде алыстап, бирок биротоло ажырашып кетпей келаткан саясатчылар. Ошондуктан алардын тил табышуусу да тез болуп, 3-сентябрда коалициялык келишимге кол коюлушу күтүлүүдө.

Үч фракция өкмөт башчы боюнча да орток пикирге ылдам келишти. Бул кызматка КСДП тарабынан президенттик аппараттын башчысы Жантөрө Сатыбалдиев сунушталганы белгилүү. “Ар-намыс” фракциясы аны колдоого алды. Ал эми “Ата Мекен” фракциясы Жантөрө Сатыбалдиевди компромисстик фигура катары баалап жатат.

Ошентип 3-сентябрда кандайдыр кокустуктар болуп кетпесе, башкаруучу коалиция түзүлүп, Жантөрө Сатыбалдиев өкмөт башчылыкка шайлануусу күтүлүүдө.

Албетте Жантөрө мырза бир жактуу фигура эмес.

Анын артында Акаевдин мезгилинде үлкөн кызматтарда иштеп, Бишкек-Ош жолун курууда коррупциялык иштерге аралашкан деген аңыз кептер бар. Бирок ал 2005-жылдагы ыңкылаптан кийин “Реформа үчүн” оппозициялык кыймылга жакын болуп, кыязы ошол мезгилде Алмазбек Атамбаев менен жакындашкан. Кийинчерээк оппозиция лидерлери бийлик менен кызматташууга барганда Сатыбалдиев да Ош облусуна губернаторлук кызматка барган. Бирок анын кызматтык мөөнөтү да башка оппозиция лидерлериникиндей эле узак болгон эмес. Ал эмес, түшүнүксүз кылмыш иши козголуп, Бакиевдер тарабынан илинчекке илинген.

Жантөрө Сатыбалдиев өкмөт башчы катары Алмазбек Атамбаевге абдан ыңгайлуу. Анткени бир жагынан регионалдык кадр балансын сактайт. Экинчи жагынан президенттин айтканынан чыкпайт. Өз алдынча саясий жана башка кадамдарга барбайт.

Бирок муну менен президент жана КСДП өкмөттүн ишине да жоопкерчиликтүү болуп каларын эксперттер эскертүүдө. Маселен, Кубатбек Кожоналиев:

- Бул жерде жалаң гана кадрдык дайындоо эмес, жоопкерчилик жөнүндө да сөз болуп атат.

Үч фракциядан түзүлгөн коалиция туруксуз келет. Алар өкмөт башчылыкка көрсөткөн талапкерин өткөрө албай калышы да ыктымал. Бирок ал кенемтени жаңы коалиция “Ата Журт” жана “Республика” фракцияларынын катарынан чыккан депутаттар менен бекемдөөнү көздөп жатат. Белгилүү болгондой, мына ушул фракцияларга мүчө болгон 12 депутат президенттин саясатын колдойбуз деген ураан менен “Туруктуулук жана тартип үчүн” аттуу блок түзүшкөн. Ушул блок “үстөлдүн төртүнчү буту” катары коалицияга туруктуулукту алып келиш керек.

Оппозиция жанданды

Туруктуулук демекчи, жалпы саясий кырдаалдын туруктуулугуна доо кетиши ыктымал болууда. 3-сентябрда күзгү саясий сезонго карата бир катар күчтөр активдешип, алардын радикалдары президентти да кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Маселен, “Кыргызстанды сактоо үчүн” кыймылы мына ошондой талап коюп жатат. Кыймылдын лидерлеринин бири Мукар Чолпонбаев:

- Бул бийликти кетсин деген позицияда туруп атабыз. Анткени булардын системасы, Конституциясы туура эмес. Экинчиден, ошол Конституция менен шайланып келгендер таза эмес. Бийлик дегенде президенттен баштап, Жогорку Кеңеш, өкмөтүн бүт айтып атабыз.

Калган күчтөр аларга караганда жумшагыраак талапты коюшууда. Маселен, Азимбек Бекназаров өзүн расмий түрдө оппозиция деп жарыялап, парламентти таратуу жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жарыялоо талабын койду. Бекназаровдун пикиринде тез-тез шайлоо өткөрүү менен тазалануу жараяны ишке ашат:

Бишкек, 17-март, 2011-жыл
Бишкек, 17-март, 2011-жыл
- Биз кайра-кайра революция менен бийликти алмаштыргандан көрө элге чыгарып, элдин таразасына коюп, бийлик кураганды үйрөнүшүбүз керек. Тез-тез шайлоо өткөрүүдөн коркпошубуз керек.

Азимбек Бекназаров парламентти таратуу максатында көчө аракеттерине киришери азырынча белгисиз. Бирок ал аракетке жөндөмдүү экенин өткөн окуялар далилдеп турат. Бекназаровдун парламентти таратуу аракетине колдоо парламенттин ичинен да чыгат.

Белгилүү болгондой, “Республика” фракциясы парламенттин тарашына кызыкдар. Бул партия активдүү аракетке киришсе, анда Эмилбек Каптагаевдин ыңкылапчыл топтору аларды колдоого келет. “Республиканын” координатору Канболот Карымшаков 3-сентябрда апрель ыңкылабынын баатырлары чогулат деп бекеринен айтпаган болуш керек.

Парламентти таратуу кызыкчылыгы “Ата Журт” фракциясында да жок эмес. Анткени партия лидери Камчыбек Ташиев жанындагы "ишенимсиздерден" арылуу үчүн парламентти таратып, жаңы шайлоого барууну артык көрүүдө.

Мына ушул ар түрдүү күчтөр биригип, парламентти таратууга киришсе, кырдаал кескин курчуйт.

Өлкөдө абалды көзөмөлдөө, туруктуулукту сактоо өкмөткө жүктөлгөн. Бирок өкмөт башчынын милдетин Өмүрбек Бабанов кызматтан бошотуу боюнча арызын ишемби күнү жазып берди. Президент өз жардыгы менен өкмөт башчынын милдетин аткарууну биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Аалы Карашевге жүктөдү.

Ошентип Өмүрбек Бабанов "колун жууп" сыртка чыга берди. Эми 3-сентябрда ар кандай күчтөр парламентке келип, депутаттарды "жакадан" алып сыртка сүйрөй баштаса, абалга Бабанов жооп бербейт. Өкмөт башында болсо, айла жок жооп берип, чара көрүүгө милдеттүү эле.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG