Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Текебаев: Парламентти таратууга негиз жок


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Парламентти таратуу демилгелери тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев ой бөлүштү.

- Бүгүн саясатчы Азимбек Бекназаров азыркы парламент өзүн өзү таратышы керек деп билдирип чыкты. Бул пикирге сиз парламент депутаты, бир фракциянын жетекчиси катары кошуласызбы?

- Бекназаров өзүнүн конституциялык укугун пайдаланып жатат. Кыргызстанда оппозицияда болуу ардактуу иш. Биз эркин коомдо жашап жатабыз. Жарандар ар кандай ой-пикирде болгонго укуктуу. Бирок ошол ой-пикирди турмушка ашыруу аракеттери мыйзам чегинде болушу керек. Мен парламенттин тарашына бүгүн негиз жок деп эсептейм.

- Парламент эч кынтыксыз иштеп жатат деген ойдосузбу?

- Эми өзүбүзгө жараша парламентибиз бар. Кемчиликтер менен иштеп жатат.

- Өкмөттү кетирүү жараянынын компраматтар кармашы менен коштолушу парламентти таркатуу демилгелерине шыкак болду деген ойлор бар. Парламентке каршы пикирдин жаралышына депутаттардын өздөрү негиз түзүп берген жокпу? Депутаттар, анын ичинде сиз да өзүңүз ушундай жагдайга себепчи болдум деп ойлобойсузбу?

- Мен өзүмдү себепкер болдум деп ойлобойм. Парламентке карата биздин өлкөдө эмес, бардык өлкөлөрдө ар дайым нааразылык болот. Анткени уткан тарап, утулган тарап болот. Бул табигый иш. Бирок утулсаң да, шайлоонун жыйынтыгын таанып, аягына чейин беш жыл чыдашың керек.

Эмне Бабанов кетсе эле парламент жаман иштеген болуп калабы? Тескерисинче, парламенттин эң жакшы жасаган иштеринин бири деп эсептейм. Ошол иштин башында тургандардын бири болгонума мен сыймыктанам. Буга бүгүн акылы жетпеген кыргыз жарандарынын акылы кийин жетет. Мен Бакиев, Акаев жөнүндө башында айтканда да, мага ишенишкен эмес.

Парламент өзүнүн Конституцияда көрсөтүлгөн укугун гана эмес, милдетин да аткарды. Парламент өкмөттүн ишин көзөмөлдөйт. Жаман иштесе, аны жумуштан айдайт. Ошону үчүн биз айлык алып отурабыз. Ошону үчүн эл Кыргызстандын тагдырын ишенип, биздин колубузга берген. Кийинки премьерлерге сабак болду. Бизге парламентте ушундай принципиалдуу фракциялар керек деп шайлоочулар ыраазы болушу керек.

- Бүгүн жаңы оппозициялык блок да түзүлүп, жакын арада нааразылык акциялары башталаары кабарланды. Соңку оппозициялык маанай күч алып, чоң саясий толкундоолорго алып келет деп кооптонбойсузбу?

- Демократиялык коомдо ар кандай көз караш болот. Ошонун ичинде оппозициялык көз караштар да болот. Мыйзамда көрсөтүлгөн чекте ал көз караштар айтылып, жарыяланып турат.

- Саясий толкундоолор болуп кетишине негиз барбы?

- Мен эч кандай негиз жок деп ойлойм. Кээ бир саясий жоопкерчиликсиздик менен сырттан аралашкан күчтөр болбосо, Кыргызстандын ичинде чоң нааразылык толкундоолордун болушуна негиз жок.

- Ошентип, сиз менен үзөңгүлөш жүрүп келген Азимбек Бекназаров оппозиция болду. Эми аны менен кызматташа аласызбы?

- Биз бардык саясий күчтөр менен, анын ичинде Азимбек Бекназаров менен да иштешкенге ынтызарбыз.

- Болочок коалицияга “Республика” фракциясы кирсе, “Ата Мекен” кирүүдөн баш тартат деген маалыматтар бар. Сиздер кандай шартта жаңы түзүлө турган коалицияга киришиңиздер мүмкүн?

- Биз эч кандай шарттарыбыз тууралуу расмий билдире элекпиз. Коалицияга кирүүдөгү негизги шарттарыбыз - программабызды, негизги принциптерибизди, пландарыбызды жаңы өкмөт өз ичинде камтыш керек.

- Социал-демократтар премьерликке сунуштаганы айтылган Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлигине кандай карайсыздар?

- Андай сунуштар бизге расмий түрдө келип түшө элек. Сунуш келип түшсө, талапкерлигин караганга даярбыз.

- Өзүңүздөр өкмөт башчылыкка кимди сунуш кыласыздар?

- Биз ал маселени азырынча карай элекпиз.

XS
SM
MD
LG