Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Саясий каатчылыкты каалагандар барбы?


Жаңы коалиция түзүү башталганда келерки өкмөттүн иштешине бут тоскусу келген күчтөр бар экени айтылууда.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев кээ бир саясий күчтөр жер-жерлерде нааразылык акцияларды уюштурууну пландаштырып жатат деп билдирди.

Айрым талдоочулардын пикиринде, Кыргызстандагы азыркыдай олку-солку кырдаалды ички жана тышкы күчтөр колдонуп кетиши ыктымал.

“Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев 27-августта Социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков менен жолугушуу маалында эски өкмөттү калтырууну каалаган күчтөр бар деп айтты. Буга байланыштуу нааразылык акциялар уюштурулушу мүмкүндүгүн билдирди:

- Мага жеткен маалыматтар боюнча, жер-жерлерде митинг-пикет уюштуруп, административдик имараттарды басып алып, жаңы өкмөттү болтурбай койобуз, ошентип эски өкмөт иштей берет, саясий кризистен улам парламент тараса, эски өкмөт калып калышы мүмкүн деген күчтөр бир четинен балалык, экинчи жактан кылмыштуу кыялга азгырылып жатат. Биз мындай башаламандыкка жол бербешибиз керек. Конституциясыз, зордук-зомбулук менен бийлик алмашкан тарых барагы артта калды. Анткени бүгүнкү жаңы тартип бийликти тынчтык жол менен көз ирмемде алмаштырууга жөндөмдүү экенин көрсөттү.

Текебаев саясий каатчылыкты кандай күчтөр каалап жатканын тактаган жок. Социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков өкмөткө байланыштуу нааразылык акцияларга негиз жоктугун белгиледи:

- Айрым бир күчтөрдүн козутуусу, кийлигишүүсү менен ошондой аракеттер болуп жатат деген маселе бар. Бирок бүгүнкү күндө митинг чыгарып, бул өкмөттү калсын деп айтканга эч кандай негиз жок. Анткени Баш мыйзам боюнча коалиция тарагандан кийин күч менен тигил же бул фракцияны алып калып, ушул өкмөт менен иштешесиң деп айтканга эч кандай негиз жок. Бул өкмөттү коалиция түзгөн. Коалиция тарагандан кийин бул өкмөт да кетүүгө милдеттүү. Эгер кетпейбиз десе, анын укуктук негизи жок. Ошон үчүн муну баары туура түшүнүшү керек.

Буга чейин сентябрдын келиши менен “Республика” партиясы аймактарда митинг өткөрөт деген маалымат чыгып жаткан. Аталган партиянын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев “Азаттыкка” мунун баарын ушак атап, жокко чыгарды.

Антсе да талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин баамында, Кыргызстанда азыр олку-солку саясий абал түзүлдү жана мындай кырдаалды курчуткусу келген күчтөр ичтен да, тыштан да чыгышы ыктымал:

- Өкмөт күчтүү болбосо, жаатташып, чабышып кеткен учурлар биздин тарыхта дайым болуп келген. Бул кадимки эле көрүнүш болуп жатпайбы. Ошондуктан саясий кырдаал өзгөрүп кетиши мүмкүн. Себеби мамлекеттик бийликте качантан бери бир эле айлампанын адамдары жүрбөйбү. Жаңы адамдар кирген жок. Коррупцияга аралашып калган адамдар бири-бирин чукуп эле атпайбы. Социалдык деңгээл мурдагыдан өскөн жок. Тескерисинче түшүп кетти. Ушундай кедей, жакыр өлкөнү тышкы күчтөр деле, ички күчтөр деле козутуп жибериши ыктымал.

Оштогу “Адам укуктары жана демократия” борборунун башчысы Идирис Кубатбеков соңку саясий окуялардан улам эл арасында нааразы болгондор көбөйгөнүн айтты жана аймактагы эл маанайын мындайча сүрөттөдү:

- Бир чети бул демократия, бардык нерсе ачыкка чыгып атат деген адамдардын тобу бар. Ошол эле кезде парламентке кыжыры келгендер да бар. Булар апрель, июнь окуяларынан кийин араң калыбына келип аткан саясий стабилдүүлүккө доо кетирип жатат. Экономика артка кетип атканда, азык-түлүк тартыштыгы болуп жатканда иш менен алектенгендин ордуна саясат менен алектенип жатат деген нааразы тараптар да бар. Ошол эле мезгилде "мындан ары эмне болот, өкмөт кетти, жакында Жогорку Кеңеш да тарап кетиши мүмкүнбү" деген ар кандай ой-пикирлер болуп жатат.

Азыркы өкмөттү түзгөн коалиция андагы “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары чыгып кеткенден кийин өткөн аптанын аягында расмий тараган эле. “Ата Мекен” жана “Республика” фракциялары тирешип, бир топ компроматтар коомчулукка тарап кеткен болчу.

XS
SM
MD
LG