Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Премьерликке талапкерлер аталууда


Жогорку Кеңештин жыйынынан
Жогорку Кеңештин жыйынынан

27-августта коалиция түзө турган фракция аныкталат. Эми кандай коалиция түзүлөөрү коомчулуктун көңүл чордонунда турат.

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештеги фракциялардын бирине коалициялык көпчүлүк куроо мандатын дүйшөмбү күнү тапшырат. Учурда кандай коалиция болоору, премьерликке ким көрсөтүлөөрү коомчулуктун бүйүрүн кызытууда. Бул арада расмий эмес түрдө өкмөт башчылыкка талапкерлердин аттары атала баштады.

Техникалык өкмөт түзүлөбү?

Мандат алган фракция коалиция курагандан кийин өкмөт башчылыкка талапкер, жаңы өкмөттүн түзүмү жана курамы сунушталышы керек.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарымбаев буга Баш мыйзамда 15 күн каралганын айтты:

- Биринчиден, коалиция түзүш керек. Коалиция түзүлгөндөн кийин премьер-министрликке талапкерди көрсөтүш керек. Ал талапкер программасын иштеп чыгып Жогорку Кеңешке алып чыгышы керек. Жогорку Кеңеш ал программаны бекитип бериши зарыл. Ошол программанын негизинде, ага ылайык өкмөттүн структурасын иштеп чыгып, аны да Жогорку Кеңеш бекитип, ошол структурага ылайык, өкмөттүн курамын көрсөтүп, аны да бекитиш керек. Он беш күндүн ичинде жасала турган абдан чоң маселелер турат. Ошолордун баарын бүтүргөнгө аракет кылуу керек.

Маалыматка караганда, президент айрым фракция башчылары, саясатка таасири бар ишмерлер менен кеңешип жатат. Коалициялык көпчүлүк куроо укугу кайрадан Социал-демократтарга берилет деген сөздөр басымдуулук кылууда.

Аталган фракциянын лидери Чыныбай Турсунбеков Атамбаев менен коалиция тууралуу сүйлөшүү болгонун, анда негизинен эл ишениминдеги, техникалык өкмөт куроо маселеси көтөрүлгөнүн “Азаттыкка” билдирди:

- Жолугуп сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болду. Негизги эле максат – алдыга койгон пландарды ишке ашыра тургандай, техникалык мүнөздөгү өкмөт болсо, саясатты унутуп, чарбалык иштерди көбүрөөк жолго койсо деген көз караш болуп жатат. Парламент деле элдик ишеним менен келген парламент. Бирок көбүрөөк саясатты ойлонбой, мамлекеттин ишин ойлой турган өкмөт келсе экен деген ниет болуп турат. Буга чейинки коалициялардын ишиндеги мүчүлүштүктөрдү сөзсүз эске алабыз.

Коалициялык көпчүлүк куроо укугун алууга, же парламенттик көпүлүккө кирүүгө “Ата Мекен” фракциясы да даяр турат.

Фракция төрагасы Өмүрбек Текебаев өкмөт куроого келгенде өздөрүнүн талаптары болоорун кошумчалады:

- Коалицияга кирүү боюнча программалык планда гана талаптар болот. Ошондой эле кадр саясатында жападан жалгыз талабыбыз – эски, Бакиевдин убагындагы коррупциялык схемаларга аралашпаган, компетенттүү, иш билген таза адамдар келиш керек.

...Премьер болчу кимиңер?

Ушу тушта премьерлике ким көрсөтүлөрү да чоң маселе болуп турат. Өкмөт башчылыкка талапкерлер арасында Жоомарт Оторбаев, Аалы Карашев, Осмонбек Артыкбаев, андан сырткары Амангелди Муралиев, Аскар Салымбеков жана Шамил Атахановдун ысымы көбүрөөк атала баштады.

Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун пикиринде, Кыргызстандын азыркы шартында кыйчалыштан сүйрөп чыга алган техникалык өкмөттүн түзүлгөнү, анын курамы кайсы бир партияга таандыгына жараша эмес, кесипкөйлүгүнө жана иш билгилигине карап куралганы жакшы:

- Азыркы парламент күрөшүп атып, өзүнүн кишилерин түртөбүз деп атып бүт баарын бузуп жатат. Техникалык өкмөт деген парламенттеги партиялар менен түздөн-түз байланышы бобойт. Ошондуктан калыс, тажрыйбасы, билими бар адамдарды таап туруп, эл ишене турган бир курамга келсек анда жакшы эле болот эле.

Кыргызстандагы соңку парламенттик шайлоодон кийин ушуну менен үчүнчү коалиция куралганы жатат.

Мурунку президент Роза Отунбаева парламенттик көпчүлүк түзүүнү алгач КСДПга тапшырган. Бирок алардын аракети үзгүлтүккө учурап, мандат “Республика” фракциясына берилген. Ошол кездеги өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев президенттикке шайлангандан кийин жаңы өкмөт куруу укугун Социал-демократтар алган. Оңой-олтоң эмес сүйлөшүүлөрдөн соң Социал-демократтар, “Республика”, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракцияларынан турган “Биримдик коалициясы түзүлгөн эле.

XS
SM
MD
LG