Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:54

Коалиция куралып бүтүп калды


Коалициялык көпчүлүктүн түзүлгөнү 3-сентябрда Жогорку Кеңеште сессияда жарыяланышы мүмкүн.

Бул тууралуу Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков билдирди. Ал эми 30-августта “Ар-намыс” жана "Ата Мекен" фракциялары коалициялык келишимдин долбоорун жабык эшик артында талкуулашты.

3-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезектеги сессияга чогулат. Президенттен жаңы коалиция түзүү мандатын алган Социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбековдун айтымында, сессияда коалициялык көпчүлүктүн түзүлгөнү расмий жарыяланышы мүмкүн.

- Үч фракция менен негизги маселелер боюнча алдын ала толук бир пикирге келдик. Булар - КСДП, “Ар-намыс” “Ата Мекен” фракциялары. Ошондой эле “Республика” жана “Ата Журт” фракцияларынан депутаттардын тобу да бизди колдоп жатат.

“Азаттык”: Өкмөт башчынын талапкерлиги боюнча кандай чечим кабыл алдыңыздар?

- Дүйшөмбү күнү коалиция акыркы чечим чыгаргандан кийин коалиция кирген фракциялар өзүбүз айтабыз.

Анткен менен өкмөт башчылыкка негизги талапкер катары мурдагыдай эле президенттик аппараттын башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин аты аталууда.

29-августта КСДП фракциясы анын талапкерлигин жабык эшик артында карап, көпчүлүк добуш менен колдоого алышкан болчу. Бирок бул акыркы чечим эмес экенин билдиришкен.

30-августта болсо “Ар-намыс” фракциясы да жабык эшик артында Сатыбалдиевдин талапкерлигин карап, колдоого алышканы маалым болду. Ошондой эле фракция башчысы Феликc Кулов башкаруучу коалицияны жетектөөгө макулдугун берди.

Ушул эле күнү “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары жабык эшик артында коалициялык келишимдин долбоорун талкуулашып, башкаруучу көпчүлүккө кире турганын ачык билдиришти. Долбоорду талкуулагандан соң “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Райкан Төлөгөнов буларды айтты:

- Келишимде коалициянын иштөө тартиби, максаттары жана эрежелери каралган. Ал эми өкмөттүн курамы, премьер-министр ким болот - бул маселелер келишимде жок.

“Ата Журт” жана “Республика” фракциялары оппозицияда калары болжолдонуп жатат. Бирок “Республика” фракциясынын башчысы Алтынбек Сулайманов акыркы чечим кабыл алына электигин айтты:

- Оппозицияда калганга да, коалицияга киргенге да даярбыз. Биз ошондой сунуш бергенбиз. Азыр эми сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Андыктан бир нерсе де айтыш азырынча кыйын. Сүйлөшүүлөргө жараша иш кылабыз.

"Ката" үчүн катардан чыгарып...

Ошол эле кезде “Ата Журт” жана “Республика” фракцияларынын ичинде айрым депутаттар өз фракцияларынын чечимин күтпөстөн, коалицияга кирүү боюнча сунуш менен чыгышканы маалымдалды.

“Ата Журт” фракциясынан депутат Нарынбек Молдобаев парламентте 12 эл өкүлүнөн турган депутаттардын тобу коалицияга кирүү чечимин кабыл алганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул депутаттык топто “Ата Журт”, “Республика” фракцияларынын да депутаттары бар.

- "Туруктуулук болсун, ошону орнотолу десеңер, анда биз кирип, силерге жардам берип, кошо иштейли" дедик. Эгер "жок, мурдагы схемалар менен иштейбиз, туруктуулуктун кереги жок" десеңер, анда биз силерге кошулбайбыз деген ураан менен кирип жатабыз. Биз - “Ата Журттан” үчөөбүз, башкалар да бар, жалпы 12 депутат.
Өкмөттүн курамы, премьер-министр ким болот - бул маселелер келишимде жок.

Бирок бул депутаттык топко кирген Нарынбек Молдобаевди, Роман Шинди жана Хажимурат Коркмазовду “Ата Журт” фракциясы "кетирген катасы" үчүн деп, катарынан чыгарганын маалымдаса, үч депутат “Ата Журттан” өздөрү кеткенин билдирүүдө.

Ал эми коалиция боюнча “Ата Журт” фракциясынын башчысы Садыр Жапаров Чыныбай Турсунбеков менен жолукканын, бирок расмий сунуш болбогонун билдирди:

- “Биз кирбейбиз деп айтпайбыз, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп берүүгө даярбыз. Бирок силер шартыңарды айткыла” дегенбиз. "Эгер мурдагыдай эле эптеп эле коалиция түзүлдү, премьер-министр, министрлер бул адамдар болду деп койо турган болсоңор, анда биз кире албайбыз" дегенбиз.

КСДП, “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” фракциялары түзмөкчү болуп жаткан бул коалиция эгер куралса, 2011-жылдын октябрь айындагы парламенттик шайлоодон бери үчүнчү башкаруучу көпчүлүк болуп калмакчы.

Буга чейинки төрт партиядан турган курам өткөн аптада андан “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” фракциялары чыгып кеткенден кийин ыдыраган. Ал эми КСДП, “Ата журт” жана “Республика” фракцияларынан куралган алгачкы башкаруучу көпчүлүк былтыр декабрь айында тарап кеткен эле.

XS
SM
MD
LG