Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

Ак үй алдында азан чакырган митинг


Азан чакырган митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:20 0:00

12-ноябрда Ак үй алдында камактагы саясатчыларды бошотуу талабы менен дагы бир митинг өттү.

Ак үйдүн алдындагы эки жүз чамалуу киши катышкан бул митингде аксакалдар басымдуулук кылышты. Аны "Элдик-патриоттук" кыймыл уюштургандыгын уюмдун теңтөрагасы Нурлан Мотуев билдирип, нааразылык акциясынын башкы талаптары катары төмөнкүлөрдү атады:

- Кумтөр, Кара-Кече сыяктуу жер кен байлыктарын мамлекеттештирүү, Конституцияны өзгөртүү, парламентти таркатуу, шайлоолорду өткөзүү, жер кендер боюнча аукциондорду өткөзбөө.

Анткен менен митингде сүйлөгөндөр дээрлик оппозициядагы “Ата-Журт” фракциясынын камактагы депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов, “Асаба” партиясынын лидери Салмоорбек Дыйканов камактан бошотулсун деген талапты коюшту.

Митингге катышкан “Кыргызстанды сактоо үчүн” оппозициячыл кыймылынын лидери Мукар Чолпонбаев саясатчылар кендерди иштетүү боюнча бийликтин саясатына акаарат келтиргени үчүн камалды деп эсептеп, аларды бошотсо гана азыркы бийликке ишеним артууга болорун билдирди.

Жалал-Абаддан келген аксакалдардын бири Абдижалил Шамиев депутаттардын күнөөсү бар-жогун териштирип отурбай, аксакалдардын өтүнүчүн эске алып, депутаттарды бийлик чыгарып бериши керек деген талапты койду:

- Алар туура же туура эмес кылды деп айта албайм. Ката кетиришсе-кетиришпесе да, аксакалдар келгенден кийин бийлик, башка органдары туура чечип берсе, тынч жашайлы деген гана ой.

Митингге келгендер президент Алмазбек Атамбаевдин, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун чыгышын талап кылышты. Митингчилер менен “Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Жылдыз Жолдошева жолугушту.

Митингчилер Ак үй алдында бешим намазга жыгылды. Анын алдында бийликтегилерге тескери бата беребиз дегендер да болуп, бирок митингчилердин арасынан бирөө мындай иш кудайга жакпасын айтып чыкты.

Президенттик администрациянын, Жогорку Кеңештин тиешелүү өкүлдөрү “Азаттыктын” суроосуна ар бир жаран нааразылыгын билдирүүгө укуктуу, бирок бардыгы мыйзамга ылайык чечилиши керек деп жооп беришти.

Парламент төрагасынын позициясын анын маалымат катчысы Надыр Момунов минтип түшүндүрдү:

- Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов боюнча өзүнүн пикирин мурда эле айткан. Алардын жакындары менен мурда эле жолуккан да. Бул маселе мыйзам чөйрөсүндө, мыйзам талаасында гана чечилиши керек, буга бир гана сот баа берет, башка эч ким баа бере албайт деп айткан.

Ал эми КСДПнын депутат Эркингүл Иманкожоеванын пикиринде:

- Калп эле “Кумтөрдү” жамынып алып чыккан туура эмес да. Акскалдар деле тууганчылыкка өтүп кетишти. Реалдуураак караш керек да. Илгери Курманжан датка деле кыргыз эли үчүн өзүнүн баалсын курмандыкка чалып атса, булар тескерисинче коррупциячыларды колдоп чыгып атпайбы.

“Ата-Журт” партиясынын октябрдын башында камалган үч депутатын үй камагына чыгаруу тууралуу жактоочулардын апелляциялык арыздары канааттандырылган жери жок. Акыркы жолу 9-ноябрда Башкы прокуратура депутаттардын психикалык саламаттыгы жакшы деген расмий маалымат таратты. Мындай тыянак соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизанын негизинде чыгарылганы жарыяланды.

Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун “Азаттыкка” 12-ноябрда билдиргенине караганда, аталган депутаттарды тергөө абагында эки айга камоо тууралуу соттун чечими декабрдын башында күчүн жоготот. Ага чейин тергөө аягына чыгып калса, иш сотко өтүшү ыктымал. Бирок адвокат тергөө качан бүтөөрү тууралуу так маалыматым жок деп билдирди.

3-октябрда “Кумтөр” ишканасын улутташтыруу чакырыгынын негизинде Ала-Тоо аянтында митинг өтүп, ал бийликти басып алуу чакырыктары, Ак үйгө тосмолордон аттап кирүү аракети менен коштолгон. Бул окуяга байланыштуу митингдин уюштуруучулары саналышкан “Ата-Журт” партиясынын лидерлери, депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов, “Асаба” партиясынын лидери Салмоорбек Дыйканов жана коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиев камакка алынган. Алардын ичинен Кожоналиев саламаттыгына байланыштуу деген негиз менен 24-октябрда үй камагына чыгарылган.

Факт боюнча козголгон кылмыш иштердин негизинде үч депутатка Кылмыш кодексинин 295 жана 297-беренелерине ылайык, Конституциялык түзүлүштү кулатууга, бийликти басып алууга аракет жасады деген айыптар тагылгангы маалым.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG