Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Референдумга бир жыл: Кандай өзгөрүү болду?


27-июндагы референдумдагы добуш берүү, 2010.
27-июндагы референдумдагы добуш берүү, 2010.

Бир жыл мурдагы референдумдан кийинки өзгөрүүлөр тууралуу коомдук-саясий ишмер Эсенгул Өмүралиев ой бөлүшөт.

-Былтыр 27-июндагы референдумда Конституция өзгөртүлүп, президент шайланган. Дегеле өткөн жылы келген жаңы бийлик элге көп убадаларды берди эле. Сиздин пикириңизде, анын канчасы аткарылып, канчасы аткарылбай калды?


- Былтыртан бери көп эле өзгөрүүлөр болду. Жаңы Конституция кабыл алынды, парламент шайланды. Өкмөттүн коалициялык курамы иштей баштады. Борбордо жана жер-жерлерде кадрлар алмашты. Ошолордон элге көп өзгөрүүлөр боло тургандай көрүнгөн. Бирок тилекке каршы, ал өзгөрүүлөр бир аз максатына жетпей тургансыйт. Мисалы, экономикада жана өндүрүштө баанын эсебин эске албаганда өсүш болгон жок. Жумушсуздук азайган жок. Коррупциялык система мурдагыдай эле иштеп, бюджеттин тартыштыгы көбөйүп жатат. Инвестициянын келиши азайып, инфляция өстү. Негизги тамак-ашка болгон баа көтөрүлүп, элдин жашоо деңгээли түшүп кетти бүгүнкү күндө. Ошол эле кезде кээ бир жаңы нерселер да болду. Маселен, мугалимдердин, дарыгерлердин маянасы көтөрүлдү. Уурдалган менчикти ордуна коюу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Эми мунун баары бир эле күндө жасалып кетчү иш эмес го дейм. Менимче, ал көйгөйлөрдү чечиш убакытты талап кылат жана айрым шарттар керек.

- Жаңы бийликтин эң негизги жаңылыгы - Кыргызстанга парламенттик демократияны сунуш кылганы деп айтылып жүрөт. Кандай дейсиз, бул өзүн актап жатабы Кыргызстанда?

- Бүгүнкү күндө бизде таза парламенттик башкаруу системасы жок. Парламент да, президент да эл менен шайланып, аралаш система болуп тургансыйт. Бирок азыр парламент беш баштуу, өкмөт үч баштуу болуп, өкмөт менен парламенттин ичинде кандай окуялар болуп жатканын көрүп жатпайбызбы. Өкмөт башчы кайсы бир маселелерди чечүү боюнча демилгелерди көтөрүүдө. Бирок анын баары эле жанагы коалициянын ичиндеги интригалардан башы чыкпай, алдыга жакшы жылбай жатат. Эгер өкмөттүн толук кандуу иштешине туруктуу шарттар түзүлбөсө, анда алдыга жылуу болбойт. Жогорудагы айтылган маселелердин баары чечилбейт. Эгер чыныгы парламенттик система болсо, ошол коалициялык өкмөттүн программасын бекитип туруп, ага мүмкүнчүлүк бериш керек, ишине кийлигишпей. Анан аягында жыйынтыгын сураш керек. Мына, ошондо гана өкмөт толук кандуу иштей алат. Ал эми ар кимиси ичинен ар кайсы жакка тарта берсе жумуш жүрбөйт.

- Өткөн жылы Роза Отунбаева да президент болуп шайланды эле. Былтыркы жылга салыштырганда азыр өлкөдө туруктуулук орногону менен Отунбаева көп нерсени жасай албай койду деген сын пикирлер да арбын. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?

-Бул кишини статусу өткөөл президент болуп калбадыбы. Ал да саясий барымтада калгандай болуп калды менин оюмча. Көп маселелерде парламент менен өкмөткө кескин бир сөздөрдү айта албай калды. Башкача айтканда, элди, саясий күчтөрдү толук кандуу бириктиргенге мүмкүнчүлүгү болбой жатат.

- Жакында эл аралык “Тынчтык үчүн” фонду өз иликтөөсүндө 35 чабал мамлекеттин ичинен Кыргызстанды 31-орунга койду. Башкача айтканда эгемендиги коркунучтагы мамлекеттердин катарына кошту? Бул тегин жерден болбосо керек?

- Мен буга кошула албайм. Кыргызстан түпкүрдүү мамлекет, кылымдар бою келаткан эл. Оор жана кыйын акыбал болуп калганда кыргыз эли дайыма биригип кеткен. Былтыркы июнь окуясында кандай бирдиктүү эл болуп чыга келдик. Биринчиден, саясий жагынан мындай коркунуч жок. Экинчиден, экономикалык жагынан да коркунуч жок. Кыргызстанда 5 млн. элди эң сонун багып алганга толук мүмкүнчүлүктөр, экономикалык шарт бар. Аларды болгону иштетиш керек.

XS
SM
MD
LG