Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:22

Баткенде “Эркин элге” эшик ачышпады


Жыйында көтөрүлгөн ураандардын бири. Баткен, 24-июнь, 2014.
Жыйында көтөрүлгөн ураандардын бири. Баткен, 24-июнь, 2014.

Баткенде “Эркин эл” саясий партиясынын облустук драма театрга белгиленген жыйыны болбой калды.

Бишкектен Баткенге барган “Эркин эл” саясий партиясы менен “Кырк чоро” коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнүн баткендик жаштар менен жолугушуусу облустук драма театрдын залында өтмөк болгон. Бул үчүн алдын-ала ижара акысы берилген. Облустук телекомпанияга да жолугушууга чакырган жарнамалар үчүн акча төлөнгөн. Бирок жарнама эфирден кеткен эмес. Ал эми жыйын башталаарда облустук драма театрынын жамаатына да күтүүсүз эс алуу жарыяланып, имаратка эч ким киргизилген жок.

Жолугушуунун уюштуруучалары аймактагы жаштар менен чек арадагы маселелерди талкуулап, аны жеңилдетүү жолдорун бийликке сунуштоо жана Бажы биримдигинин оң-сол жактары тууралуу маалымат бөлүшүүнү көздөгөн. Бишкектен келген коноктор эшик ачылбаган соң жыйынды театрдын алдында өткөрүүгө аргасыз болушту.

“Эркин эл” саясий партиясынын тең төрагасы Айбек Мырза жергиликтүү бийликтегилер жаш саясатчыларды оппозиция катары кабылдап, бут тосушканы туура болбой калганын айтат:

- Биз алдын-ала акыларын төлөп, келишим түзүп макулдашып кеткенбиз. Бардык аракетибиз мыйзам чегинде талкуу уюштурууга ылайык болчу. Анан эле булар оппозиция өкүлдөрү экен дешип имаратка да киргизбей коюшту. Телевидение болсо кечинде эки маал жарнамаларыбызды бериши керек эле. Азыр болсо директору телефонун албай жатат. Иш ордунда да жок. Мындай аракеттери туура эмес деп ойлойм. Андан көрө чечилбей жаткан маселелерди чогуу талкуулап, абалдан чыгуунун жолдорун издесек болмок.

Жыйынга катышуучуларга караганда көз салып тургандар көбүрөөк болду. Канткен менен анда чек арадагы көйгөйлөр айтылып, кайым айтышуулар да болуп жатты.

Маселен, Баткендин кыргыз-тажик чегиндеги чырмалышкан чек ара аймагындагы Таш-Тумшук айылынан келген Мурат Айдаров жергиликтүү бийлик чек ара маселелерин чечүүнүн ордуна аны козгобогонго аракет кылып жатканын, мындай болсо абал барган сайын оорлошо берээрин айтты:

- Биз мындай жүрө берсек чек арада маселе улам оорлошо берет. Чек арадагы маселелерди чечүүдө бийликтин аракети чечкиндүү болбой жатат. Маселени айталы дегендерге минтип бут тоскондун ордуна иштеш керек.

Иш-чара аяктаганы калганда Баткен шаар мэри Жаныбек Жалалов келип, уюштуруучулардын аракети мыйзамсыз экенин, бул боюнча шаар жетекчилигине маалымат берилиши керектигин айтып, жыйынды тезинен бүтүрүүнү эскертти:

- Мыйзамды силер да сыйлашынар керек. Алдын-ала шаар бийлигине эскертишиңер керек болчу ушундай иш-чара өткөрөбүз деп. Коопсуздук маселелери бар дегендей... Эми мыйзамсыз аракетиңерди токтоткула. Эгер театрга киргизбей койсо бизге кайрылсаңар, башка бир жайды аныктап бермекпиз.

Шаар башчысынын мындай эскертүүсүнөн соң ансыз да аягына чыгып калган жолугушуу жыйынтыкталды. Аны уюштургандар өлкө боюнча улам чечилбей, артка жылып жаткан маселелерди чечүү үчүн аракет жанданаарын, жер-жерлерде ушундай жыйындар өтүп, күзүндө Бишкекте чоң курултай өткөрүү мерчемделгенин айтышты. Алар муну менен чечилбей жаткан маселелерге өлкө бийлигинин көңүлүн буруп, аларды чечүүгө жогорку бийликтегилер өздөрү киришкендей кылабыз дешти.

Иш-чара соңунда чек арадагы маселелерди чечүү үчүн өлкө жетекчилигине кайрылуу кабыл алынып, күзүндө Бишкекте өтчү курултайга делегаттар тандалды.

Баткендеги жыйын, 24-июнь, 2014

Баткенде "Эркин элге" бут тосушту
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

XS
SM
MD
LG