Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Сарпашевди санаага салган “Градиент”


Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев "Азаттыктын" студиясында. Бишкек, 29-декабрь, 2012.
Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев "Азаттыктын" студиясында. Бишкек, 29-декабрь, 2012.

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев түзгөн “Градиент” фирмасына байланыштуу кылмыш иши козголду.

Ички иштер министрлиги бул фирма жол куруу иштеринде бааны ашырып жиберген деп айыптоодо. Сарпашев өзү болсо өкмөткө келери менен “Градиент” фирмасын ишенимдүү башкарууга өткөрүп бергенин билдирген.

Техникасы жок эле тендерди утуп...

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев негиздеген “Градиент” фирмасына тиешеси бар иш боюнча кылмыш иши козголду. Бул фирма Бишкектеги Ак-Өргө жаңы конушунда жол куруу боюнча тендерди утуп, бирок жасалган иштин баасын ашкере көбөйтүп жиберген. Бишкек мэриясындагы коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы ага карабай жасалган ишти кабыл алган. Натыйжада мамлекетке 1 млн. сомдон ашуун зыян келтирилген.

Ошондой эле козголгон кылмыш иште “Градиент” фирмасынын жол куруу боюнча техникалары жок туруп тендерге катышканы, утуп алганы да белгиленген.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбеков бул иштер иликтене баштаганын тастыктады:

- Азыр кылмыш иши боюнча иликтөө иштери башталды. Кылмыш ишин 304-берене боюнча Башкы прокуратура козгоп атат. Азыр тергөө жүрүп, аталган фактылардын кандайча болгонун аныктап чыгат.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы бул кылмыш иши боюнча Ички иштер министрлиги иликтөө жүргүзүп жатканын гана айтуу менен башка маалымат бере албасын билдирди.

Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Тайырбек Сарпашев азыркы кезде өлкөдө эмес. Ал чет өлкөгө инвестициялык жыйынга катышуу үчүн кеткен жана өзү келгенден кийин бул маселе боюнча маалымат берилет.

Саясий күрөшпү?

Тайырбек Сарпашевге таандык фирманын Кумтөр менен байланышы жана тендерлерде утуусу боюнча маселе парламентте да көтөрүлүп, депутаттык комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын төрагасы Максат Сабиров азыркы кезде маалыматтарды топтоо иши жүрүп жатканын билдирди:

- Бул иш боюнча суроо-талаптарды жөнөткөнбүз. Ошолорду алып жатабыз. Тогуз фирма экен. Алардын баары боюнча суроолорго жооп келгенге чейин бир топ убакыт керек.

Депутаттык комиссия иликтөө ишинин жүрүшүндө Тайырбек Сарпашевди кызматтан четтете туруу талабын койгон. Бирок ал аткарылган эмес. Маалыматка караганда, кызматтан четтетүү үчүн биринчи кезекте Тайырбек Сарпашев өзү арыз берүүгө тийиш эле. Андай арыз болгон эмес.

Тайырбек Сарпашев анын дарегине айтылып жаткан айыптоолорго байланыштуу жооп берип жатып, ага таандык фирмаларды ишенимдүү башкарууга өткөрүп бергенин билдирген. Бирок ал фирмалардын тийиштүү техникалары жок туруп эле тендерлерди утуусу, Кумтөргө май ташуусу депутаттар арасында, коомчулукта суроолорду жаратып келатат.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Тайырбек Сарпашевге байланыштуу маселелерди саясий күрөштүн уландысы катары карарын билдирген эле:

- Бул саясий күрөштүн уландысы. Парламенттик мамлекетте акыйкаттык көбүрөөк болот дегендин белгиси.

Президент Алмазбек Атамбаев 17-декабрдагы маалымат жыйынында эгерде Сарпашевдин коррупциялык иштерге тиешеси бардыгы аныкталса, ал дагы жазасын аларын айтканы бар.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG