Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Чекисттердин чекиши: Ким - кимдин “долбоору?”


Кызматтан өз ыктыяры менен кетээрин жарыялаган УКМК төрагасынын биринчи орун басары Марат Иманкулов.
Кызматтан өз ыктыяры менен кетээрин жарыялаган УКМК төрагасынын биринчи орун басары Марат Иманкулов.

Генерал Иманкуловдун УКМК саясий куралга айланганы тууралуу билдирүүсү коомчулукта түрдүү кептерди пайда кылды.

Кызматынан чегинген Коопсуздук комитетинин башчысынын биринчи орун басары Марат Иманкуловго аталган мекеме жооп кайтарып, билдирүүнү кандайдыр бир күчтөрдүн атайын долбоору болушу мүмкүн деп болжоду. Атайын кызмат төрагасынын экс-орун басары азыркыУКМК бийлик башындагылардын саясий куралына айланып калды деп билдирген эле.


УКМК ишине ичи чыкпагандар арбынбы?


Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн атынан тараткан комментарийинде Марат Иманкуловдун билдирүүсүнө кабатырланды:

- Өлкө президентинин, куралдуу күчтөрдүн башчысынын куралдуу күчтөрүнүн башчысынын тиешелүү кызматтык тажрыйба, олуттуу ресурстары жок саясий күрөштүн айлампасына аралашпоо деген достук, арам ойсуз айтылган кеңеши Марат Иманкулов тарабынан офицердин да, эркектин да намысына туура келбей тургандай өзгөртүлүп, пресс-конференцияда бурмаланган түрдө айтылганы да биз үчүн өкүнүчтүү, - деп айтылат маалымат кызматынын билдирүүсүндө.

Коопсуздук комитети ошондой эле биринчи орун басар Иманкуловго Антитеррордук Борбордун башчысы катары кадр тандоого толук укук берилгендигин белгилеп, дооматтарын төгүндөгөн.

Анткен менен Коопсуздук комитетинин ишмердигине ичи чыкпаган тарап Иманкуловдун билдирүүсүндө данек бар деп, аны колдоп жатат. Улуттук Коопсуздук кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Кубатбек Кожоналиевдин баамында, Аскар Акаевдин бийлигинин тушунда Ички иштер министри катары белгилүү азыркы биринчи чекист Кеңешбек Дүйшөбаев атайын кызматта алчы-таасын жеген чыныгы адистерге өгөй мамиле жасап жатат:

- Ар бир адам өзүнүн функциялары менен шугулданса жакшы болот эле. Чекисттер менен жаңы эле сүйлөштүм. Алар Улуттук Коопсуздук кызматын таратып кайрадан түзүш керек дегенди айтып атышат. Анткени ар кошкондор келип отуруп, мунун баркын кетирип бүтүрүштү. Бул кызмат азыр шпионду эмес, шпиондун изин көрбөгөн кызмат болуп калды. Бул саясий куугунтуктоо менен алектенген кызмат болуп калды.

Кубатбек Кожоналиев Коопсуздук кызматы бир дагы бийликтин тушунда өзүнүн табийгый функциясын аткарган жок дейт:

- Мында (УКМК) чалгындоо, контрчалгындоо, терроримзге, экстремизмге каршы күрөшө турган гана функциялар калышы керек. Экономикалык кылмыштарга, уюшкан кылмыштарга, баңги заттарга каршы күрөштүн баары алынып, башка органдарга берилиши керек болчу. Бирок бүгүнкү күнгө чейин кайсы жетекчи келбесин, ар кайсы шылтоо менен өзүнө калтырып жүрүп отуруп атат.

Мындай көрүнүштү Кожоналиев бийликтин саясий кызыкчылыгына байлап, өзүнөн чыккан жетекчилердин биринин терсаяк билдирүү менен чыгышы буга далил дейт.


Кадр саясатындагы катачылыктар


Дегеле Коопсуздук мекемесиндеги кадр саясаты сынга алынганда чекисттердин милдетин ички иштер кызматкерлери аткарып калгандыгы башкы өксүк катары аталып жүрөт. Талдоочулар мындай тенденция “темир генерал” атыккан Феликс Кулов Коопсуздук кызматын башкарууга киришкен 90-жылдардын этегинде башталып, анын шакирттеринин бири саналган Мурат Суталиновдун убагында ал ого бетер өөрчүгөнүн айтып жүрүшөт.

Мурдагы коопсуздук кызматкери Кубатбек Байболов баш прокурордун милдетин аткаруучу кызматынан ушул жазда алынгандан кийин, парламентте жасаган билдирүүсүндө Коопсуздук комитетин жарандардын телефон байланыштарын тыңшап жатат, жандармериялык мекемеге айланды деп сындаган.

Буга байланыштуу Кыргызстан чекисттеринин атынан жазылган ачык катта мындай сындар кескин айыпталып, тескерисинче Коопсуздук кызматы эми гана мамлекеттин жана элдин тиреги катары күчтөнүп баратканын жазышкан. Ал эми экс-чекисттин билдирүүлөрүн жеке кызыкчылыктардан чыкты деп эсептешкен.

Коопсуздук комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев болсо ошол эле жазгы парламенттик талкууда:

- Биз жакшы билебиз. Мен укук коргоо органдарында иштегениме кудайым буюрса кырк жылга жакындап баратат, ар бир кагаз үчүн дагы, ар бир кыймыл-аракет үчүн дагы, ар бир сөз үчүн дагы, керек болсо кээде ойлогон ой үчүн дагы жооп берерибизди биз жакшы билебиз, - деген болчу.

Коопсуздук комитетинин айланасындагы ушул өңдүү чыңалууну эми президенттик шайлоого талапкер болуу ниетин билдирип жаткан Марат Иманкулов кайра жандандыргандай болду. Анын билдирүүсүнө жообунда болсо Коопсуздук комитети Иманкулов өзү байкабай туруп, баалуулуктарды бузууга умтулган “күчтөрдүн долбоору” болуп калышы да ыктымал деп болжоду.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG