Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:43

Ботобеков: Ташиевдин маселесин элдик дипломатия менен чечүү керек


“Ата Журт” фракциясынын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин тегерегиндеги окуялар боюнча серепчи Уран Ботобеков ой бөлүшөт.

“Азаттык”: “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевге байланыштуу окуя өнүгүп баратат. Мунун арты кандай аякташы мүмкүн?

Ботобеков: Башкы прокуратура Ташиевдин кол тийбестигин алуу боюнча Жогорку Кеңешке сунуш киргизгенден бери бул көбүрүп-жабырып баратат. Мен муну былтыркы апрель-июнь окуяларынан кийинки аймактык бөлүнүүнү дагы тереңдетип, улутчулдук маанайды дагы күчөткөн жараян болуп калабы деп ойлойм. Мунун арты коркунучтуу болушу мүмкүн.

“Азаттык”: Депутат Ташиев бул маселени саясий өңүттөгү окуя катары сүрөттөп жатат. Ошол эле кезде Башкы прокуратура бул мыйзам чегиндеги укуктук маселе экендигин белгилөөдө. Сиз оюңузча, кайсы жүйө негиздүү?

Ботобеков: Албетте Ташиевде да бир топ кемчиликтер бар. Саясий оппоненттери менен күрөшүүдө саясий маданияттын төмөндүгү көрүнүп жатат. Эмоциялык фактор алдыңкы катарга чыгып кетүүдө. Оюндагы сөз биринчи оозунан чыгып кетип, кийин арман кылгандай учурлары кездешип жатат. Ал эми бул иштин укуктук жагын сот жана башка органдар териштирет. Бирок кыргыз саясатында ар дайым кайсы бир саясатчыга кысым күчөп турганда анын колдоочулары аябай көбөйүп, эл баатырына айланган учурлар болгон.

“Азаттык”: Жогорку Кеңеште кылмышка кириптер болгон башка да депутаттар бар экендиги айтылып жүрөт. Ушул окуядан кийин башка да эл өкүлдөрү кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүнбү?

Ботобеков: Кызыктуу жагдай ушунда болуп жатат. Мен билгенден Жогорку Кеңештин көптөгөн депутаттарына кылмыш иши ачылган. Тергөө иштери жүрүп, суралышкан. Ал эми Камчыбек Ташиевге байланышкан иштин факторуна келсек, ал акыркы эки айда президенттик шайлоого катышам деп, ачык айтып келатат. Эл кыдырып жүрөт. Эл менен болгон жолугушууларда кандайдыр бир деңгээлде колдоо тапканын көрүп жатабыз, айрыкча түштүк аймактарында. Ушул айдыңдан алып караганда Ташиевге козголгон кылмыш иштин укуктук жагы кандай болот, айтыш кыйын. Себеби окуя ырбап терс өнүгүп кетсе, укуктук жагы көңүл сыртында калып кетиши мүмкүн.

“Азаттык”: Ушул окуя мындан ары Кыргызстанда адамдар мыйзамды бузса, ким экендигине карабай жоопкерчиликке тартылат деген түшүнүктү жарата алабы?

Ботобеков: Албетте баары мыйзам алдында бирдей болушу керек. Башкы прокуратура бардыгына тегиз караганда парламент депутаттарын кол тийбестиктен ажыратуу маселеси мурда эле көтөрүлүшү керек болчу. Бирок бул биринчи жолу гана болуп жатат.

Менин оюмча, шайлоо алдындагы опурталдуу кырдаалга байланыштуу бул ишти укуктук талаада эмес, элдик дипломатия менен чечүү бүгүнкү шартка туура болмок. Ал эми мыйзам алдында баары бирдей болуу керек. Ташиев өзү да мыйзам алдында жооп берем деп айтып жатат. Бирок кайсы бир электорат үчүн бул маселенин мыйзамдык нукта чечилиши азыр кызыктырбай турат. Жана айткандай бул маселе элдик дипломатиянын талаасында чечилиши керек го...

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG