Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:24

Апта: Үңкүр-Тоонун үйүлгөн көйгөйү


Үңкүр-Тоонун Кербен шаары тараптан көрүнүшү. (Сүрөттү "Азаттыкка" аксылык блогер Адылжан Шамшиев сунуштады.)
Үңкүр-Тоонун Кербен шаары тараптан көрүнүшү. (Сүрөттү "Азаттыкка" аксылык блогер Адылжан Шамшиев сунуштады.)

Аксыдагы Үңкүр-Тоодон Өзбекстан да, Кыргызстан да чек арачыларын чыгарганы менен чек ара маселеси чечилбеген бойдон калды.

Бул жумада Жогорку Кеңеш Кыргызстандын башкы укук коргоочусун тандады. Талапкерлердин көптүгүнөн талапкерлерди тандоо рейтингдик жана жөнөкөй көпчүлүктүн добушун аныктоо негизинде эки тур менен коштолду.


Акыйкатчы шайлоо акыйкат өттүбү?


Акыйкатчылык орунга Рита Карасартова, Токтайым Үмөталиева, Акылбек Сариев, Нурбек Токтакунов, Нурлан Мотуев жана Атыр Абдрахматова сыяктуу укук коргоочулар жана белгилүү коомдук активисттер баш болгон 49 талапкер ат салышты. Бирок талдоочулар акыйкатчыны тандоо талапкерлердин программасына карата эмес, парламенттеги саясий күчтөрдүн дымагына жараша жүргөнүн белгилешти.
Жаңы шайланган акыйкатчы Бакыт Аманбаев Жогорку Кеңеште ант берүүдө, 3-октябрь, 2013.
Жаңы шайланган акыйкатчы Бакыт Аманбаев Жогорку Кеңеште ант берүүдө, 3-октябрь, 2013.

“Ата Мекен” фракциясы парламент спикеринин орун басары Асия Сасыкбаеваны сүрөсө, “Ата-Журт” фракциясы Екатеринбургдагы Кыргызстандын экс-консулу Турдалы Орозбаевди колдоду. “Республика” фракциясы Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын мурдагы жетекчиси, КСДП партиясынын тизмесинде 44-орунда турган Бактыбек Аманбаевге басым жасады. Байкоочулардын баамында, күрөш мына ошол үч фракциянын ортосунда жүргөн.

Акыйкатчылыкка талапкер укук коргоочу Нурбек Токтакунов добуш берүүнүн жыйынтыгы саясий күчтөрдүн күрөшүнүн туундусу болду деп сыпаттады:

- Жаңы тандалган акыйкатчы адам укугун коргоо тармагында иштеген эмес. Ошондон улам мен артка кетебиз го деп ойлоп жатам. Менимче, бул Акыйкатчы институтун көтөрүп кете албайт окшойт. Балким коррупциялык ыкмаларды да колдонуштубу деген ой бар. Саясий күчтөр өздөрүнчө сүйлөшүп алып эле шайлап алышты. Андай жол менен келген акыйкатчы саясий күчтөрдүн алдында милдеттүү болуп калат, ошолор үчүн иштеп берет.

Акыйкатчыны тандоо өлкөдөгү адам укугун коргоону жакшыртууга эмес, саясий күчтөр бул орунду таяныч куралы катары колдонууга белсенгени көбүрөөк айтыла баштады. Мындай жагдайдан улам, жаңыдан шайланган акыйкатчы анын жеңишин камсыз кылган саясий күчтүн кызыкчылыгын коргоого гана иштеп калбайбы деген тынчсыздануу бар.

Анткени Акыйкатчынын калыстыгын камсыздоо жагы мыйзамда так аныкталбай калган дейт коомдук активист Атыр Абдрахматова:

- Азыр шайланган акыйкатчы өз программасын жана укуктарын кантип ишке ашырары мен үчүн түшүнүксүз болуп турат. Албетте эгер депутаттар мыйзамдарды өзгөртүп берсе жакшы болмок. Бирок акыйкатчыны шайлоодо, ошондой эле Турсунбек Акунду бошотууда мыйзам бузуулар болгондугун эске алсак, адам укугун коргоо жаатында чыныгы иштерди жүргүзүү кыйын.

Акыйкатчылык орунга ат салышкандардын арасынан экөө суурулуп чыгып, Бактыбек Аманбаев менен Жогорку Кеңештин төрага орун басары Асия Сасыкбаева добуш берүүнүн экинчи айлампасына чыгышкан. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Бактыбек Аманбаев 52 добуш менен алдыга озуп чыкты. Асия Сасыкбаева кырк беш добуш алып, калган бюллетендер жараксыз деп табылды. Шайлоого катышкан талапкерлер арасында депутаттардын добушун акчага сатып алуу тууралуу имиштер болгону менен ачык фактылар айтылып, тастыкталган жок.

Жаңы шайланган акыйкатчы Бактыбек Аманбаев өзүнүн жеңишин андай саясий чайкоочулук менен байланыштырбайт:

- Бул деген менимче, татыктуу добуш ала албай калган талапкерлер чыгарган ушак болуш керек. Элестетип көрсөңүздөр, парламентте 120 депутат бар. Анын көпчүлүгүнө акча берип добуш сатып алууга мүмкүн дегенди биринчи силерден угуп жатам. Андай болушу деги эле мүмкүн эмес. Ошондой эле бул жерде кандайдыр бир саясий күтөрдүн чоң бир колдоосу болду дегенге болбойт.
Жаңы акыйкатчы: Тажрыйбам жетиштүү

Жаңы акыйкатчы: тажрыйбам жетиштүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:03 0:00



Үңкүр-Тоо: чек ара талашы чечиле элек


30-сентябрь күнү Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтарынын башчылары Аксынын Үңкүр-Тоо тилкесиндеги түзүлгөн кырдаал боюнча жолугушту. Кыргызстандын чек ара кызматынын маалымат борбору жолугушуу өз ара түшүнүшүү маанайында өткөндүгү боюнча маалымат таратуу менен гана чектелди. Бирок мына ошол сүйлөшүүнүн протоколунун мазмуну тууралуу маалымат тартылган жок. Андан соң Үңкүр-Тоодогу тирешип турган эки тараптын чек аскерлери чыгарылып кетти. Мында Өзбекстандын чек ара аскерлерин чыгарып кетүүгө негиз болгон кандай шарттар кабыл алынганы коомчулукка белгисиз бойдон калды.

Бул окуяларга сереп салып турган мурдагы маданият министри Нурлан Шакиев өзбек тарап эч кандай шарты жок эле аскерлерин чыгарып кетти дегенге ишенбей турат:

- Мен бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы ушундай натыйжалуу болду дегенге ишенбейм. Бул жерде кандайдыр бир сыр бар. Мына ошонун айрым бир жагдайлары коомчулукка баары бир эртели-кеч ачыкка чыгышы керек. Анан чек ара маселеси парламентте каралып, анын негизги өзөгү ачык болууга тийиш. Жашыруун болгон иштердин аягы эмне менен бүтөөрүн Кыргызстандын соңку тарыхы бир нече курдай тастыктады.

Жалал-Абаддагы өкмөт өкүлүнүн жүйөөсү

1-октябрь күнү өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубалы Төрөмаматов айрым маалымат агенттиктерине Өзбекстандын чек ара аскерлери 20-сентябрда тик учак менен ташталган Үңкүр-Тоо аймагы өзбек тарапка таандык деп билдирип чыкты. Жусубалы Төрөмаматов ага жүйөө катары кыргыз тарап тааныган өкмөттөр аралык паритеттик комиссиянын 20-номер менен бекитилген протоколун мисал келтирген. Бирок өкмөт өкүлү аталган протоколдун шарттары кандай болгонун түшүндүрүп берген эмес. Жалал-Абад облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Төрөмаматов менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Өкмөттүн өкүлчүлүк аппаратынын жетекчиси Эмил Абдыкадыров телемунара турган тилкени коңшу мамлекеттин аймагы катары тааныган протокол бар экенине токтолду:

- Мына ошондой протокол бар экени бизге да маалым. Өзбекстан биздин аймакка кирген жери жок. Алар өздөрүнө караштуу тилкеге келип, ошол жерге чек ара аскерлерин жайгаштырышты. Мына ошол биздин телемунара турган аймак Өзбекстандын карамагына таандык болгон.

Ошол эле кезде өкмөт башчысынын күч түзүмдөрү боюнча орун басары Токон Мамытов Үңкүр-Тоонун чокусун Өзбекстандын ээлиги катары кыргыз тарап тааныбай турганын айткан болчу. Бирок ал топографиялык карта боюнча Өзбекстандын аталган тилкеге дооматы бар экенин жокко чыгарган эмес.

Бирок Кыргызстандын картограф адистери Өзбекстан коюп жаткан дооматтын негиздүүлүгүнөн күмөн санашат. Анткени адистердин айтымында, мурдагы СССРдин негизги атластык карталарында Өзбекстандын чек арасы линиясы Үңкүр-Тоонун аркы жак бети менен өткөн. “Ал эми өзбек бийлиги жүйөө кармаган аскердик-топографиялык карталардын бардыгы атластык картага негизделет” – дешет алар.

География илимдеринин доктору, профессор, картография жана геодезия боюнча адис Курманалы Матикеев Үңкүр-Тоонун Кыргызстандын ээлиги экенин тастыктаган негизги атластык карталар көп экенине токтолду:

- Бул жер кыргызга таандык экенин тастыктаган көптөгөн жагдайлар бар. Менин колумда 1915-жылдагы Падышалык Орусиянын картасы турат. Ошол эле кезде 1958-жылдагы СССРдин негизги атластык картасы. Мындан сырткары СССР мезгилинде чарба жүргүзүү боюнча райондордун жана колхоз-совхоздордун картасы бар. Азыркы өкмөттө мына ошол карталар менен иштеген деги бирөө барбы өзү?

Мындан сырткары профессор Курманалы Матикеев чек араларды тактоодогу негизги картографиялык принциптерге токтолду. Анын айтымында, эл аралык тажрыйбада чек ара сызыктары тарыхый-чарбалык пайдалануу учурларын эске алуу менен тоо-кыркалары жана дарыялар боюнча аныкталат.

Матикеев мында Аксынын Бозбу тоосунун уландысы болгон Үңкүр-Тоонун чокусу бардык периметрлер боюнча андан ажыратылып каралууга илимий негиз жок дейт:

- Үңкүр-Тоонун чокусу эч качан Өзбекстанга караган эмес. Буга бир канча далилдер бар. Өзбекстан ага доомат коюуга негиз бере турган эч кандай күмөндүү же талаш тартыштуу жагдайлар болгон эмес. Мына бул картадагы Бозбу тоосу уланып отуруп, Үңкүр-Тоого барат. Өзбектсандын чек ара сызыгы мына ошол Үңкүр-Тоонун аркы чети аркылуу өтөт.

Тасмада: Профессор Курманалы Матикеев Үңкүр-Тоонун тарых-таржымалын айтып берди



Үңкүр-Тоого тээ Совет заманында эле Кыргызстандын ретранслятору жайгашкан. Ал Жалал-Абаддын Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондоруна телерадио толкундарды таратып турат. Мындан сырткары ошол эле толкундарды Баткен облусундагы станцияга алып берет. Чек ара тактала элек болгону менен Кыргызстан бул жерди өз аймагы деп билет. Бирок Өзбекстан эми түшүнөн чочугандай бул жерди талаштуу, Кыргызстандын станциясы мыйзамсыз жайгашкан деп чыгышы көпчүлүктү таң калтырды.

Ошентип эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде 2-октябрда түштөн кийин аталган тоодон Өзбекстандын да, Кыргызстандын да чек арачылары чыгып кетти. Бирок андагы чек ара маселеси чечилбеген бойдон калды.

XS
SM
MD
LG