Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:15

Каптагаевди көздөй “кара булут” жылдыбы?


Эмил Каптагаев
Эмил Каптагаев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы өкмөттүн Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгүнө карата кылмыш ишин козгоду.

Анда Эмилбек Каптагаев жана анын орун басарлары өз маяналарына мыйзамсыз кошумча төлөм чегерип алганы аныкталган. Серепчилер бул кылмыш ишинде саясий боёк бар деп мүнөздөшүүдө.

Атайын кызмат “аракетте”...

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым өкүлү Эмилбек Каптагаев жана анын орун басарлары өздөрүнүн айлыгына 25 пайыз кошумча акча чегерип алганын таап чыккан. Мамлекеттик казынага келтирилген зыяндын өлчөмү 781 миң сомду түзгөн. Бул акча кандай негиздеме менен төлөнгөнү көрсөтүлгөн эмес.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов облус жетекчилигине кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана ишенип тапшырылган мүлктү өзүн ыйгарып алуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди:

- Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым өкүлчүлүктүн маяналарга мыйзамсыз кошумча каражат төлөнгөнү такталды. Такталган маалыматтар боюнча 2013-жылдын январь айынан 2015-жылдын июль айына чейин ыйгарым өкүлгө, анын орун басарларына жана башка жооптуу кызмат адамдарына 25 пайыз өлчөмдө айлыктан сырткары кошумча акча төлөнгөн. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

Облус жетекчилигине коюлган бул кылмыш беренелери оор айыптоо катары каралып, соттук практикада мындай кылмыштар үчүн үч жылдан он беш жылга чейинки жаза мөөнөтү чегерилет. Бирок адистер жооптуу мамлекеттик кызматтагы жетекчилерге 25 пайыздык кошумча төлөм атайын жобо менен төлөнүп келгенин белгилешүүдө. Анткени жашыруун маалыматтар менен иштеген мамлекеттик кызматкерлерге кошумча төлөм мурда эле киргизилген. Козголгон кылмыш иши тууралуу облустун жетекчиси Эмилбек Каптагаевдин өзү менен байланышууга мүмкүн болбоду.

Адатта төлөнчү акы беле?

Ал эми анын орун басары Рита Борбукеева бул коюлган айыптоо туурасында буларга токтолду:

- 25 пайыздык кошумча төлөм – бул жакында эле чыга калган жок. Ал мурда эле берилчү экен. Мен мурда иштеген мамлекеттик кызматта деле ошол 25 пайыздык кошумча акыны алчумун. Биз ал айлыкты өзүбүзгө өзүбүз чектебейбиз да. Бул мамлекет тарабынан чегерилген акы. Мындай кошумча акы бир эле бизге эмес, бөлүм башчыларга, райондун жетекчилерине, орун басарларына жана башка кызмат адамдарына берилет. Бул бир эле биздин облуста эмес, бардык аймактарда ошондой.

Анткен менен бул козголгон кылмыш ишинин түпкү себебин талдоочулар шайлоонун алдындагы саясий оюндар менен байланыштырууда. Анткени облус жетекчиси Эмилбек Каптагаев шайлоодо бийлик партиясына жан тартуу жаатындагы борбордун жөнөткөн буйругуна моюн толгогон болушу мүмкүн деген божомолдор бар. “Апрель элим Кыргызстан” коомдук уюмунун өкүлү Талант Очокеев козголгон кылмыш ишинде саясий боёк бар деп эсептейт:

- Анан эми бийликте административдик ресурс деген бар. Бийликтин камчысын чаппай тымызын, башкаларга жан тартканы байкалып калган го. Бардык жерде саясат бар да. Бул саясатсыз иш болбой калды го. Бүт облуста мына ошондой кошумча акы төлөнүп келсе, бирок Ысык-Көл облусу боюнча эле иш козголуп жатса, анын артында кандайдыр бир саясий себеп бар.

Ысык-Көл облусунун жетекчиси Эмилбек Каптагаев азыркы ээлеген кызматына мындан үч жыл мурун дайындалган. Ага чейин Каптагаев мурдагы президент Роза Отунбаеванын аппаратын жетектеген. Ошондой эле ал Бакиев бийлигинин тушунда бириккен оппозициянын өкүлү катары 2010-жылы бийликке келген убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон.

XS
SM
MD
LG