Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Сарлыкбек: Туу үчүн аталар жанын берген...


Борбордук аянттагы желек көтөрүү. Бишкек, 4-май, 2015-жыл.
Борбордук аянттагы желек көтөрүү. Бишкек, 4-май, 2015-жыл.

Кыргызстандан сыртта окуп жана иштеп жүргөн жаштардын демилгеси менен бүгүн Кара-Балта шаарындагы Жайыл баатырдын эстелигинин жанына мамлекеттик туу көтөрүлүүдө. "Азаттык" демилгечилердин бири, ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу менен маектешти.

"Азаттык": Темирлан мырза, бүгүн Кара-Балта шаарында Жайыл баатырдын эстелигинин жанына Кыргызстандын мамлекеттик туусу көтөрүлөт экен... Бул силердин демилгеңер менен көтөрүлгөн канчанчы желек?

Сарлыкбек уулу: Кара-Балта шаарында биз үчүнчү желекти орнотуп жатабыз. Буга чейин Таласта, Чыңгыз Айтматов атындагы гүлбактын ичине орноткон элек. Бийиктиги 27, аянты жүз чарчы метр. Экинчисин Суусамыр жайлоосундагы Жалал-Абад, Талас, Чүй облустары тогошкон жолго, Өтмөк ашуусуна кире бериштеги Манастын эстелигинин жанына орноттук. Анын бийиктиги 24 метр болсо, аянты жүз чарчы метр. Бүгүн да орнотулган туунун бийиктиги 30 метр болсо, аянты жүз чарчы метр.

"Азаттык": Жер-жерлерде Кыргызстандын мамлекеттик желегин орнотуу кандай максатты көздөйт? Шайлоо жакындап келе жаткандагы аракеттер эмеспи?

Сарлыкбек уулу: Жок. Эч кандай саясат менен байланышы жок. Туу орнотуп, желек желбиретүү демилгесин Түркияда жана башка чет мамлекеттерде окуган жана иштеген кыргызстандык бир тууган мекендештер көтөрүп, ошолор ишке ашырууда. Булардын эч кимиси саясатка аралашкан эмес, жакын арада аралашалы деген максаттары да жок. Бул демилгенин артында Кыргызстанды дайыма эч кимге көз карандысыз эгемен өлкө катары көрүү, туусу бийик көтөрүлүп, желеги желбиреп туруусун каалоо гана турат.

"Азаттык": Мурдараак Манас Ордодогу Кароол дөбөгө да мамлекеттик желек орнотуу демилгеси көтөрүлдү эле. Ал эмне үчүн ишке ашпай келе жатат?

Сарлыкбек уулу: Эки жыл болуп калды бул демилгенин көтөрүлгөнүнө. Биз толук даярбыз, тууну орнотууга даярдыктар бүткөн. Бирок ошол эки жылдан бери Манас Ордонун уруксатын күтүп жатабыз. Алар ар кандай шылтоолорду айтып, уруксат бербей жатышат. Ал шылтоолордун бири – желек жыртылып калса, аны ким алмаштырат деген маселе.

"Азаттык": Ырасында, тууну орнотуп, желек көтөргөн соң, ал жыртылып калса, убагында алмаштырып туруу зарылчылыгы бар. Бул дагы өзүңүздөрдүн моюнуңуздарда болобу же жергиликтүү бийликке өткөрүп бересиздерби?

Сарлыкбек уулу: Азыркы убакта тууну көтөргөн соң, желекти да өзүбүз алмаштырып жатабыз. Бирок менин жеке пикиримде, бул жергиликтүү бийликтин иши болушу керек. Анткени, туу Кыргызстандын, мамлекеттин символу. Биз кайсы бир саясий партиянын, же бир жеке ишкердин, уюмдун, ишкананын туусун эмес, жалпы Кыргызстандын туусу көтөрүп жатабыз. Тууну алмаштыруу кымбат болушу мүмкүн, бирок, ошол кымбат деп айтып аткан сумма кишилердин эки галстугунун же бир костюмунун акчасына жетпеши мүмкүн. Кымбат деп, Кыргызстан үчүн ата-бабаларыбыздын берген өмүрүн, жанын айтууга болот. Алар да өз жанын туунун алдында кымбат көргөн эмес, алар үчүн кыргыз элинин, мекенинин, журтунун келечеги, эркин өлкө Кыргызстандын туусу бийикте желбиреп турганы кымбат болчу. Ошондуктан, желек жыртылып калса, аны алмаштырууну кымбат көргөн жетекчилерге мен түшүнбөйм.

"Азаттык": Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG