Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:22

Каадасы катуу, камылгасы чийки оюндар


Көчмөндөр оюндары, 2018-жыл
Көчмөндөр оюндары, 2018-жыл

Талас шаарында бүгүн Улуттук көчмөндөр оюндары башталды. Бирок ага карабай шаардын ат майданындагы курулуш иштери аяктай элек.

Талас шаарынын Райкан Алканов атындагы ат майданы Кыргызстандын алты дубанынан келген конокторду тосуп алууга даяр эмес. Улуттук көчмөндөр оюндары 16-сентябрда башталды деп эсептелгени менен ат майдандын тосмолору алигиче боёлуп бүтө элек. Ал жерде таман таш (брусчатка) жаңы төшөлүп, отургучтар толугу менен орнотулуп бүтө элек, ал эми тосмого ширетилүүчү түндүктүн формасындагы темир жасалгалардын боёгу кургай элек.

Тосмолорго ширетилчү түндүктүн формасындагы жасалгалар
Тосмолорго ширетилчү түндүктүн формасындагы жасалгалар

Буга байланыштуу эртең мененки саат 10до баштала турган алгачкы көкбөрү оюнун саат 16:00гө жылдырууга да туура келди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурпери Садырбекова билдирди:

«Негизи программа боюнча мелдештер эртең менен башталмак. Бирок көрүүчүлөргө толук шарт түзүлбөгөндүктөн 16:00гө жылдырылды. Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик «оюн өтчү жерди спортчуларга ушул убакытка даярдап беребиз» деп билдирди».

Ат майдандын курулуш иштерине дээрлик бардык мамлекеттик мекемелердин жумушчулары тартылган. Мисалы, тосмолорду боёп жаткан аялдар - Талас облустук мамлекеттик статистика башкармалыгынын кызматкерлери. Алар бул жерге өз ыктыяры менен келгенин, маанайлары жакшы болгонун айтып, саат 16:00гө жетишип калабыз деген үмүттө. Алар мындай жагдайды каражаттын кеч бөлүнгөндүгү менен жана аба ырайы менен байланыштырышат.

Жумушчулар ат майдандагы отургучтарды орнотуп жатат.
Жумушчулар ат майдандагы отургучтарды орнотуп жатат.

«Эми каражат кеч бөлүнүп, жумушчу күчтөр табылбай, көп кырдуу маселелер болуп калды, - деди алардын бири. - Жаан көп жаады, ошол да кедергисин тийгизди. Бирок эми саат төрткө чейин бүтөт. Көбү бүтүп калды. Али убакыт бар».

Ушул эле тапта Талас шаарына кирген жерде орнотулган арка да толук боёлуп бүтө элек. «WhatsApp» аркылуу тараган видеодон Таластын тургундары жергиликтүү бийликтин мындай аракеттерине нааразы экенин көрүүгө болот.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Бакай Садыров болсо «Азаттыкка» бул тууралуу эч кандай маалымат бере албай турганын айтты.

Таластагы ат майданды курууга тендер жарыяланган. Бирок маалыматка ылайык, курулуш иштери каражат кечирээк бөлүнүп калгандыгы үчүн кечеңдеген.

Көчмөндөр оюндары Талас облусунунда негизинен үч жерде өтөт. Ат оюндары Райкан Алканов атындагы ат майданда, күрөш жана башка оюндар боюнча мелдештер Талас шаарынын батыш жагында курулган «Газпром» спорт комплексинде өтөт. Ал эми башка маданий иш-чаралар, оюндардын ачылуу жана жабылуу аземи «Манас Ордо» маданий комплексинде өтүшү пландалууда.

Расмий маалыматка ылайык ат майдандын айланасында 120га жакын боз үй тигилген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG