Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:11

Кыргызстанда добуш берүү аяктады


Бишкектеги добушканалардын бири.
Бишкектеги добушканалардын бири.

Кечки саат жетиде Кыргызстандын аймагындагы бардык добушканалар жабылып, добуштар эсептелине баштады.

Бишкек убактысы боюнча 22:30га БШК берген маалыматка ылайык, бүгүнкү президенттик шайлоого жалпы шайлоочулардын 60,27 пайызы добуш берүүгө катышты. Чүй облусунун шайлоочулары добуш берүүгө эң активдүүлүк көрөстүп, шайлоого келгендер 81,53 пайыздан ашты. Кийинки орундарда Талас (80,77%), Нарын облустары (73,04%) жана Бишкек шаары (66,92%) түздү. Ысык-Көл облусунда болсо 64,58%; Ош шаарында 49,36%; Жалал-Абад облусунда 47,78%; Баткен облусунда 48,53%; Ош облусунда 51,32% пайыз шайлоочу катышкан.

Учурда шайлоо жайларында добуштарды эсептөөлөр жүрүп жатат, андыктан көрсөткүчтөр өзгөрүүдө.

Бүгүнкү президенттик шайлоодо 16 талапкер ат салышты.


Кыргызстанда президенттик шайлоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:20 0:00

XS
SM
MD
LG