Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:48

Келдибеков президенттикке ат салышабы?


22-февралда “Кыргыз туусу”, “Айкын саясат”, “Алиби”, “Фабула”, “Жаштар.Kg”, “Обон” жана башка гезиттер жарык көрдү.

“Кыргыз туусу”

Президент Роза Отунбаеванын Талас облусундагы иш сапары, калк менен жолугушууларын кеңири баяндады. Карапайым калк өлкө башчысына көп көйгөйлөрүн айтып, “Манас” сабагын мектептерде окутуу керектигин, Шекер айылына Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотууну, ушул айылга залкар жазуучунун көркөм-маданий комплексин курууну, облус аймагында медицина кадрларынын жетишпегендигин, жергиликтүү телерадио берүүлөрүн ачуунун зарылдыгын айтып, төө буурчак көйгөйлөрүн ортого салышкан.

Президент элдин көйгөйлөрүн угуп, айрымдарын чечүүгө аракеттер көрүлүп жатканын, өкмөт дыйкандарга 9 пайыз менен насыя берүү үчүн 1 млрд. сом бөлгөнүн, Орусия 800 тонна төө буурчакты сатып алууга макул болгонун айткан.

Гезит “Акматбек Келдибеков президенттикке ат салышабы? - деп суроо коюп, парламент төрагасы менен кеңири маек курган.

- Сиздер Бакиевдер тууралуу башка саясатчыларга окшоп катуу сын айткан жоксуздар да? –деген пикирге спикер мындай деген: "Кыргызда бир макал бар го, “Качкан жоону сайган эр жигиттин иши эмес” деген өңдүү да.

Ал азыркы төрагалык укуктары президенттикинен ылдый эместигин белгилеп, бирок президенттикке ат салышар-салышпасын ачык айткан эмес.

“Айкын саясат”

Журналист Үсөн Касыбеков Коомдук телерадио коррпорациясынын талашка түшкөнүнүн себептерин талдоого алган. “Кыргызстанда орчундуу саясый окуя болсо эле алдыдагы шайлоого такай койгон өнөкөт. КТРдагы талаштын негизги себеби- “Ата-Журт” фракциясы өлкөнүн маалымат мейкиндигине өз көзөмөлүн орнотуу менен байланышуу. “Ким маалыматка ээлик кылса, ал бүт дүйнөгө ээлик кылат” деп бекеринен айтылбаса керек", - дейт автор.

Касыбеков кыргыз тилдүү гезиттерди дагы сынга алып, “бетин ачып көр-туташ ушак. Кадам сайын учуртма кептерге кабыласың. Ойдун кунарсыздыгы, сабатсыздык, жалган жалаа, фантазия - чоң жетишкендик, чеберчилик, эрдик катары кабыл алына баштады. Чагымчыл журналисттер менен ушакчы гезиттердин күнү тууду. Кыргыз гезиттеринин азыркы жосун-жоругу жаман. Бул жакшы тенденция, жөрөлгө эмес, - деп муңканат журналист.

Гезитте маданият министри Нурлан Шакиев да сынга алынган. “Мындай өзгөрүлмөлүү адамдар маданияттын, руханий табылгалардын баалуулуктарын терең түшүнө албайт. Маданиятты өстүрүү үчүн эң башкысы профессионализм керек”- деп жазылган.

Ысык-Көл обулусунун Тоң районунун айрым тургундарынын “атажуртчу” жаңы губернаторго каршы экенин, нааразылык акция уюштурганы жатканын, көлгө чарбачыл, билимдүү, тажрыйбалуу жетекчи керектигин айтышкан. “Эл деген селден да жаман экенин тарых бир эмес эки жолу далилдеди” -деп эскерткен Алмаз Бектурганов.

“Алиби”

“Алиби” гезити башкы прокурор Кубатбек Байболовдун ордуна “Ата-Журт” фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев кудаланып жатканын, президенттин мураскору Эмил Каптагаев болушу ыктымалдыгын, ички иштер министринин орун басары, генерал Мелис Турганбаев өлкөдө 2-3 гана уюшкан кылмыштуу топ бардыгын айтып, аларды ИИМде, прокуратурада, УККда, соттордо колдогон “крышалары” бардыгын тайманбай айтканы баяндалат.

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиевдин “катта” зор пландары бардыгын, Ош окуясында эрдик көрсөтүп, кадыр-барк күткөнүн, учурда күпүлдөп жатканын жазышты.
“Камчыбек жазгы тополондордон оолак болуу максатында коалициядан чыгуунун камын көрүп жаткан кези... Ал Атамбаевдин өкмөтүн “отко” сала берип, өзү четке чыга берүүнүн, ыңгайлуу учурларды күтүп, “катта” планын иштеп жаткан учуру. Буйурса, Камчыкеңдин “жаңы сезонуна” кабылчу күн да алыс эмес көрүнөт” - деп жазат “Алиби”.

Гезитке Камчы Көлбаевдин апасы Майа Көлбаева интерью берип, “Менин жана неберелеримдин өмүрү коркунучта” деп коңгуроо каккан. “Мыйзамдагы ууру” атыккан Камчынын энеси азыркы бийликтин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүп жаткан жолуна нааразы болгон. “Булар чылпагын алабыз деп, көзүн чукуп жатышат”- деген оюн ортого салган.
Уулу Камчы көл элине көп ирет акчалай жардам берип, колдоо көрсөткөнүн, балдары-кыздарынын, неберелеринин артынан шектүү адамдар аңдып жүрүшкөнүн, аларды жашыруу аргасыз болгонун, белгисиз бирөөлөр өзүн да атып, үйүн жардырып, өрттөгөн фактылар болгонун, “кара пиар” менен көлгө быйыл келүүчү туристтерди үркүтүп жатышканын Майа Көлбаева ачык билдирген.

“Фабула”

Ысык-Көл обулусунун ички иштер башкармасынын жетекчиси Жалил Илипбаев маек куруп, Камчы Көлбаевдин үйүнө тинтүү жүргүзүшкөнүн, кылмыштуу топтун 14 мүчөсү кармалып, 12си кылмыш жообуна тартылганын айткан. "Камчы Көлбаевдин Чолпон-Атадагы үйүнө, мал сарайына тинтүү жүргүздүк. Кылмышка эсептелүүчү эч нерсе тапкан жокпуз. Көлбаевдин үстүнөн иликтөө иштери токтотулбайт” - деп билдирген Жалил Илипбаев.

Журналист Баратбай Аракеев өлкөдө стабилдүүлүк жетпей турганын, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү өтө кеч башталганын, өкмөттүн жана парламенттин курамында бакиевчилер басымдуулук кылаарын талдоого алган.

“Жаралуу жырткыч коркунучтуу” дегенде эстесек, Бакиев жана бакиевчилер кайра кайтса, кыргынды ошондо көрүп ал. Алар үчүн адам өмүрү чыйт түркүрүмгө да тете эмес. Ошондуктан эми бакиевчилерге каршы күрөштү башташ керек. Дон Кихот өңдөнүп тегирмен менен кармаша берүүнүн кереги жок”- деп жазат Аракеев.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев гезит окурмандарынын суроолоруна жооп берген. Ал Бабанов менен дос экенин, 14 миң сом гана айлык алаарын, үй-бүлөөсү чоң, 8 кишиден тураарын, чет өлкөлөрдөгү элчиликтердин жана башкы консулдуктардын саны 31 экенин айтып берген. Андан сырткары Бакиев Мараттардын экөөсү менен жакшы тааныш болгонун, чет жерде жүргөн мекендештерине мыйзам чегинде жардам берүүгө аракет кылаарын министр ачык билдирген.

"Жаштар.kg"

Жаңы гезитке жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкулов маек курган.
“Менин биринчи сүйгөнүм - китеп... деген ал. Министр болом деп ойлогон эмесмин. Мугалим болсом деп жашымда кыялданчумун. Мени жаштар келечегине ишенбегени түйшөлтөт. Мунун баары учурдагы оор кырдаалга байланыштуу. Китеп окуп, билимге умтулуу керек. Келечек-жаштарга таандык", - деп жаштарга үмүт жандырат министр.
XS
SM
MD
LG