«Учур»
Генерал Өмүрбек Субанбеков Ысык-Көлдө спикер Акматбек Келдибеков менен кримавторитет Камчы Көлбаев чогуу эс алганын айткан. 5 жыл мурда раматылык Рысбек Акматбаевге 2 чамадан акча көтөрүп барган үлкөн чиновник бүгүн дагы бийлик сересинде отурганын кабарлап, анын ким экенин табышмактаткан.
Гезит күзүндө өтчү президенттик шайлоого чыкчу 7 талапкердин ысымдарын атап, алар: А.Атамбаев, К.Ташиев, Т.Сариев, А. Мадумаров, А.Келдибеков жана А.Жекшенкулов болоорун, кимиси марага жетет, кимиси «ойт» берет, аны мезгил көрсөтөөрүн жазды.
Президент Роза Отунбаеванын 85 жаштагы энеси Салийка апа менен болгон маек жарык көрдү. Анда Салийка апа журт башчысынын энеси болуу кыйын экенин, 7 кыз, 1 уул тарбиялап өстүргөнүн, Роза –экинчи кызы экенин, 40 жыл мугалим болуп иштегенин, абышкасы экөө классташ болгонун, ал сот тармагында, обкомдо жетекчилик кызматтарды аркалаганын, ар күнү таң атпай бардык гезиттерди окуп чыгаарын, журналисттер ар кандай-ушак айыңдарды көп жазып, элди дүрбөтүп жатышканын, жалгыз уулун эжеси кызматка койбой, апасынын тилин албай жатканын айткан.
Гезит «Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин орунда кимдер тапталууда?» деп суроо коюп, жооп издейт. «Министрди алуу идеясы көтөрүлө баштаптыр.Талапкерлер тапталып, такталып жаткан учуру. Алар: Жеңиш Жакыпов, Бакыт Жусубалиев жана Мелис Турганбаев. Булардын кимиси алдыга озуп чыгып, «эки тизгин, бир чылбырды» колго алат, азырынча белгисиз. Кыязы, өкмөт башчы А.Атамбаев жогорудагы 3 профессионал кадрдын бирөөнү министрликке дайындашы күтүлүүдө, - деп жазат Сакен Бөрүбаев.
«Айат»
Баш редактор Жылдыз Мусабекова бийликтегилер кызмат атасынан калгансып, манчыркашканын, учурда кесипкөйлөр бааланбай, иштин көзүн билбеген капчыктуулар дале бийликте отурганын, Кыргызстанда эркиндиктин баркына жетпей тумандап турган учур экенин жазды.
«Мына Кыргызстандан соккон революция, «президент куумай» жел аргысы далай кыр ашып бүтүндөй Араб өлкөлөрүн чулгады. Убагында биз гумандуулук кылып Акаев менен Бакиевдин кыргыз элинен тоноп кеткен акчаларына арест коюп, элге кайтарып бергенде мынчалык калк мүңкүрөбөйт беле, ким билсин?» - деп суроо койот автор.
Ушул гезитке Жогорку Кеңештин депутаты, Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев интервью берди. Ал бизнесин 73 жаштагы атасы жүргүзөөрүн, айрым гезиттер ар кандай имиштерди текшербей жаза беришээрин, премьер-министрди - 24 киши, спикерди – 25 жан сакчы, президентти -36 сакчы кайтарып жүрөөрүн, экс-ажо Бакиевди «атакем» деп айтпаганын, Кыргызстандын келечеги жакшы болоорун айткан.
Бишкек мэри Иса Өмүркулов да интервью берип, Жапониядагы иш сапары, эки тараптуу келишимдер, шаардын генпланын бузгандар жоопко тартылбай жүргөнүн, майлуу, сүттүү жердин баары эбак сатылып, айрымдар каалаган жерге имараттарды плансыз салып, учурда шаарды оңдойм деп «жылаандын куйруктарын» басып алып, соттошуп жатканын, мэр болгону душманы да, досу да көбөйгөнүн, башаламан базарды жөнгө салуу аракетине токсоол болгондор бардыгын, айрым журналисттер ушак-айыңды көбүртүп, далилсиз жалаа жаап жатышканын, өзү эс алууну унутуп, асыл тукум жылкылары каралбай калганын, жакында эгиз неберелүү болушканын кенен айтып берген.
«Айгай»
Гезит«Курултай кимдин «көзүрү»? деген макаласы менен жүзүн ачты. «Баш мыйзамда Элдик курултай жөнүндө атайы мыйзам, жобо да бар. Бирок анын эрежеси, механизми иштелбеген. Курултай түзүлсө жылына 2 жолу чогулуп, эл президент, парламент, өкмөттөн отчет алып турууга укугу бар. Элдик курултайдын өзөгү-келечектүү. Курултай түз сүйлөп, түз жүргөн, сатылбаган, элде кадыр-баркы бар инсандарды шайлай алабы? Же кайрадан «дүжүрлөр» чогулушуна айланып, кимдир бирөөлөрдүн «көзүрүнө» айланып калабы? Кеп ушунда...Сиз не дейсиз, окурман?- деп баш редактор Кенжебек Арыкбаев суроо узатып, окурманга «жем» таштайт.
Кримавторитет Камчы Көлбаев 2008-жылдын апрель айынан баштап 2011-жылдын 11-январына чейинки убакыттарда «Манас» аэропортунан 50 ирет чек арадан ары-бери өткөнү расмий катталган экен. Ал Ташкент, Москва, Стамбул, Дубай шаарларына Бишкектен далай учкан дешет. Ал түгүл Лондонго эки жолу Бишкектен учканы катталган. Карабалталык Алмаз, бишкектик «Водолаз» деген кримавторитеттер бейкапар жүрөт. Эмиратта качып, бекинип жүрөт деген Алмамбет азыр Ошто жүрсө, булардын бирөөсү да кармалбай, ээн-эркин сайтаңдап жүрсө, майда «чабактары» гана колго түшүргөн ИИМ министри эмнеге мактанып, дердеңдейт, -деп жазат журналист Памир Манас.
«Майдан. kg»
«Ата-Журт» фракциясынын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин «Бакиевдер мени каматууга бүт күчүн жумшаган» деген маегин басты. Анда ал 2000-жылдан бери ар кыл мамлекеттик кызматтарды аркалап келгенин, учурда кеңешчиси жоктугун, мунай бизнеси бардыгын, азыр ал ишти бир туугандары улантып жатышканын, сөзүнө бекем турган жигит экенин, учурунда Максим Бакиев каматууга аябай аракет кылганын, спикер Акматбек Келдибеков чыныгы досу болоорун, аларды байлык да, бийлик да, эч ким ажырата албастыгын, ашыкча жердешчил болбой, жакында Чүйдөн куда күткөнүн, 3 уул, 1 кызды тарбиялап жатканын кенен айткан.
«Асман. kg»
Жогорку Кеңештин депутаты Токон Мамытовдун өкмөт башчы менен парламентти кагыштырып, саясый упай топтойм деген бузуку күчтөр иштеп жатканын, президенттик шайлоо алдындагы талаш-тартыштар далай болоорун, коргоо кеңеши боюнча даярдалып жаткан мыйзам долбоору тууралуу 2 бет кенен айткан маеги жарык көрдү.
Камчыбек Ташиев - президент, Роза Отунбаева ага кеңешчи болоорун алдын ала айткан төлгөчү Чынара Таштанбек кызынын пикири да чыкты.