Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:26

Ажону кимдер артка тартууда?


Бейшембиде жарык көргөн кыргыз гезиттерине баяндама.

“Азия ньюс” гезити бүгүнкү санын экс-депутат Бегалы Наргозуевдин бийликти бардык жагынан сынга алган интервьюсу менен ачты. Наргозуев “Атамбаев азыр алсырап бараткан бийлигин сактап калуунун гана айласын кылып калды, Атамбаев айткан жыргал замандан такыр эле дайын жок, Ширшовдун схемасы бир гана учурда иштейт. Ал өлкөнүн президенти менен тил табышканда гана. Ширшовдун энергетикадагы схемалары иштеп аткандыктан бийлик мурунку режимдегидей эле суу көп болсо да “суу аз деп”, сууну коңшу өлкөлөргө сатып жатат. Эгер Атамбаев күчтүү лидер болгондо Фарид Ниязов, Абдил Сегизбаев, Данияр Нарымбаев сыяктуу функционерлердин оозун карамак эмес. Атамбаевдин күзүндө таянар таянычы өлкөдөгү реформалар болбой, XIX кылымдын деңгээлиндеги трайбалисттик-регионалисттик идеологияга ууланган күчтөр гана болот”, - деп сынга алды.

Соттолгон депутат Камчыбек Ташиев кабарчынын: "Эми сиз кандай кадамга барасыз? Жалал-Абадда эл кайрадан козголушу мүмкүнбү?" - деген суроосуна:

- Эгер адилеттүүлүк тебеленип аткан болсо, азыр эл чыдап туралбайт. Бүгүнкү бийликтин жасагандарына карапайым калк өз баасын бере турган күн да алыс эмес. Жакында саясый кырдаал бир топ өзгөрүүлөр менен коштолот,–деп жооп берди.

Ушул эле гезит “Ажону артка тарткан Абдил менен Фаридби?” деген жалпы теманын алдында бир катар адамдардын ойлоруна орун берди.

Соттолгон депутаттын дагы бири Садыр Жапаров өз интервьюсунда депутат Турат Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбеков саясаттын курмандыгы болгонун, ошон үчүн байкушту жөн эле чыркыратып, ак жеринен 9 жылга кесип койгонун, соттор ушинтип жогор жактын көрсөтмөсү менен тескери чечимдерди чыгара берсе акыры жооп бере турган күн да келерин айттты.

Күлүйпа Курманбаева аттуу экстрасенс менен аңгеме курган гезит кабарчысы Сурат Жылкычиев азыркы президенттин ордуна ким келерине кызыгып суроо бергенде ал:

- Атамбаев президенттик мөөнөтүнүн аягына чейин олтурат. Эч кандай революция болбойт. Кан төгүлбөйт. Күч менен бийлик алмашпайт. Анткени Атамбаевдин элден чочулап, бийликке тырмышпай турганы көрүнүүдө. Кийинки президент 45-55 жаштын ортосундагы адам болорун эскерте кетейин, - деп жооп берди.

Ушул эле гезитте Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Чолпонбек Абыкеев кыргыз тилинин келечеги тууралуу сөз кылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулунун “КСДП менен “Ата Мекендин” ортосунан ырк кетти” деген интервьюсу да тартууланды.

Кабарчынын: "Күздүн келиши менен парламентте коалиция урап, жаңы коалиция куралат деп атышат. Бул боюнча сиздин пикириңиз?" - деген суроосуна Турсунбай Бакир уулу:

- Ооба, күзүндө азыркы парламенттик көпчүлүктөн турган коалиция ыдырашы мүмкүн. КСДП менен “Ата Мекендин” ыркы келишпей калганын баары көрүп турат. Күзүндө “Ар-намыс” менен “Республикадан” депутаттык топторго бөлүнүп кеткен депутаттарды кошуп, жаңы көпчүлүк коалиция түзүлөрүнө ким ишенбейт? “Жаңы өкмөт парламентке кирбеген партиялардын өкүлдөрүнөн түзүлсүн” деген сөз –Убактылуу өкмөттүн өзү түзгөн Конституция менен идеологиясына каршы келип атпайбы. Анда партиялык тизмелер боюнча бизге жат шайлоолордун кереги не?- деп жооп берди.

Депутат Турсунбай Бакир уулу аңгемесинин аягында “Ар-намыс” фракциясы 13-августка чейин акыйкатчылыкка талапкерлерди көрсөтүү боюнча өзүнүн кезексиз жыйынын өткөрөрүн, анткени фракциядагы депутаттардын ичинен өз талапкерлигин койчулар барын, эгерде фракция анын талапкерлигин көрсөтө турган болсо, ойлонуп көрөрүн билдирди.
XS
SM
MD
LG