Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

1916-жылдагы көтөрүлүштү чалгынчылар даярдаганбы?


Бүгүн "Багыт.kg", "Майдан.kg", "Вечерний Бишкек", "Дело №", "МК Азия" гезиттери жарык көрдү.

Бүгүнкү кыргыз гезиттеринде Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 72 жылдыгына арналган материалдар арбын жарыяланды. Майрамдык шаң салтанаттар республиканын шаарларында, айылдарында өткөнү, республикада канмайданга катышып келген ардагерлерден 647си гана калганы, улуу Жеңишке салым кошкон жоокерлерди эскерген макалаларга орун берилди.

"Дело №" гезити сенсация деп 1916-жылдагы көтөрүлүштү чет элдик чалгын кызматтары даярдаганын баяндаган кеңири материалга орун берди. Анда Германия федеративдүү республикасынын архивинен тарыхчы илимпоз Чынара Исраилова-Харьехузен 1916-жылкы көтөрүлүшкө байланышкан 1600 документ таап чыкканы маалымдалган. Илимпоздун ырасташынча, 1916-жылкы көтөрүлүш сырттан колдоосуз өзүнөн өзү чыкмак эмес.

Германиянын Тышкы иштер министрлигинин архивинен табылган документтер немис тилинен орус же кыргыз тилине которула элек. 1916-жылкы көтөрүлүштү германиялык, түркиялык чалгынчылар даярдашкан деп белгилейт Чынара Исраилова-Харьехузен. Чет элдик чалгынчылардын аракетин ырастоочу немис архивиндеги документтер которулса мындан бир кылым мурда өткөн апааттын дагы бир өңүтү ачылып калмак эле, деп жазат макала автору Вадим Ночевкин.

Ушул эле гезитте маалымат айдыңында кыйладан бери токтолбой келаткан талаштуу маселеге арналган "Батышчылар калып, муштум казактарга тийди" деген Олег Жуктун макаласы чыкты. Анда Жогорку Кеңеш "Маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киризилгени, мындай демилгенин авторлору Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, Жыргалбек Турускулов менен Таабалды Тиллаев экени, алар сунуштаган мыйзам долбоору кабыл алынганы баяндалат.

"Майдан. kg" гезити Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун "Текебаев президенттик жарышта түрмөдөн көбүрөөк добуш алат..." деген маегин жарыялады. Текебаевдин президенттик шайлоого катышарына токтолгон Шыкмаматов: "Азыр Текебаевди соттоп үлгүрүшпөйт. Айла жок талапкерлигин каттайт. Башкача айтканда, түрмөдө жатса да президенттикке талапкер болот. Көрөсүңөр го, ал эркиндикте жүргөнүнө караганда түрмөдөн көбүрөөк добуш алат", деп жооп берген.

Ушул эле гезитте "Тазар" кинокомпаниясынын продюсери Эмир Сарпашевдин "Мен үчүн Атамбаев канчалык бийликте көп отурса ошончолук жакшы..." деген маегине орун берилген.

"Эгерде сенде "Атамбаев бийликти узурпациялап алды" деген ой болсо, ага азыркы Акаев менен Бакиевдин түзгөн "чирип бараткан" системасы күнөөлүү. Эгерде андай деп ойлобосоң, алты жылда бийликти узурпациялабаган Атамбаев бир айда аны жасабайт. Мен үчүн Атамбаев канчалык бийликте көп отурса, ошончолук жакшы", дейт Сарпашев.

Гезитте Алишер Токсонбаевдин "Подполковниктин көзүн уюшкан топ тазалаган..." деген макаласы жарыяланды. Анда Ош шаарында Кыргызстандын Ички иштер министрлигине караштуу Маңзаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын туштүк башкармалыгынын улук офицери, милициянын подполковниги Таирбек Уларовду уюшкан кылмыштуу топ жок кылышканы, маркумдун жакындары ушу тапта Ош шаардык сотунан адилеттикти күтүп отурушканы баяндалган.

Бүгүнкү "Багыт. kg" гезитинде президент Атамбаевдин "Ардагерлер үчүн колдон келгенин жасадым", "Сапар Исаков Аюу-Сай айылына барды", "Жабыркагандарга жардам эсеби ачылды", "УКМК элди бөлгөн Жамбыл Камчиевдин эмнеге эсебин таппайт?", "Байсаловдун кекиртеги кернейдей ачылды", "Баатырбековдун батыл иштеринен" деген жаңылыктар топтомуна орун берилген.

Экинчи Дүйнөлүк согуш апаатын эскерген Баратбай Аракеевдин "Алаамат күндөр эсте болсо" деген макаласы да басылманын жаңы санында. Гезитте акын Шайлообек Дүйшеевдин "Николай Рубцов орус поэзиясынын чынар дарагынын бир бутагы, нукура айылдык акын болгон", жазуучу Эркаалы Өскөналынын "Эки дөөнүн күрөшү" - Манас доор сүрөтү" деген макаласы да жарыяланган.

Жеңиш майрамынын 72 жылдыгы Бишкекте чоң салтанат менен белгиленгенин "Вечерний Бишкек" гезити да жазды. Басылмада "Био-kg" органикалык айыл чарба продуктыларын өстүрүү кыймылынын жетекчиси Искендербек Айдаралиевдин маегине да орун берилген. Айдаралиев Кыргызстанда да органикалык айыл чарба өсүмдүктөрүн жайылтуу кыймылы жанданып баратканын, бул ишке бел байлагандар үчүн атайын сертификат берилерин, азыр 26 айылдан куралган 13 органикалык аймактар түзүлгөнүн маалымдаган.

"МК Азия" гезити да Жеңиштин 72 жылдыгына арналган материалдар топтомун жарыялады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG