Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:44

"Шабдандын" чыры же тарых төө эмес...


Президент Алмазбек Атамбаевге “ПолитКлиника” гезити аркылуу Таластын Кара-Буура жана Талас райондорунун тургундары Ильгиз Карымбаев менен Мукаш Кенесариев кайрылды.

"ПолитКлиника" гезитине кайрылган Талас облусунун тургундары 2013-жылдын 31-декабрынан тартып Арабекова Калия аттуу келин акча жасаш үчүн жалган жалаа жаап келатканын, аны таластык акыйкатчы Арзыкан Момунтаева, Талас шаарынын прокурорунун орунбасары Абдивахап уулу Жолдош жана Талас шаарынын милийсасынын тергөөчүлөрү А. Дүйшөналиев менен Б. Турусбекова колдоп, К. Арабекова болсо арызында: “Мени үчөөлөп күч колдонуп сабап, кордоп, мылтык, тапанча, автомат менен башка, жонго уруп, тээп зордуктаган” деп арызданып жүргөнүн, бирок биологиялык экспертизада анын жазгандарынын бири да далилденбегенин, акыры сот болуп, Сокулук райондук сотунун судьясы адилетсиз өкүм чыгарганын жазуу менен өз кызматын кыянаттык менен пайдалангандарга мыйзам чегинде чара көрүүнү, бул окуяны акыйкат териштирүүнү президент өз көзөмөлүнө алууну суранышты.

“Азия ньюс” гезити Сабыр Муканбетовдун “Ош бовой калыптыр...” деген макаласы менен жаңы санын ачты. Анда Мелис Мырзакматовдун соту, элдин маанайы тууралуу сөз болот. Депутат Жылдыз Жолдошеванын маеги “Атамбаевдин эл аралык деңгээлдеги саясий салмагы өстү” деп аталып, депутаттык мезгилдеги жасаган иштерине, шайлоо жагдайына, президенттин ишмердигине токтолду.

Сурат Жылкычиев кыргыз-казак бажы көзөмөлүн жоюу салтанатына арналган макаласын “Кыргызстандын тарыхында жаңы барак ачылды” деп атады.

Маегин “Орусия канчалык алсыз болбосун анын Борбор Азияга таасири күч” деп атаган саясий эксперт Аркадий Дубнов Орусияга көбүрөөк ыктаган, ага көп жагынан көз каранды постсоветтик мамлекеттер менен байланышын бекемдөө Орусиянын региондогу таасири дале күчүндө экендигин Батышка көрсөтүш үчүн керектигин айтты.

“Азия ньюстун” бүгүнкү санынан "Кечээги “душмандар” бир муштумга бириккенде” деген, “Кыргызстан Орусиянын рыногуна эт, текстил, гастарбайтерлерди берүүгө даяр” деген, “Ата Мекендин” Кара-Көлдөгү уюму мурдагы режимде иштеп жатат” деген жана Сабыр Муканбетов менен Нурлан Мотуевдин кайым айтышын окуйсуздар.

“Жаңы агым” гезити “Жыйырма жыл мурунку жана азыркы Атамбаев” деген, “Асылбаш айтат арманын, көрөлү бийлик дарманын” деген макалаларга улай эле апрель баатыры Жамиля Аилчинованын “Адамдын эмес, Кудайдын мыйзамынан корккула же революциядагы үзөнгүлөшүм Атамбаевге жана иним Илмияновго ачык кат!” деген каты жарык көрдү. Галина Скрипкинанын маеги “Бешинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңеш кемчиликтер менен болсо да өз милдетин аткарды” деп аталды. Айтылуу жазуучу Ашым Жакыпбековду Эл жазуучулары Мелис Абакиров менен Казат Акматов эскеришти.

“Талашка түшкөн тарыхый тасма” аттуу макала Шабдан баатыр тууралуу болду. Сиздер Шабданды кино кылмакчы болгон режиссер Эрнест Абдыжапаровдун оюн окуйсуздар. Тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин оюн билдирип, Шабдан үчүн жазылган сценарийи чынында эле бурмаланганын, ошол доордун жүзү туура эмес жазылганын, Шабдан киносу ким бирөөлөрдүн менчик киносу эмес, мамлекеттин атынан тартыла турган фильм болгондуктан сценарийди кыргыз элинин ошол доордогу каада-салтын эске алуу менен кынтыксыз иштеп чыкса болмогун айныксыз жүйөлөргө таянып айтса, белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов сценарийде тарых кескин бурмаланганын, тасма чөлкөм менен чөлкөмдү, уруу менен урууну чабыштырбагандай болуп тартылышы зарылдыгын, тартылчу сценарийде Шабданга тиешеси жок тарыхый окуялар көп киргенин, “кино тартам дегендерде мындай бир түшүнүк бар экен: “Шабдан баатыр киносу кыргыз үчүн эмес чет өлкөдөгү кино сынактарга ылайыкталып тартылыш керек” деген, кыргыз киносу, жалпы эле чыгарма деген биринчи иретте кыргыздын өзүнө жагыш керектигин, өз элинен сый-урмат таппаган чыгарманын башка элден тапкан сый-урматы сый-урмат болуп деле жыргатпастыгын белгиледи.

Бүгүн “Айат” гезити да жарык көрдү. “Кабар” агенттигинин жетекчиси Кубан Абдымен макаласын “Саясий күрөш учурунда Мухтардын жок экени сезилип турат” деп атап, маркум Мухтар Өмүракунов менен бирге болгон кезин, “Замандашты” кантип түзгөндөрүн, башкалар депутаттыкты эңсеп жүргөндө Мухтар бүт дүйнөгө тарап кеткен кыргыздарды бириктирели деп санаа тартып чуркап жүргөнүн, чыгармачыл адамдарга акчасын аябастан жардам бергендерин, качан болсо эл деп, жер деп күйүп-бышкан кездерин эскерди. Кубан акырында: “Азыр бизде баары эле жакшы, бирок Мухтарга теңеле турган, лидерликке чыгып, айланасына эл топтолуп, түндүк-түштүк дебей жалпы колдоп кете тургандай бир киши табылбай жатат” деп айтты. Бул абдан акыйкат айтылган пикир.

XS
SM
MD
LG