Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Түрмөлөрдө дүрбөлөң


Түрмөдө отургандардын жакындары Бишкекте уюштурган митинг.
Түрмөдө отургандардын жакындары Бишкекте уюштурган митинг.

Кыргызстанда түрмөлөрдө ачкачылык акциясы уланууда. Жазаларды аткаруу кызматы түрмөдөгү эки адам оорудан каза тапканын, ачкачылык акциясын уюшкан кылмыштуу топтор бийликке кысым көрсөтүү максатында уюштурганын билдирүүдө.

28-мартта түрмөлөрдө ачкачылык акциясы башталгына төрт күн болду. Баардыгы он бир түрмөнүн сегизинде, үч тергөө изоляторунда ачкачылык акциясы жүрүүдө.

Жазаларды аткаруу кызматы түрмөдөн эки адам өлгөнүн, бирок алар ачкачылыктан эмес, кургак учук оорусунан көз жумганын билдирүүдө. Каза тапкандардын бири 27-колониядан, бир адам №1 тергөө абагынан чыкты. Алардын сөөгү соттук-медициналык изилдөөгө жиберилди.

Түрмөдө отургандардын туугандары, жакындары Бишкекте жана Жалал-Абадда бийлик органдарынын жана түрмөлөрдүн жанына барышып, кабатырланып, абак жайлардагы чыңалган кырдаалга бийлик көңүл бурбай жатат деп абалды оңдоону талап кылышууда. Бишкекте Жогорку Кеңештин алдына чыккандардын бири баласынын күнөөсү далилденбей кесилип кеткенин, экинчи бири күйөө баласынын ак жеринен айыпталып, тергөө абагында кыйноо көрүп жатканын жатканын айтышты.

"Мен Ибадат Жалал-Абаддан келдим. Менин балам эч күнөөсү коюлбай, кыргыз-өзбек тополоңуна катышты деп камалып чыкпай турат. Тополоңго катышкан, бирок күнөөсү далилденген эмес",-десе, экинчи аял "менин күйөө балам Кадыров Табылдыны 4-мартта болгон үй карактоого деп катышты оперлер мойнуна илип жатат, СИЗОго алпарып, башына жалтырак баштык кийгизип, бутуна ток кармап аябай сабашыптыр",-деп даттанды.

Жазаларды аткаруу кызматынын маалыматына караганда ачкачылык акциясы бардык түрмөлөрдө болуп жаткан жок. №14 жашы жетиле элек балдардын түрмөсүндө, №2 аялдар түрмөсүндө ачкачылык кармагандар жок. №31 абакта туберкулез менен ооругандардын жаткан сексен пайызы тамак ичип жатат.

Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги түрмөлөрдөгү ачкачылык жана түрмөдө отургандардын жакындары өткөрүп жаткан жыйындар уюшкан кылмыштуу күчтөр атайын уюштурган акция экенин билдирүүдө.

Түрмөдөгү мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн атайын прокурор Кубан Мамакеевдин айтымында, ачкачылык акциясын өткөрүүгө себептер жок, анткени түрмөлөрдө көрүлгөн шарттар боюнча түрмө администрацияларына арыз-даттануулар болгон эмес. Ачкачылык жарыялагандар да, алардын жакындары да чаржайыт талаптарды коюуда. Атайын прокурор нааразылык митингге чыгып жаткандардын көбүн ташып келип жатышат деп, ал эми Жалал-Абадда №10 түрмөнүн жанында митингге чыккандардын арасында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары да болгонун да айтып кетти.

- Конкреттүү талаптары жок. Эки жүз адамдын ичинен бирөө келип алып, айтып атпайбы "силер азыр чоңдорго чыккыла, чоңдор азыр Көлбаев менен сүйлөшсүн, Көлбаев көрсөтмө берсин, ачкачылыкты токтотсун" деп. Мен прокуратура да, өкмөт да буга барбайт деп айттым, - деди атайын прокурор Кубан Мамакеев.

Түрмөлөрдөгү ачкачылык акциясына байланыштуу бошоп чыга турган адамдар да кармалууда. Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча 73 адам шарттуу түрдө бошомок, 103 колония поселенияга чыкмак, бирок мунун баары кармалууда.

Расмий маалымат боюнча азыркы учурда 9758 адам жабык жайларда абакта отурат. Алардын ичинде психалык жактан ооруган 145, өмүр бою абакка кесилген 242 адам бар. Кургак учук менен ооругандарга тамак-ашка суткасына жүз сомдон, калгандарына сексен сомдон каражат жумшалат.

Укук коргоочулар Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү абал эл аралык талаптарга жооп бербей турганын, камераларда 10-15 адамдын ордуна 25тен адам тыгылып кармаларын, тамак-аш, дары-дармек менен камсыздоонун начардыгын айтышып, кырдаалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга, түрмө тармагында реформа жүргүзүүгө чакырышууда.

XS
SM
MD
LG