Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Кандуу калабанын көкшөнү сууй элек


Кандуу тополоңдон кийин. Ош шаары, июнь, 2010-жыл
Кандуу тополоңдон кийин. Ош шаары, июнь, 2010-жыл

Кыргызстанда өткөн жылы өлкө түштүгүндө болгон кайгылуу окуяларды тергөө иштери кыйынчылык менен жүрүүдө. Беш миңден ашык кылмыш ишинин төрт миңден ашыгы убактылуу токтоп турат.

Ондогон шектүү адамдарга издөө жарыяланган, бирок аларды кармап жоопкерчиликке тартууга тартип коргоо органдарынын колу кыска болууда. Кыргызстандын көп өлкөлөр менен кылмышка шектүү адамдарды кармап кайтарып берүү жөнүндө келишими жок. Бул иште Кыргызстанга Интерпол да жардам бере албай келүүдө.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, өткөн жылы өлкөнүн түштүгүндө болгон кандуу тополоң окуялар боюнча бардыгы беш миңден ашык кылмыш иши козголуп, 178 иш сотко ашты, үч жүздөн ашык адам кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Кандуу тополоңдон кийин 430 адамдын сөөгү табылган. Анын 106 кыргыз улутундагы, 281 өзбек улутундагы адамдарга таандык. Үчөө башка улуттан. Кырк өлүктүн ким экени тактала элек. Ош шаарында 15 адамдын, Жалал-Абад облусу боюнча төрт адамдын дайыны жок. Өрттөлүп талкаланган үйлөр, имараттар боюнча жалпы зыяндын наркы 2 млрд. 200 млн. сомдон ашык болуп аныкталган.

Адам өлтүрүү фактылары боюнча 49 кылмыштын бети ачылып, сотко ашты. Калган иштер ачыла элек. Себеби өрттөнүп кеткен сөктөр бар, таанууга мүмкүн эмес, ошондуктан экспертиза жүрүүдө. Бир жерге үйүлүп коюлган жерден бир топ күндөн кийин табылган сөөктөр бар.

Бирок баш прокурордун биринчи орун басары Рыскул Бактыбаев “Азаттыкка” кандуу тополоң боюнча козголгон кылмыш иштеринин бири дагы кыскарбаганын билдирди.

Кандуу окуялар боюнча козголгон төрт миңден ашык кылмыш иши убактылуу токтоп турат, анткени кылмыш кылган адамдын ким экени анык эмес же кылмышка шектүү адамдар кармала элек. Ондогон шектүү адамдарга издөө жарыяланган. Алардын ичинде Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов, Жалалиддин Салахуддинов сыяктуу өзбек тектүү лидерлер бар. Алардын кайда экенин тартип коргоо органдары билбейт, аларды кармап келүү боюнча эл аралык уюмдарга да маалымат кеткен, бирок оң натыйжа боло элек.

Рыскул Бактыбаев бул жерде негизги кыйынчылык Кыргызстандын көп өлкөлөр менен кылмышка шектүү адамдарды кармап кайтарып берүү жөнүндө макулдашуулары жок экенинде болуп жатканын белгилейт:

- Дүйнөдө эки жүздөн ашык өлкө бар. Алардын көпчүлүгү менен биздин алакабыз жок. Кылмышкерлерди алуу, өткөрүп берүү жана алмашуу жөнүндө бир тараптуу, же эки тараптуу келишим жок. Эл аралык Интерпол деген уюм бар, ал аркылуу дагы издетип атабыз. Бирок ачык айтканда Интерполдун да чамасы чакталуу экен.

Кайгылуу окуяларды тергөө, иликтөө иштеринде жергиликтүү укук коргоочуларды нааразы кылган дагы жагдайлар бир топ болууда. "Жалал-Абадда тополоң уюштуруп, адам өлтүрүүгө катышкан" деп айыпталып, өмүр бою түрмөгө кесилген Азимжан Аскаровдун ишин кайра карап чыгууну бир катар укук коргоочулар талап кылышууда. Ошол эле учурда бийликте отуруп, коогалаңдын отун үйлөгөн адамдар жоопкерчиликтен четте калууда деп коңгуроо каккандар болууда.

Оштогу укук коргоочу Равшан Гапиров мындай пикирин көптөн бери кайталап айтып келатат.

- Кыргыз да, өзбек да - карапайым эл, айыптуу эмес. Бирок карапайым эле жабыр тартууда. Камалып аткандар да карапайым өзбектер болуп жатат. Эми азыркы өкмөт мойнуна алыш керек. Төрт-беш адам бар, керек болсо алардын мойнуна коюп далилдеп бериш колумдан келет. Ошолор иштен кетиш керек, жазасын алыш керек.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети түштүктөгү окуяларга мурдагы президент Курманбек Бакиевдин балдары жана жакындары жалдаган эл аралык террорчулар аралашканын, ал түгүл жыйырма чакты көзгө атар кармалганын билдирген эле. Бул маалыматтар тергөөнүн жүрүшүндө аныкталган эмес.

Президент Роза Отунбаева баштаган бийликтеги жетекчилер июнь айында болгон кандуу окуяларды контрреволюция катары айыптап, баа берип келатышат. Бул окуяларды изилдеп чыккан улуттук комиссиянын отчету парламентте бир топ уу-дуу жаратып, бир катар депутаттар кан төгүүгө жол берген бийлик адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө маселе көтөрүшкөн. Ал эми эл аралык көз карандысыз комиссия өзүнүн тыянагын март айынын соңуна карай жарыяларын билдирген.

XS
SM
MD
LG