Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

Кумтөр электр энергиясынан ажыратылды


Ысык-Көлдө митингчилер Тамга айылындагы подстанциядан Кумтөр ишканасын жабдуучу электр линиясын үзүштү.

Ысык-Көлдө Кумтөр боюнча 2009-жылкы келишимдин жокко чыгарылышын жана Жети-Өгүз районунда бир катар социалдык долбоорлордун ишке ашырылышын талап кылып, үч күндөн бери митингге чыгып, жол тосуп аткандар бүгүн кечке жуук Кумтөр ишканасын электр энергиясыз калтырууну чечти. Бул чечимин ишке ашыруу үчүн алар дароо эле Барскоондон Тамга айылындагы подстанцияга жөнөп кетти.

Тамга подстанциясын кайтарып тургандар митингчилерге туруштук бере албады.
Тамга подстанциясын кайтарып тургандар митингчилерге туруштук бере албады.

Жергиликтүү тартип коргоо органдары ал подстанцияны кайтарууну күчөткөнү менен жаалданган топко туруштук бере алган жок. Натыйжада Кумтөр ишканасына кеткен электр линиясы жалпы системадан ажыратылды.

Митингчилердин бири подстанциянын тосмосунан ашып түшүүдө.
Митингчилердин бири подстанциянын тосмосунан ашып түшүүдө.

Нааразылыкка чыккан эл менен сүйлөшүүгө барып, окуя болгон жерде жүргөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын бири Курманбек Дыйканбаев электр энергиясын өчүрүүгө уруксат бөөдө курмандыктар болуп кетпеси үчүн айла жоктон берилгенин “Азаттыктын” кабарчысына билдирди:

- Кырдаал өтө курчуп кеткенине байланыштуу биз аргасыздан макулдук бердик. Милициядан башка жергиликтүү бийликтен эч ким жок.

Митингчилердин бир тобу Кумтөргө электр энергиясын берүү жандануусуна жол бербөө үчүн подстанциянын жанына боз үй тигип, ошол жерде түнөй турган болушту.

Подстанцияга келген митингчилер.
Подстанцияга келген митингчилер.

Бул окуядан соң премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев тиешелүү министрликтер жана башка органдардын жетекчилери менен чукул жыйналыш өткөргөнү кабарланды. Анда кандай чечим кабыл алынганы азырынча белгисиз.

Үч күн мурда Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында башталган митинг андан кийин Барскоон айылында Кумтөргө кеткен жолду тосуу менен уланып жаткан.
Алар Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча канадалык ишкана менен түзүлгөн 2009-жылкы келишимди жокко чыгаруу, жергиликтүү элге социалдык жардамдарды берүү, кен иштетүүдөн арткан калдыктарды тез арада тазалоо талаптарын койгон.

Митингчилер менен 30-майда экономика министри Темир Сариев барып жолугушту, бирок министрдин берген жооптору канааттандырбаганын белгилеген митингчилер президент Алмазбек Атамбаевдин жана өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин келүүсүн талап кылып, 31-май, саат 16:00га чейин мөөнөт беришкен. Митингчилер эгер талаптары аткарылбаса, ишканага кирүү максатын билдиришүүдө.

Айрым адистердин айтуусунда, электр энергиясынын узак убакыт жок болушу Кумтөр ишканасына өтө чоң зыян келтирет.

Буга чейин Кумтөр алтын кенин иштеткен компания экологияны бузуп, мамлекетке тиешелүү салык төлөбөй жатат деген кине менен Кыргызстандын парламенти канадалык инвестор "Центерра голд" менен сүйлөшүү жүргүзүүнү, 2009-жылкы келишимден чыгууну өкмөткө буйруган. Буга берилген мөөнөт ушул айдын аягында бүтөт. Бирок азырынча кыргыз өкмөтү тараптан да, "Центерра" тараптан да конкреттүү сунуш же чечим боло элек.

Канадалык тарап болсо 2009-жылкы келишимди бузууга эч негиз жок деп эсептээрин билдирген жайы бар.
Кумтөрдү иштетүүгө каршы митингден сүрөт баян, Барскоон, 29-май.

XS
SM
MD
LG