Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:34

Бишкектеги тополоңдо 12 адам жабыркады


Башаламандыктан бир көрүнүш. Бишкек, 3-октябрь, 2012.
Башаламандыктан бир көрүнүш. Бишкек, 3-октябрь, 2012.

Борбордук аянттагы митингден кийинки башаламандыкта жабыркап, ооруканаларга кайрылгандар 12 адамга жетти.

Жогорку Кеңеш имаратынын жанындагы 3-октябрдагы ызы-чуудан кийин Республикалык дарылоо жана ден соолукту коргоо борборуна 30 жаштагы кыз түшкөн. Борбордун баш дарыгери Марат Сагымбаевдин айтымында, кыздын бутуна белгисиз зат тийген.

- Түшкү саат экиден он беш мүнөт өткөндө бизге Жылдыз Саматова деген кыз түшкөн. Оң бутунун төмөн жагында жарааты бар экен. Аны таңып, рентгенге тарттык. Азыр операция кылганы жатабыз. Акыбалы жеңил.

Ак үйдүн алдындагы тополоң, 3-октябрь.
Ак үйдүн алдындагы тополоң, 3-октябрь.

Марат Сагымбаевдин айтымында, ал жетектеген борборго бул кыздан башка жабырлануучу келген эмес.

- Ок деп айтканга болбойт. Бутуна кандайдыр бир белгисиз зат кирип, этке тепчилип калыптыр. Сөөк таза. Саматовадан башка бизге эч ким кайрылган жок.

Ал эми №4 Травматалогия жана ортопедия илимий борборуна жаракат алган 4 адам кайрылган. Алардын бири аял. Мындан бир аз мурда анын ок жегени тууралуу маалымат таркаган. Аны тактоо үчүн борбордун жетекчиси Сабыр Жумабеков менен байланыштык.

- Биринчиси, 1962-жылы туулган Акматова аттуу аял. Бутуна чоюн ок тийиптир. Алып салдык. Жараатты тиккенден кийин тез эле үйүнө чыгып кетти. Андан кийин 26 жаштагы Качкынгелдиев деген милиция кызматкери түштү. Денеси көгала болгон экен. Бул экөөнөн башка 26 жаштагы Рысалиев, 24 жаштагы Мамытбеков деген милиция кызматкерлерин “мээси чайкалды” деп алып келишкен. Баары амбулатордук жардам алып чыгып кетишти.

Жабыркаган жети адамдын арасында кош бойлуу келин дагы болгон. Аянттагы окуядан катуу коркуп кеткен бул келин Эне жана баланын саламаттыгын коргоо борборуна жеткирилген. Аталган борбордун жетекчиси Камчыбек Узакбаев келин азыр үйүнө чыгып кеткенин маалымдады:

Ак үйдүн алдындагы тополоң, 3-октябрь.
Ак үйдүн алдындагы тополоң, 3-октябрь.

- Саат төрт чендерде 21 жаштагы Насирова деген келин түшкөн. 23-24 жумалык боюнда бар экен. Аянтта сейилдеп жүргөн кезде ызы-чуу чыгып, коркуп кетиптир. Тез жардам алып келгенден кийин биздин адистер УЗИден текшерип көрүштү. Баланын жүрөгү согуп атыптыр. Акыбалы жакшы болгондон кийин өзүнүн суранычы менен үйүнө чыкты.

Мындан тышкары митингге катышкан саясатчылар да жабыркагандыгы тууралуу маалымат тараган, бирок, аларды азырынча тастыктоо мүмкүн боло элек.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Елена Баялинованын “Азаттыкка” айткан акыркы маалыматына караганда, нааразылык акциясынын учурунда он эки киши жаракат алган. Алардын тогузу милиция кызматкери экендиги кабарланууда.

XS
SM
MD
LG