Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:19

Бишкектеги курултай бийликке сегиз талап койду


Бишкектеги курултайдын талабы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:37 0:00

Оппозициялык "Кыргызстанды сактоо" кыймылынын курултайына уюштуруучулар күткөндөй сандагы эл чогулган жок.

13-мартта “Кыргызстанды сактоо” кыймылы Бишкектин Ала-Тоо аянтында курултай өткөрдү. Беш миң адам келет деп күтүлгөн бул курултайга болжол менен 200дөй адам катышты. Анда бийликке 8 талаптан турган кайрылуу кабыл алынып, 1993-жылдагы Баш мыйзамга кайтып келүү жана жаңы шайлоолорду жарыялоо боюнча 7-апрелге чейин убакыт берилди.

Курултайдын талаптары

“Кыргызстанды сактоо” кыймылы курултай деп атаган Ала-Тоо аянтында өткөн жыйынды гитарист жана ырчы Сагынбек Момбеков бийликти сындаган ырлары менен ачты.

Кыймылдын төрагасы Мукар Чолпонбаевдин айтымында, алар бийлик бутактарына 8 талап койду. “Талаптар аткарылбаса, эл өзү кандайдыр бир чечим кабыл алышы мүмкүн” деп табышмактатты Чолпонбаев:

- Биз азырынча сегиз талап коюп жатабыз. Ушул талаптар боюнча бийлик менен кызматташабыз. Эгер аткарса, андан ары кызматташууну улантабыз. Ал эми аткарбаса, анда көпчүлүк элдин талабына жараша болот. Көпчүлүк элдин талабы - “биз силерден кутулабыз” деген талап болушу мүмкүн.

Коюлган талаптардын катарында Кытай экспансиясын, камактагы депутаттарды куугунтуктоону токтотуу, Кумтөр жана башка кендердин келишимин кароо, чек ара жана анклавдар көйгөйүн чечүү, өз алдынча үй салгандардын турак жайын мыйзамдаштыруу маселелери бар. Мындан тышкары 2010-жылдын 7-8-апрелиндеги талап-тоноочулук ишин акырына чыгаруу, апрель-июнь окуяларына күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу, чакан кредиттик компаниялардын ишин көзөмөлдөө жана 1993-жылдагы Конституцияга кайрылып келүү сыяктуу талаптар айтылды.

Ала-Тоо аянтындагы бул митингге 5 адам келет деп күтүлгөн. Байкоочулар курултайга келгендердин саны 200 чамалуу десе, уюштуруучулар миңден ашты деп билдиришти. Мукар Чолпонбаев элдин аз келгенин мындайча түшүндүрдү.

- 200 эмес, бул жерде бир миңден ашык кииш турат. Бийлик өкүлдөрү тегеректеп туруп, өткөрбөй жатса, эл кантип келмек эле?

Бирок Чолпонбаев адамдарды бийликтен ким жана кайсы жерден өткөрбөй жатканы боюнча далилдерди келтире алган жок.

Курултай курулай өттүбү?

Курултай-митингге байкоо салганы келген акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыкка” коюулуп жаткан талаптардын айрымдары жөндүү экенин айтты:

- Көп маселелер боюнча айтылган сунуштары жөндүү. Бирок ачууга алдырып, кээ бир ишке ашпай турган да сунуштар да айтылып кетип жатат. Пикет-митингдердин болуп турганы жакшы. Бирок аларды өткөргөндө да алдын-ала даярданыш керек да. Маселелер так коюлушу керек. Жактоочулардын саны да көп болушу зарыл. Бул жерде азыр көп журналисттер турат, митингге тиешеси жок башка адамдар да жүрөт. Анан ошолорду алып салганда, митингге келгендердин саны көп деле болбойт го...

Курултайдын жүрүшүн милиция кызматкерлери тыкыр көзөмөлдөп турду. Уюштуруучулардын билдиришинче, буга чейин чакыруу берилгенине карабай бийлик бутактарынан курултайга эч ким келген жок. Ал эми курултайга байкоо салган талдоочу Бакыт Бакетаевдин пикиринде, бийлик мындай жыйындарга катышып, элдин талабына кулак салыш керек.

- Бийликке, президентке жана парламентке көп сын пикирлер айтылып жатат. Менимче, азыркы бийликтегилер дайыма мындай жыйындарга катышып, митингдерде айтылган сөздөрдү угуп, аларды чечүүгө аракет кылыш керек. Анткени Кыргызстанда төңкөрүш кылганга азыр эч кандай негиз жок. Баш мыйзам, Жогорку Кеңеш жана фракцияларыбыз ага жол бербейт. Мына парламентте бакыйган оппозиция иштеп жатат. Бизде сөз эркиндиги да бар. Сөз эркиндиги болуп турганда төңкөрүш болбойт.

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун 12-мартта билдиришинче, жыл башынан бери Бишкек шаарында 88 ар кандай нааарзылык акциялары жана митингдер өткөрүлгөн. Анын 67си саясий талаптагы акциялар болгон.

XS
SM
MD
LG