Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:17

Караколдо кырдаал тынчыды


Облус башчысы Эмилбек Каптагаев митингчилердин курчоосунда. (Кундуз Сырдыбаеванын сүрөтү - Kloop Media Foundation)
Облус башчысы Эмилбек Каптагаев митингчилердин курчоосунда. (Кундуз Сырдыбаеванын сүрөтү - Kloop Media Foundation)

Ысык-Көлдө митингчилерди милиция кууп таратты. Шаар көчөлөрүн милиция кызматкерлери аралап жүрөт.

Аймактагы кабарчыбыз Мария Колесникованын маалыматы боюнча, кечки саат он бирлерде шаардагы абал толугу менен тынчыды. Митингчилер кууп таркатылган соң азыр шаар көчөлөрүн милиция кызматкерлери жана атайын даярдыктагы аскерлер аралап жүрөт. Облустук акимчилик да күчөтүлгөн кайтарууда. Мунун алдында милиция митингдин уюштуруучулары делген 5-6 адамды кармап кеткен.

Бүгүн кечинде облус башчысы Эмилбек Каптагаев облустук теле аркылуу кайрылуу жасап, Караколго өзгөчө абал киргизилбесин, шаарды кайтаруу күчөтүлгөнүн айткан. "Шаардыктар чочулабай, тынч эс ала беришсе болот", - деди Каптагаев бул кайрылуусунда.

Бүгүн митингчилердин барымтасында калган Эмилбек Каптагаев кечке жуук бошотулуп, иш бөлмөсүнө кайтып барган эле.

Бул арада Ысык-Көл облустук прокуратурасы 7-октябрдагы митингдеги мыйзам бузуулар: бийлик өкүлүн барымтага алуу, ээнбаштык, өлтүрөм деп коркутуу менен зомбулук кылуу фактылары боюнча кылмыш ишин козгоду. Прокуратуранын маалыматы боюнча, иликтөө иштери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин облустук башкармалыгына тапшырылды.

Бүгүн шам аралаш таш менен куралданган митингчилер кайрадан аянтты көздөй качырып жатышкан. Аларды милиция катуу үн чыгаруучу жана көздөн жаш агызуучу шашкалар менен тосуп алып жатканы, митингчилер жолдорду автоунаа өтө алгыс кылып тосуп жатышканы да кабарланган.

Бүгүн түштөн киийн шаарга милициянын кошумча күчү тартылган. Бул учурда облустук акимчилик имаратынын кире беришинде милициянын атайын бөлүгүнүн кызматкерлери турган. Акимиат алдында Кумтөр боюнча нааразылык акциясына келген үч жүздөй, алардын арасында 50-60 атчан киши топтолгон эле.


Тасмада: Караколдогу митинг

Караколдогу митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00


Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Эмилбек Каптагаевди Кумтөргө байланыштуу чыккан митингчилер машинага отургузуп, сыртынан атчандар курчап алган. Аны митингчилер өкмөткө телефон чалдырып, буга чейин айткандардын аткарылышын талап кылган.

Бул арада Эмилбек Каптагаев “Азаттыкка” маегинде Кумтөр маселесинин тагдыры Жогорку Кеңешке көз каранды деп айткан болчу:

- Парламенттин бүгүнкү позициясынан көз каранды. Эгер карабайбыз десе, аларды зордоп карата алышпайт. Ал жерде 120 депутат бар. Алар кандай десе, ошондой. Кумтөр маселеси бул жерден да, өкмөттөн да чечилбейт.

Эмилбек Каптагаев өкмөт менен сүйлөшүп, маалымат бергенин айтып, өзү отурган автоунаага чачылган бензиндин жытынан улам башы ооруп жатканына да даттанган.

Андан сон митингчилердин курчоосунда автоунаада отурган өкмөт өкүлү Эмилбек Каптагаевдин акыбалын Караколдогу тез жардам бригадасы текшерди. Дарыгерлер ага дары, суу, нан берди.

Кумтөр алтын кенин мындан ары иштетүү үчүн канадалык инвестор "Центерра" менен жаңы биргелешкен ишкана түзүү боюнча кыргыз өкмөтү менен меморандумга каршылар эртеден бери Караколдун борбордук аянтында митинг өткөрүп жаткан. Бир нече мүнөт мурда аларга 50-60 атчан киши келип кошулган. Алар өзүлөрүн Жети-Өгүз районунун өкүлдөрүбүз деп айтууда.


Тасмада: Эмилбек Каптагаев митингчилер менен жолугушууда

Караколдогу митинг. (Тимур Акбашевдин сүрөтү - Kloop Media Foundation)
Караколдогу митинг. (Тимур Акбашевдин сүрөтү - Kloop Media Foundation)

Түшкө чейин Караколдун борбордук аянтында эки башка талап койгон эки митинг өтүп жаткан. Биринчи акциянын катышуучулары банктан кредит алып, төлөй албай жүргөндөр, ал эми экинчисиники - Кумтөр боюнча меморандумга каршылар эле. Өкмөттүн облустагы өкүлү Эмилбек Каптагаев насыя алган митингчилер менен жолугуп жаткан учурда бир нече аял анын сөзүн укпай, жакалай баштагандыктан ал галстугун чечип салууга аргасыз болду. Каптагаевдин келишин Кумтөргө байланыштуу чыккандар да, насыя алгандар да талап кылып, ортодо ызы-чуу чыгып кеткен.

Кыргыз өкмөтү Кумтөр алтын кенин иштеткен канадалык инвестор "Центерра" менен меморандум кабыл алып, үлүшү 50/50 биргелешкен ишкана түзүү сунушун иштеп чыккан. Бирок бул чечим айрым саясатчылар тарабынан сынга алынууда. Бүгүнкү митингдин катышуучулары да бул меморандумга каршы экени айтылууда.

Каптагаев митингчилер менен жолукту
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:35 0:00

XS
SM
MD
LG