Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Лейлекте орус компаниясына каршы жол тосулду


Жол тосууга чыккандар, Лейлектин Коргон айылы, 28-ноябрь, 2012.
Жол тосууга чыккандар, Лейлектин Коргон айылы, 28-ноябрь, 2012.

Баткендин Лейлек районунда алтын кенге байланыштуу чыр чыгып, жол тосулду.

28-ноябрда кечке жуук Лейлектин Катраң айылынын тургундары Ош-Исфана жолун бууп алышты. Буга аймактагы Апрель алтын кенин иштетүүгө каршы нааразылык себеп болду.

Катраң айылында 74 пайызы орусиялык компанияга тиешелүү биргелешкен A.Z. International компаниясы 2003-жылы аталган алтын кенде чалгындоо ишин баштаган. 2010-жылкы өлкөдөгү башаламандыктардан кийин ишин токтотуп койгон. 2011-жылы болсо аталган компания аймакта кен чалгындоо үчүн 800 гектар жерге уруксат алган.

15-ноябрда катраңдыктар аталган кенди чалгындап жаткан бул компаниянын аймактан чыгып кетүүсүн талап кылган, маселе аткарылбаганда 19-ноябрда компаниянын эки вагон-үйүн коңторуп, бир вагон-мончосун өрттөп жиберген. Ишкана ээлери болсо бул окуя боюнча милицияга арыз менен кайрылып, чыгымды төлөтүп берүүсүн талап кылган. Бул арыз иликтөөгө алына баштаганда, 28-ноябрда жергиликтүүлөр кайрадан көтөрүлүп, бийлик менен сүйлөшүүгө да барбай жол тосуп алышты.

Айыл жаштарынын активисттеринин бири Сапарали Бөрүбаев мындай кадамды төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Биздин негизги эле талабыбыз - экология бузулбасын, кен казгандар чыгып кетсин жана милиция жергиликтүү жаштарды кодулабасын. Буга чейин да тиешелүү тараптарга бир нече жолу кайрылганбыз. Эч ким чара көрбөдү. Акыркы кадамыбыз ушундай болуп жатат. Акимдер болсо эл менен сүйлөшүүнүн ордуна чагымчылдык кылып жатышат.

Нааразылыкка чыккандардын негизги жүйөөсү катары айылга келген суу булганып, экология бузулуп жатканын айтып жатышат. Ал эми аймактагы экологиялык жана техникалык мамлекеттик инспекциянын адиси Абдимитал Жүзбаев болсо абал менен жеринен таанышып кайтканын, кен иликтөө учурунда экологияга, анын ичинде сууга эч кандай зыян келбегенин айтып, чет өлкөлүк мекемеге уруксат берүүдө мыйзам бузуулар болгонун билдирди:

- Мен иш жүргөн жерде болуп келдим. Суудан алыста иш жүрүптүр. Мен экологиялык бузулууларды көрө албадым. Мекеменин өкүлчүлүгүнөн да эч кимди жолуктура албадым. Бул жерде кен чалгындоо үчүн жерге уруксат берүүдө мыйзам талаптары сакталган эмес. Чет өлкөлүк мекемеге жер иштетүүгө уруксатты өкмөт гана бериш керек. Ал эми бул жерде район акими уруксат берип койгон. Экологияга одоно зыян келди деген туура эмес, менин баамымда.

Ошентип жол тоскондор бийлик өкүлдөрүн укпай, Ош-Исфана кан жолунун Коргон айылындагы бөлүгүн төрт сааттай, кечки алтыдан онго чейин бууп турушту. Бул арада жолдун эки тарабында жүздөн ашуун машина топтолуп калды. Акырында өкмөттүк деңгээлде мекемелер аралык атайын комиссия түзүлгөнү кабарланып, 30-ноябрга чейин маселени бир жаңсыл кылмай болгондо гана жол ачылды.

Бул арада нааразалыкка чыккандарды кайсы бир күчтөр көкүткөн боулуш мүмкүн деген да сөздөр чыгып кетти.

Баткен облус башчысынын орун басары Атамбек Ботоев атайын иликтөөнүн жыйынтыгы болмоюнча айылдык жаштарды дүрбөлөңгө салып, кимдир бирөөлөр уюштурган-уюштурбаганын айтуу кыйын дейт:

- Бизге негизи элдин стабилдүүлүгү зарыл. А эл болсо кен иштеткендерди чыгып кетсин деп жатышат. Буга башка саясий боёк берүүнүн кереги жок. Бул маселе боюнча өкмөттүк мекемелер аралык комиссия иштейт. Анан жыйынтык чыгат. Азыр тигиндей же мындай деп айтуу кыйын. Бул иштин артында кимдир бирөө турганын да айта албайм. Мүмкүн бирөө жарым иштеп жаткандыр.

Бул жолку окуя Баткен облусунда 4-жолу кен иликтөө үчүн келген чет элдик компанияларга каршылык болуп отурат. Бирок чындап эле экологияга зыяны тийдиби, же жергиликтүүлөрдүн басымынан эле иши токтодубу, атайын иликтеген деле киши жоктой.

Катраңдагы бул маселени эми өкмөттүк комиссия териштирүүгө киришти.


Лейлектеги жол тосуудан сүрөт баян




XS
SM
MD
LG