Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Аптап азабынан орозону токтоткондор


Күн 50 градуска чейин ысыкта Буркино Фасодо кары кишилер орозодон бошотулат.
Күн 50 градуска чейин ысыкта Буркино Фасодо кары кишилер орозодон бошотулат.

Кыргызстанда алдыдагы күндөрү күн кайра ысый тургандыгы кабарланууда. Катуу ысыкта адамдар кантип күн өткөрөт, аптаптан кантип сактанышат? Орозодо кыйналгандар кантет?

Жайы ысык өлкөлөрдө аптаптан сактануунун өзүнчө системасы кылымдардан бери колдонулат. Мисалы, Италия, Испания, Португалияда сиеста деп, түшкөн кийин үйлөрүнө барып, салкында эс алып, кечинде ишин улантышат. Африка өлкөлөрүндө терезелерин кичинекей чыгарып, үйлөрүн салкын кармашат. Ал эми Кыргызстанда тоолуктардын көбү ысык шаарларга салыштырмалуу жакында эле көчүп келе баштагандыктан, ысыктан сактануунун жол-жобосун эми билип келе жатышат. Алардын бири Гүлзар тоолук кыз, жакында катуу ысыкта иштеп жүрүп, ооруп калды.

ӨҢҮТ: Ысыкта эл кантти?
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:38 0:00
Түз линк

Тажикстандын Жерге-Талында тоолук кыргыздарды Сталиндин мезгилинде Шаар-Туз деген жердеги чөлгө көчүрүшүп, көп киши ысыкка чыдай албай кырылып кеткен. Шаар-Туздан СССР кулагандан кийин Кыргызстанга көчүп келген Абсамат аксакалдын көзү өтүп кетти, анын уулу Давлат азыр Чүй боорунда жашайт.

Сокулуктагы Жаңы-Жер айылына телефон чалганымда, ал ата-энеси Шаар-Тузга көчүрүлгөндө, жергеталдыктар таза суу жок, чатырларда жашагандыктан, ысыкка чыдай албай, көп киши каза болуп калганын эскерди.

Аким Кожоев
Аким Кожоев

Жерге-Талдан кыргыздарды Шаар-Тузга дың жерлерди өздөштүрүү үчүн алып барышкан, ысыктан бир тобу каза болгон. Шаар-Тузда күндүн ысыгы 45-50 градуска чейин жетет. Бул тууралуу публицист Аким Кожоев өзүнүн "Ажыдаар" деген чыгармасында жазган.

Мишел Зонго Африканын батышындагы Буркино Фасо деген мамлекеттин жараны, кесиби режиссер. Анын айтымында, бул өлкөдө да эң ысык мезгилде күн 50 градуска чейин чукулдап барат:

– Азыр күн 25-30 градус, анча ысык эмес, бирок аптаптуу мезгил март-апрель, май айларына туш келип, көлөкөдө 45 градуска чейин жетет. Адамдар иштей албай, жумуш токтоп калат. Көп кишилердин үйүндө электр жарыгы жок болгондуктан, желдеткич да колдоно алышпайт. Көбү сыртта уктайт, анткени үйдүн ичинде аябай ысык болот.

Көлөкөдөгү чач тарач, Буркуно Фасо
Көлөкөдөгү чач тарач, Буркуно Фасо

Ысыктан шалдырап, алдан - күчтөн тайган адамдар көп иштей албай калышат. Ошондуктан Сахара чөлү менен чектеш түндүк аймактарда эрте иштеп баштайт да, түштөн кийин иштешпейт:

– Түндүктө температура көлөкөдө 50 градуска чейин жетет. Өкмөттүк мекемелер эртең менен жетиден түшкү саат экиге чейин эле ачык болот, ошондуктан ишиң болсо, таң эрте бүтүрүп алыш керек. Ал эми базарларда көлөкөлөтүп, чатыр тигип коюшат, адамдар ошол жерде эс алышат. Мектепте да мугалимдер балдарга азыраак тапшырма берип, сыртка чыгарып, эс алдырып турушат.

Тажикстанда орозонун алгачкы күндөрү катуу ысык болуп, айрым мусулмандар орозосун токтотуп коюуга аргасыз болушту. Жергиликтүү молдолор оору-сыркоолор, кыйналгандар орозо кармабаса, кармагандарга ооз ачтырса, өз милдетин аткарган болот деп айтышты.

Күн ысыкта сыртта окуп жаткан балдар, Буркино Фасо
Күн ысыкта сыртта окуп жаткан балдар, Буркино Фасо

"Буркино Фасо өлкөсүндө да орозо ысык мезгилге туш келгенде, ооз бекиткендер өтө кыйналат",- дейт Мишел Зонго.

– Июнь айында жаан жаай баштайт, бирок Орозо айы апрель-майга туура келгенде ооз бекиткен динзарларга өтө кыйын. Мындай жылдары кары-картаңдар орозо кармоодон бошотулат, анткени өтө ысыкта ооз бекиткен алар үчүн өтө коркунучтуу.

Экваторго жакын жайгашкан Буркино Фасодо 15 миллиондой эл жашайт, алардын тең жарымын мусулмандар түзөт, калгандары христиандар жана африкалыктардын байыркы динин кармангандар.

Көлөкөдөгү базар, Буркино Фасо
Көлөкөдөгү базар, Буркино Фасо

Маектешибиздин айтымында, бул өлкөгө чет элдиктер келгенде өзгөчө кыйналышат:

- Кээ бир кишилер ооруп калат. Эс-учун да жоготуп коюшат. Баштары катуу ооруйт. Сууну көп ичиш керек, анткени катуу тердешет. Катуу ысыкта муздак суу ичкенге болбойт, анткени муздак суудан кийин организм ысыкты иштетип чыгара баштайт да, адам кыйналып калат.

Африкадан калышпаган күнү ысык Тажикстандын Шаар-Тузунда туулуп - өскөн Давлат Абсамат уулу бүгүн Чүйдүн ысыгын тоготпойт деле. Азыр анын анча-мынча туугандары Шаар-Тузда мурдагыдай эле пахта өстүрүп, жашап жатышат. "Ал жакка кайтсам, көнө албас элем" дейт бүгүн Сокулукта дыйканчылык кылган замандашыбыз.

Ата-энеси Жерге-Талдан Шаар-Туз пахта плантацияларына айдалган Барги Таипова (солдон бешинчи) туугандары менен, Кара-Балта, Кыргызстан
Ата-энеси Жерге-Талдан Шаар-Туз пахта плантацияларына айдалган Барги Таипова (солдон бешинчи) туугандары менен, Кара-Балта, Кыргызстан

Ал эми кочкорлук Гүлзар алдыдагы ысык күндөрү үйдөн чыкпаганга аракет кылайын деп жатат. Бирок Бишкекке 15 жыл мурда көчүп келсе да, шаардын ысыгына такыр эле көнө албаган Гүлзар убакыт таап, Кочкордогу чоң энесиникине кетип калсамбы деп жүрөт.

XS
SM
MD
LG