Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Күнгө ашыкча күйүү тери рагын сезгентет


Адамдын териси түлөгүчө күнгө күйүү – тери рагынын себептеринин бири. Гарварддык окумуштуулар 20 жылдык тажрыйба өткөрүп, териси сыйрылгыча күнгө күйгөн адамдардын 80% меланомага чалдыгышы мүмкүн экенин аныкташты.

Жай келип, көп адамдар ысык кумга кактанууну энсеп жатса керек. Анча-мынча күйгөн зыяндуу деле эмес. Күн нурунун B ультракызгылт бөлүкчөсүндөгү D3 витамини адамдын ден соолугуна пайдалуу. Бирок ачуу тийген күн нуруна күйгөн кишиде тери рагына чалдыгуу коркунучу жогору.

Гарвард университетинин медициналык окуу жайынын акыркы иликтөөсүнө ылайык, беш жолу териси сыйрылгыча күйгөн адамда меланомага чалдыгуу мүмкүндүгү 80 пайызга барабар. Бул тууралуу Cancer Epidemiology журналы кабарлады.

Окумуштуулар 20 жылдык илимий тажрыйба маалында 116 миң адамдын күнгө күйүүсүн иликтешкен. Тери рагына аялдар көбүрөөк чалдыгаары аныкталды. Экспериментке катышкан 15 жаштан 20 жашка чейинки кыздардын дээрлик көбү териси сыйрылгыча күнгө күйгөн. Алардын 80 пайызында меланоманын алгачкы белгилери аныкталган.

Ошондой эле күнгө ашыкча күйүү теринин тез картаюсуна жана чачта кызгылт ирең пайда болушуна себепкер. Тери рагынын алгачкы белгилери адамдын буту менен далысында меңдер пайда болот, денеде калдар көбөйт.

Чолпон-Атадагы пляж, 26.08.2010.
Чолпон-Атадагы пляж, 26.08.2010.
Гарварддык окумуштуулар ар эки жылда тажрыйбанын катышуучуларынын терисине, чачынын өңүнө жана күнгө канча саат күйгөнүнө көз салып турушкан. Жыйырма жылдык эксперимент башталганда катышуучулардын курагы 25 жаштан 42 жашка чейин болгон. Илимпоздор күнгө күйүүнүн даражасын ультракызгылт агымы менен өлчөшкөн.

Тажрыйбага катышкан 116 миң адамдын 108 миңи тери рагына чалдыккан. Алардын ичинен 779 адамга бул илдеттин эң оор түрү меланома деген диагноз коюлган. Окумуштуулар үчүн мындай тыянак күтүүсүз болду. Жыйырма жылдык эксперимент маалында 108 миң адам териси сыйрылгыча эң азы беш жолу күнгө күйгөн. Тагыраак айтканда, беш жолу териси сыйрылгыча күнгө күйгөн адамдын тери рагына чалдыгуусу 80 пайызга барабар. Меланоманы убагында дарылабаса, рак клеткалары башка органдарга тарап, адамды өлүмгө дуушар кылат.

Дерматолог дарыгерлер билдиргендей, тери рагына чалдыккандардын көбү апрель айынан октябрь айына чейин саат 11ден түшкү саат үчкө чейин 20 мүнөттөн ашык күнгө күйүшкөн. Андан сырткары, кышында дагы тери рагына чалдыккандар бар. Көздү уялткан аппак карга тийген күндүн нурлары өтө күчтүү жана тери рагына кышкысын көбүнесе кышкы спорт менен машыккандар чалдыгышат.
Көздү уялткан аппак кар дагы тери рагына чалдыктырышы мүмкүн. Каракол.
Көздү уялткан аппак кар дагы тери рагына чалдыктырышы мүмкүн. Каракол.
​Тери рагына чалдыккан бейтап 10 жылга чейин кадимкидей өмүр сүрө алат. Чылым чегүү, гепатит, тери жаралары жана солярийди ашыкча колдонуу дагы тери рагынын себептеринин бири.

Күнгө күйүү тери рагына чалдыктырган себептердин бири. Тери рагынын эң оор түрү – меланома. Эгер апрелден октябрга чейин саат 11ден түшкү саат үчкө чейин күнгө 20 мүнөттөн ашык күйсөңүз, тери рагына чалдыгуу ыктымалдыгы жогорулайт. Эң негизгиси – жаш балдарды күндүн ачуу нурларынан сактоо зарыл. Ультракызгылт нурлардын эки түрүнөн сактануу керек. B нурлары терини ачыштырып, тери рагына чалдыгуу ыктымалдыгын жогорулатат. A нурлары болсо теринин өңүн өзгөртүп, терини картайтат, – деп билдирди британиялык окумуштуу Кэтрин Харвуд өлкөнүн Саламаттыкты сактоо кызматынын порталына.

Тери рагынан дүйнө жүзү боюнча жылына 80 миң адам көз жумат. Акыркы 25 жыл ичинде бул оорудан жан бергендердин саны 1.5 эсеге өскөн. Дүйнөдө бул илдет Австралия жана Жаңы Зеландияда көп катталган. Жаңы зеландиялык климатологдор меланоманын көбөйүшүн стратосферадагы озон кыртышы жукарып, Жер бетине тийген күндүн нуру ачуу экенинен көрүшөт.

Дарыгерлер бул илдеттен сактануу үчүн бир нече кеңештерди беришет. Биринчиден, күнгө 20 мүнөттөн ашык күйүү – теринин сыйрылышына жана ал кийин меланомага себепкер болот. Экинчиден, күнгө күйөрдө же көздү уялткан карда чаңгы же чана тебээрден мурда күндүн нурунан коргоочу бет майды сүйкөнүү абзел. Үчүнчүдөн, күнгө күйүп бүткөндөн кийин сабиз өңдүү керотини бар тамак-аш жеш керек.

Ошондой эле ультракызгылт нурлардан сактаган көз айнекти тагынуу зарыл. Адам көзү уялгыча ультракызгылт нурларды караса макулодистрофия, катаракта жана птеригий сыяктуу көздүн дарттарына чалдыгышы мүмкүн.
Күнгө көп күйүү тери рагын пайда кылат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:06 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG