Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:29

Жүрөктү түбөлүк кактыруучу жаңы жабдык миллиондогон кардиобейтаптардын өмүрүн сактап калат. Жүздөгөн жылдар бою талаш жараткан сыйкырдуу Икс планетасы – табышмак бойдон калды. Ушул жана башка кабарлар узаган аптадагы илимий жаңылыктардын өзөгүн түздү.

Жасалма жүрөк кабык

Окумуштуулар кардиология тармагында төңкөрүш жасады. Жаңы ойлоп табылган мээлей жүрөктү түбөлүктүү кактырып турууга жөндөмдүү. Үч мерчемдүү жүрөккө кийгизиле турган электрондук мембрана (кабык) учурда кеңири колдонулган электрокардиосимуляторду алмаштыра алат. Бул тууралуу Nature Communications илимий журналы кабарлады.

Сыпаты жөргөмүштүн торундай мембрана сенсорлор жана электроддор менен жабдылган. Бул сезгичтер жүрөктүн электрдик ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт. Керектүү учурда электр шоктор менен жүрөктүн бир калыпта кагуусун камсыз кылууга жарамдуу. Башкача айтканда, адамдын жүрөгү кармап калганда бул жабдык жүрөккө электр тогун берип, кагууну өз нугуна кайтарат.

Өлүмгө алып келген оорулардын ичинен жүрөк дарты биринчи орунда.
Өлүмгө алып келген оорулардын ичинен жүрөк дарты биринчи орунда.
Иллинойс жана Вашингтон университетинин илимпоздору үч мерчемдүү принтердин жардамы менен азан чакырылып аты коюла элек мембрананы иштеп чыгышты. Ал "жүрөк мээлей" коёндун жүрөгүнө кийгизилип, бир нече татаал илимий сыноолордон өттү. Тажрыйбанын алкагында коёндун жүрөгү кынтыксыз кагып турду.

Бул электрондук жүрөккө кийгизилчү кабыктын өзгөчөлүгү – электрокардиосимулятор жана дефибриллятордон айырмаланып, ар бир бейтаптын жүрөгүнүн көлөмүнө ылайыкташып, жүрөктү толугу менен курчап турат. Ал эми эң негизги артыкчылыгы – жүрөк кармаганда же аритмияга чалдыкканда, дартка тушуккан жүрөктүн клеткасын аныктап, аны ток менен стимуляциялайт.

Чоюла турган электросиликондон жасалган "жүрөк мээлей" жүрөктүн табигый кабыгы – перикардиумга окшош жана бейтаптын организми жасалма мембрананы өгөйлөбөйт (не отторгает / отторжение). Аты жок жасалма жүрөк кабык келечекте кеңири тарашы мүмкүн.

Миңдеген жылдыз кокустан табылды

Американын улуттук космос агенттиги – НАСАнын WISE (Wide-Field Survey Explorer) космодүрбүсү биздин Күн системасындагы Плутон планетасынын жанында табышмактуу Икс планетасын издеп жаткан. Окумуштуулар Икс планетасынын бар-жогун жүздөгөн жыл бою талашып келген. Тилекке каршы, табышмактуу Икс планетасы табышмак бойдон калды. Анын ордуна космодүрбү миңдеген илимге белгисиз жылдыздарды тапты.

Күн системасынын жанында миңдеген жылдыздар табылды.
Күн системасынын жанында миңдеген жылдыздар табылды.
Мурда биздин Күн системабызда бир гана жылдыз – биздин Күн – бар деп айтылып жүргөн. Бирок кокустан табылып калган миңдеген жылдыз илимпоздорду таң калтырды. Күн системабыздын ары жагында жылдыздар жана өчүп бараткан күрөң эргежээл жылдыздар табылды. Тагыраак айтканда, 3525 жылдыз аныкталды.

Инфра-кызыл нур менен ааламды изилдеген WISE космодүрбүсү 2010-жылдан бери 750 миллион астероид, жылдыз жана галактика өңдүү космостук объекттерди тапкан. Акыркы илимий табылгага ылайык, бизден 6.5 жарык жыл аралыкта белгисиз күн системасы аныкталды. Андан сырткары, биздин Күндүн космостук кошунасы – Норма топ жылдызында 20 жарык жыл аралыгында күн табылды. Ал эми табышмактуу Икс планетасы табышмак бойдон кала берди.

Вирустун дөөсү табылды

Жер бетиндеги муз эриген сайын, миңдеген жылдар бою түбөлүктүү музда тоңуп турган вирустар кайра тирилиши толугу менен ыктымал. Муз дооруна чейин жашаган вирустардын айрымдары адамдын ден-соолугуна зыяндуу. Бул тууралуу Nature илимий журналы кабарлады. Сибирдеги муз астында 30 миң жыл мурда тоңгон эң чоң вирус табылды. Вирус-гигант атына конгон вирус амёбаларды дартка чалдыктырат.

Жаңы табылган дөө вирус – 1.5 µm (микрометр). Бул – илимдеги көлөмү боюнча эң чоң вирус. Pithovirus sibericum – илимге белгилүү үчүнчү гигант-вирусу. Аталган вирус Муз дооруна чейин өскөн мөмөдө табылган. Ал мөмө Сибирдин түбөлүктүү муз каптаган пермафростунда 30 миң жыл бою сакталган. Питовирус сиберикумдун өзгөчөлүгү – ал өзүн көбөйтүп, дартка чалдыктырган организмдин цитоплазмасында төлдөйт.

Коронавирус.
Коронавирус.
Дөө вирустар амёбаларга гана кол салат деген жүйөө толугу менен жокко чыгарылды. Былтыр Marseillevirus 11 айлык ымыркайга жуккан. Марсельвирус ал баланын лимфа бездерин шишиткен. Гигант-вирустар мурда олуттуу көңүлгө алынбай келген. Эми окумуштуулар дөө вирустардын табышмагын жандырууга киришти. Аталган вирустардын дагы бир өзгөчөлүгү – алар кубулуп, айланасына жараша өзгөрүп турат. Муз эриген сайын мындай дөө вирустардын саны эселеп көбөйүшү мүмкүн.


  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG