Бул өзгөчөлүк Мухаммед пайгамбардын сакалынын бир тал кылы Кыргызстанга алып келинишине байланыштуу болду. Бул күнү кишинин көптүгүнөн айрым жолдор жабылып, маршруткалар каттамынын өзгөрткөнү белгиленген. Дегеле быйылкы орозо маалында исламды идеалдаштыруу, саясатташтыруу маанайы күчтүү болгондугу да айтылууда.
"Арай көз чарай" талкуусуна Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын бөлүм башчысы Маметбек Мырзабаев, муфтийдин орун басары Замир Ракыев катышты.
“Азаттык”: Бүгүнкү талкууда пайгамбардын сакалынын алып келинишине эмес, социалдык тармактарда талкуу жараткан сакалды көрүүгө сабырсыз, чыдамсыз мамиле кылып, бири-бирин жөөлөгөн учурларга басым жасалат. Буга байланыштуу "биз Кудайга сыйынабызбы же сакалгабы" деп пикир жазгандар болду.
Замир Ракыев: Алгач келаткан Айт майрамы менен Кыргызстандагы бүтүндөй мусулмандарды куттуктап кетмекчибиз. Ал эми Кадыр түнгө кайрыла турган болсок, акыркы жылдарда мусулманчылыкты таанып, мусулманчылыкка кадам койгон адамдардын саны абдан көп болгондуктан жылда эле ушундай тосулуп келатат. Быйыл пайгамбарыбыздын сакалынан бир талды жергебизге алып келдик. Муну да жакшылыктын жышааны деп айтабыз.
Экинчиден, элдин көбөйгөнү, динди, пайгамбарды сүйгөндөрдүн арбышы тескерисинче бизди сүйүнтүшү керек деп ойлойм. Ал эми бир эле дүкөндө төрт адам нанга кезекке турганда эмне болорун жакшы билебиз.
Борбордук мечитке 15 миңден 20 миңге чейин адам Кадыр түн тособуз деп келип жатат. Ар биринин арзуусу бар, балким пайгамбардын сакалын да бир көрүп койсом деген да арзуу болгон чыгаар. Ал турмак бизге да келсе экен деп тилек кылган бир канча мамлекеттер бар. Кудайдын буйругу экен, бизге келип калды. Биз муну бакыт, элибизге келген жакшылык деп да түздөн-түз айта алабыз.
Кадыр түндө болгон көрүнүштүн сол тарабын да кабыл кылабыз. Ушул күндө мечитке бүт эле исламды тааныган, бүт эле ислам менен тарбияланган адамдар толду деп айтуудан алыспыз. Көчөдөн же жөн эле достору менен Кадыр түн тосоюн, мечит кандай экен, көрөйүн деп келгендер да бар. Адамдар ар кандай экен, муну туура кабылдашыбыз керек. Сакалга эч ким сыйынган жок. Пайгамбардын бир сакалы экен деп урматтап, зыярат кылып жатышат.
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:
Маметбек Мырзабаев: Биздин эл узак жылдар бою Советтер союзунун курамында калып, атеисттик пропаганданын объектиси болуп, динден алыстап кеткен эле. Пайгамбардын сакалынын бул жакка келиши көптөгөн мусулмандардын исламга дагы да жакындашына себеп болот. Бул чындык нерсе.
Ал эми сабырдуулук же сабырсыздык жөнүндө айтсам, ар бир мусулман кандайдыр бир диний расмисин аткарып жатканда, жөн эле мечитке барганда өзүн алып жүргөндү жакшы билиши керек. Абайлаш керек, жанында өзүнө окшогон эле мусулман тууганы турат. Ислам дагы өзүнчө элге маданият берет, үйрөтөт. Азыр биз мусулман болуу маданиятын үйрөнүп жатабыз го деп ойлойм.
“Азаттык”: Ушул тапта бардык эле партиялар, фракция, саясатчылар баш болуп акимчиликке чейин ооз ачырып жатат. Балким бул адамгерчилик иштир, бирок тең салмактуулук бузулуп жаткан жокпу? Быйылкы орозо саясатташып кетти, бул келерки жылкы парламенттик шайлоого камылга көрүү, электоратты топтоо амалынын бири болууда деген канчалык жөндүү?
Маметбек Мырзабаев: Чындыгында Алланын ыраазычылыгы үчүн деп ооз ачтыргандар да бар, муну колдоноюн, упай топтоюн дегендер да бар. Бул боло келген табигый нерсе. Кээде кандайдыр бир мамлекеттик кызматкердин, депутаттын же дагы бир чиновниктин диний уюмдардын эсебинен чет жакка сапарга чыгып, эс алуусу мыйзамга каршы келбейт. Бирок бул этикага жатпаган нерсе.
Азыр диндин саясатташуусу ушундай деңгээлде кетип жатат. Ачык ислам мамлекетин курабыз, шарият курабыз деген “Хизб-ут Тахрирден” башка эч ким жок. Бирок бизде диндин саясатташуусунун өзгөчөлүгү ушундай болуп жатат.