Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Облустар жоюлса чек арадагы аймактар кантет?


Баткендин сууга зар, шарты катаал бир айылына облустук жетекчилер жолугушууга келген учурдан.
Баткендин сууга зар, шарты катаал бир айылына облустук жетекчилер жолугушууга келген учурдан.

Облустук башкаруу жоюлары тууралуу кабар чек аралар чырмалышкан Баткен облусунун калкынын бир бөлүгүн ойго салса, бир бөлүгү мындай реформаны туура көрүүдө.

Өткөн жумада облустук акимчиликтерди өкмөттүн өкүлчүлүгүнө айлантуу жана анда иштеген адистерди кыскартуу тууралуу токтом кабыл алынды. Аймактык-административдик реформалар боюнча токтомго кол коюлганы менен аны кантип ишке ашыруу жол-жоболору иштелип бүтө элек.

Бул реформанын алкагында башка облустардай эле Баткен облустук мамлекеттик администрациясы да жоюлуп, өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү жетектеген өкүлчүлүк иштеп калат. Буга чейин облустук акимчиликте 50дөй киши эмгектенсе кыскаруудан кийин 30га жетпеген адам калат. Бул кыскаруудан канча каражат үнөмдөлөөрү азырынча белгисиз. Анткени кыскартууга туш келген адистер үчүн кийинки үч айга жөлөкпул төлөнөт.

Облустук акимчиликтин уюштуруу иштери боюнча бөлүм башчысы Адыбек Набиев мындай кыскаруудан кийин иш ыргагы кандай өзгөрөөрүн азырынча боолгой албасын айтат:

- Жаңы токтомго ылайык, облустук администрация өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү болуп түзүлөт да, губернатор эмес өкмөтүн ыйгарым укуктуу өкүлү башкарып калат. Азыр 50дөй кызматкер иштесе кыскаруудан кийин 30 чакты адам калат. Мындай болгондо иш ыргагы кандай жүрүп, натыйжасы кандай болоорун алдын ала айтуу кыйын...

Өлкөдө кайсыл бир кызматтарды кыскартуу менен саналуу гана каражат үнөмдөлүп, натыйжасы күткөндөй болбой калган учурлар да жок эмес. Азырынча бул жолку кыскартуулардан 20 млн. сомдой үнөмдөлөөрү айтылууда.

Баткендик журналист Медербек Ниязалиевдин пикиринде, реформаны кызматтарга эмес, анда иш жүргүзгөн кадрларга жасаш керек:

- Аймактарда реформанын кандай гана түрлөрүн жасабасын натыйжасы билинбей эле калып жатат. Турмушта натыйжалуу боло тургандай кылыш үчүн эң башкысы - ошол жерде иштеген адистерге реформа жасаш керек. Аталышын өзгөрткөнү менен турмуш өзгөрбөй жатпайбы. Жаңы кадрларды башкача талап менен тандап алуу керек.

Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен Баткен облусунун калк жашаган аймактарында талаштуу делген жерлер арбын. Чек ара такталбаганынан улам кошуналар менен майда-барат чыр-чатактар тез-тез чыгып, кээде жол тосмой, барымтага алмай өңдүү тирешүүлөргө чейин жетип турат. Мындай учурда облустук деңгээлдеги сүйлөшүүлөр, жолугушуулар гана убактылуу болсо да абалды жөнгөрөт.

Жергиликтүү талдоочу Адылбек Шадыманов облусту жоюп, өкүлчүлүк түзүлсө эле каржат үнөмдөлүп, натыйжалуу башкарууга алып келет дегенге кошула албасын айтат:

- Айыл өкмөттөр, шаардык башкаруулар негизги болуп эсептелсе анда райондук башкарууларды алышы керек. Ошондо үч тепкичтүү болуп көбүрөөк кыскаруу жүрмөк. Чек ара маселелери чечилгенче Баткенде күч башкармалыктары менен паритеттик комиссия кармалып турушу керек менимче. Алар керек болот.

Баткендеги чек ара чырлары көбүнчө кошуна өлкөлөр менен облустук деңгээлдеги сүйлөшүүлөр аркылуу биротоло чечилбесе да бир аз болсо да жөнгө салынып турат. Андыктан көпчүлүк эл облус жоюлуп кетсе мындай сүйлөшүүлөрдү ким жүргүзөөрүнө бушайман. Алардын пикиринде, райондук же аймактык деңгээлдеги жетекчилерди кошуна өлкөлөрдүн облустук бийликтери тоотпой, кабыл албай коюшу да мүмкүн. Андыктан азыркыдай тең ата сүйлөшүүлөр жүрбөй, чек ара маселелери курчуп кетиши да ыктымал.

Баткен облусу Кыргызстандагы эң жаш облус. 1999-жылы өздөрүн Өзбекстан ислам кыймылы атаган жоочулар тобунун кол салуусунан кийин чек араны бекемдөө жана социалдык-экономикалык жактан артта калган бул аймакты өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Жергиликтүү тургундар анчейин байкалбаганы менен облус түзүлгөндөн бери жакшы жагына кыйла өзгөрүү болгонун айтып келет.

XS
SM
MD
LG