Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Бишкекте Пасха майрамы белгиленди


Пасха күнү дасторконго коюлчу тамактар.
Пасха күнү дасторконго коюлчу тамактар.

24-апрелде кыргызстандык христиандар Пасха майрамын белгилешти. Быйыл да протестанттар, католиктер жана православдар аны бир күндө майрамдашты.

Пасха христиан дининде Иса машаяктын (Иисус Христостун) тирилген күнү катары майрамдалат. Бишкекте Пасха майрамы сыйынуулар, ырым-жырымдар коштолду.

Проваслав христиандары Пасха майрамын белгилөөнү Бишкектеги борбордук чиркөөдө 23-апрелдин түнү башташкан. Чиркөөнүн кызматкерлеринин айтышынча, түнкү саат он экиден баштап, төрт саат бою атайын диний кызмат жүрдү. Анда шам жагуу сыяктуу диний ырым-жырымдар, сыйынуулар, Иса машаякты мактаган сөздөр жана осуяттар айтылган. Анткен менен чиркөөгө келгендердин саны күндүз да көп болду.

Аларды чиркөөнүн кызматкери, протерий Александр суу чачып, ырымдап жатты. Александр “Азаттыкка” Пасха майрамы тууралуу буларды айтты.

- Пасха адам баласынын жүрөгүнүн кудай менен бириккен күнү. Бүткүл өмүрүндө кудайга жолугууну жана аны менен түбөлүк бирге болууну каалаган адамдардын күнү.

Майрамдык ырым-жырымдар

Чиркөөгө келгендер тамак-аштарды түрлөп жасап келип, ырымдатып жатышты. Алардын айтымында, тамактарды үйлөрүнө алып барып, майрамдык дасторкон даярдашып, кошуна колоңдорду жана туугандарды чакырышат экен. Тамактардын арасында кооздолуп, боёлгон жумурткалар жана атайын Пасхада ачыткыга көптүрүлүп, мейиз кошулуп жасалуучу “кулич” тамагын сөзсүз кезиктирүүгө болот.

Бишкектик Людмила Иванова Пасханы кандайча белгилерин айтууда:

-Бүгүн эртең менен проваслав христиандары ооздорун ачышты. Орозо тутуу учурунда эт, сүт азыктарын жегенге тыюу салынган. Менин жолдошум орозо кармады. Бүгүн эми баарын жей берсе болот. Ошондой эле символ катары Иисус Христостун каны деп, бир жутум вино ичилет жана Иисус Христостун денеси деп, “кулич” желет. Бүгүн болсо таң эртең кошуналарыбызды куттуктадык. “Иисус тирилди” деп айттык аларга.

Айжамал Саматова Пасхада атайын жасалуучу тамак-аштарды жасоого үйдө шарты болгон эмес экен. Анткен менен даяр тамактарды чиркөөдөн сатып алып жаткандыгын, аларды ырымдатып, досторун коноктоорун билдирди. Пасха тууралуу Саматова буларды айтты.

- Бул тамактарды бул жакка алып келип ырымдап, бири-бирине, туугандарына жана тааныштарына “майрамыңыз менен” деп беришет. Ушул күнү деген Иисус Христос тирилген болчу. Ошон үчүн бүгүн майрамдап жатабыз.

Пасханы бир күндө белгилөө сейрек кездешет

Православ христиандарынан тышкары Пасханы кыргызстандык католиктер да, протестанттар да белгилешти. Булар ар башка жылнаамалары менен санак жүргүзгөндүктөн, негизинен Пасханы ар башка күнү майрамдап жүрүшөт. Бирок быйылкыдай Пасханын бир күндө майрамдалышы тез-тез кайталанып да турат. Былтыр да чогуу майрамдалган. Мындай дал келүү эми 2014-жылы болот экен. Муну христиандар жакшылыктын жышааны катары санашат.

Бишкектеги католик чиркөөсүнүн кызматкери Ежи Ендижеeвски “Азаттыкка” Пасха учурунда атайын диний кызматтарды, сыйынууларды өткөрүшкөндүгүн билдирди. Кыргызстанда католиктер проваславдарга карганда өтө эле аз, алардын төрт гана чиркөөсү бар.

Кыргыздардын ичинен христиан динин тутунгандар протестанттык багытты карманышат. Ал эми протестанттар Пасхага чоң маани берип белгилешкени менен католиктерге жана проваславдарга караганда алардыкы жупуну эсептелет. Чоң майрамдык шаани кылышпайт. Анткен менен жаман иштен алыс болуп, бирин-бири куттукташат.
XS
SM
MD
LG