Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:39

“Таблиги жамаат” журналист менен соттошууда


“Таблиги жамааттын” ишмердиги Кыргызстанда дааватчылар деген ат менен белгилүү.
“Таблиги жамааттын” ишмердиги Кыргызстанда дааватчылар деген ат менен белгилүү.

“Таблиги жамаат” диний уюмунун өкүлдөрү ар-намысыбызга шек келтирди деген негизде журналист Кубатбек Айбашевди сотко берген.

“Алиби” гезитинин журналисти Кубатбек Айбашев алты айдан бери аталган диний уюмдун өкүлдөрү менен соттошууда. Буга журналисттин май айында чыккан макаласы үчүн “Таблиги жамааттын” өкүлдөрүнүн сотко жазган арызы себеп болгон. Ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук соту 6-декабрда кезектеги жараянды өткөрдү.

Дааватчылар эмнеге терикти?

“Таблиги жамааттын” ишмердиги Кыргызстанда дааватчылар деген ат менен белгилүү. Сотто дааватчы-доогер Камчыбек Өмүрзаков журналист макаласында “Таблиги жамаат” тууралуу чындыкка коошпогон маалыматтарды бергенин айтты.

- Бул макала курулай каралоо. Биздин дин тутуу эркиндигибизге доо кеткендиктен сотко кайрылганбыз. «Таблиги жамаат» менен дааватчылар булар жөн гана мусулмандар. «Адамдарды жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарууну» максат кылышат. Ушул адамдарды каралап жатышат. Биз алардын максаты дааватты жаап, иштетпей коюш керек экендигин түшүнүп жатабыз.

Анткен менен журналист Кубатбек Айбашев бул дооматтар менен макул эмес. Ал Кыргызстандагы бардык диний агымдар тууралуу жазган макаласына бир гана дааватчылар теригип жатканына таң калат.

- Макала бир нече диний уюм жөнүндө жазылган. Анын ичинде “Хизб-ут Тахрир”, “Нуржулар” тууралуу жазылган, ошондой эле “Таблиги жамаат” уюмуна дагы токтолгом. Макалада бизге миссионерлерин жашыруун түрдө жөнөтүп, өздөрүнүн экстремисттик идеологиясын жайылтып жатат жана башка жакта жайгашкан террористтик уюмдар үчүн адамдарды даярдап бериши да мүмкүн деген ойлор айтылган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын билдиришинче, “Таблиги жамаат” диний уюм катары Кыргызстанда катталган эмес. Аталган мамлекеттик комиссиянын өкүлү Жаныбек Ботоев расмий каттоодон өтпөгөн, юридикалык макамы жок уюмду коргоп, жеке адамдар арыз жазууга укугу жок болчу дейт.

- Сотко арыз туура эмес берилген. Эгер мусулмандарга карата айтылган болсо, анда арызды муфтият берсе туура болмок. Ал эми арызга кол койгон адамдар сотко кайрылууга укугу жок болчу. Анткени “Таблиги жамаат” деген уюмдун өзү жок, ал эми даават, үгүт иштерин муфтият башкарат. Мисалы, мен деле мусулманмын. Ар бир чыккан макала үчүн каалаганыбыз ар жерде сотко берип жүрө бергенибиз туурабы?

"Таблиги жамаат" менен дааватчылар бирби?

Дааватчы Камчыбек Өмүрзаков мусулманчылык милдеттерин аткарып, жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу үчүн сөзсүз эле каттоодон өтүү зарыл эместигин айтууда.

- Куранда “Араңарда жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарган бир жамаат болот. Ошолор азаптан кутулуучулар” деп айтылган. “Адамдарды жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу” “Таблиги жамааттын” жана дааватчылардын милдети. Ошол ишти токтотуп койгулары келип, бул жерде саясий оюн болуп жатат.

Журналист Кубатбек Айбашевдин пикиринде, доогерлер өз пайдасына ылайыктуу сот чечимин чыгартып, ал сот чечимин кийин дааватчылар өз максаттарында пайдаланууну көздөчүдөй:

- “Таблиги жамаат” бизди пайдаланып, сот тарабынан өздөрүнүн пайдасына оң чечим чыгартып алууну көздөп жатат. Андан кийин ошол чечимди көтөрүп, сот “Таблиги жамаат” жөнүндө мындай оң чечим чыгарып берген деп алып жүрүүнү каалашууда.

Бишкектеги мечит, 24-июль, 2009-жыл
Бишкектеги мечит, 24-июль, 2009-жыл
Судья Алмаз Калбаев “Таблиги жамаат” менен “дааватчылар” бир эле уюмбу же экөө эки башка уюмбу деген эксперттик корутунду керектигин айтып, сотту белгисиз мөөнөткө жылдырды.

Анткен менен Кыргызстанда даават боюнча бирдиктүү пикир жок. Өткөн апталарда Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары укук коргоо органдарын аталган уюмдун ишмердигин текшерүүгө алууга чакырган.
XS
SM
MD
LG