Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:43

Окумуштуулар дааватты изилдеп чыкты


Нарындын бир айылындагы мечит. (Сүрөттүн макала каармандарына тиешеси жок.)
Нарындын бир айылындагы мечит. (Сүрөттүн макала каармандарына тиешеси жок.)

Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университетинин окутуучулары Кыргызстандагы дааватчылардын иши боюнча изилдөө жүргүздү.

Изилдөөнүн аталган окуу жайда өткөн бет ачарына муфтияттын өкүлдөрү, дааватчылар жана бардык эле дин жаатына кызыккандар катышты. Авторлор иликтөөдө негизинен сандарга, фактыларга таянышкан жана даават иши боюнча кандайдыр бир сунуш-жыйынтыктарды көрсөтүшкөн эмес.

Ислам динин кыдырып жайылткандарды Кыргызстанда дааватчылар деп аташат, бирок алар дүйнөдө “Таблиг жамаат” деген ат менен белгилүү.

Индияга чейин бардык

Борбор Азиядагы Америка университетинин антропология факультетинин окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты Мукарам Токтогулова дааватчылардын иш-аракетин өз кесиптеши Руслан Рахимов менен бирге изилдеген. Алар Кыргызстандын Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдыргандан тышкары, дааваттын пайда болгон мекени Индияда да болушкан. Мукарам Токтогулова Индияда дааватчылардын ишине он күн өзү күбө болсо, кесиптеши Руслан Рахимов ал жакка дааватчы катары барган экен.

Токтогулова бул изилдөөнүн бет ачарында үч багытка токтолду:

- Биринчиден,“Таблиг жамааттын” Кыргызстанда кандайча отурукташып, жергиликтүү элдин кыртышына кандайча ылайыкташып, сиңип жатканына көңүл бурулду. Экинчиден, аялдын исламдагы, анын ичинде аялдын ролун дааватчылар кандай түшүнөрүнө токтолдук. Үчүнчүдөн, ислам менен мамлекеттин алака катышын даават ишинин көз карашынан да карадык.

Иликтөөгө таянсак, “Таблиг жамаатын” 1927-жылы Индияда Илияс Кандехлави деген адам негиздеген жана Кыргызстанга алгачкы дааватчылар 1990-жылдардын башында келе баштаган. Токтогулова муфтияттын бергени маалыматы боюнча, 2012-жылдын январь-июль айларында эле 600 жүздөн ашык топ кырк күнгө дааватка чыкканын, бул алты миңден ашуу адам экендигин белгиледи. Бирок ал чыныгы сан мындан да жогору болушу мүмкүн деген ойдо.

Дааватка үч, он беш жана кырк күнгө, ошондой эле төрт айга чыгышат экен. Төрт айга чыккандар адатта даават кеңири тараган Индия, Пакистан жана Бангладеш мамлекеттерине барышары айтылды. Изилдөөдө аялдардын мастурат дааваты да кеңири жайылганы, алардын шарттары эркектердин дааватынан бир катар айырмаланары белгиленет.

Кайчы пикир жараткан дааватчылар

Өзүн жеке ишкермин деп тааныштырган Тилек Токтогазиев дааватка чыгып жаткандардын жоопкерсиздигин, алар үй-бүлөсүн карабай айлап дааватка кетип каларын белгиледи:

- Менин пикиримде, “Таблиг жамаат” коомду бөлүп жатат. Мисалы, менин Жумгал районундагы Таш-Төбө айылында жашаган жакын тууганым бар. Ал аялы төрөгөн мезгилде дааватка кетип калган жана аялына акча-каражат таштаган эмес. Натыйжада, баласы чарчап калган. Дагы бир жолу ал аялын, бала-чаксын жана апасын таштап, Ысык-Көл облусуна дааватка кетип калган. Ошондон кийин даават биздин үй-бүлөбүз үчүн коркунучтуу экенин түшүндүк.

Токтогазиев дааватчылар кайдан каражат аларына да кызыкты. Буга изилдөөнүн автору Мукарам Токтогулова дааватчылар өз каражатына чыгат деген жооп берди. Ал эми Кыргызстандагы “Таблиг жамаат” уюмунун өкүлү Камчыбек Өмүрзаков дааватчылардын дарегине айтылган сындарды четке какты:

- Эми ар бир үйдө бир тентек болот. Эгер бир адам кемчилик кетирсе, “Таблиг жамаат” ушундай экен деп түшүнбөш керек. Буга дааваттын шарттарын аткарбаган үчүн ошол адам өзү күнөөлүү. Бизде дааватка чыгып жаткан адамдын шарты барбы? Ал кырк күндүк же төрт айлык дааваттан үйүнө келгичекти коломтосунун колдоно турган каражаты барбы деп текшерилет. Бирок сиз айткандай да каталыктар болот. Бирок даават ушундай экен деп ойлобош керек.

Кыргыз коомчулугунун пикири даават боюнча бир кылка эмес. Айрымдары дааватчылардын кийим-кечесин, тышкы көрүнүштөрүн да сындап келишет. Ошол эле кезде дааватчылыктын коомго тийгизген оң таасирин белгилегендер да жок эмес.
XS
SM
MD
LG