Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

Ош: кооптондурган дааватчы аялдар


Жоолукчан аялдар Сулайман тоодон Ош шаарын карап турат. (Бул сүрөттүн макала каармандарына тиешеси жок.)
Жоолукчан аялдар Сулайман тоодон Ош шаарын карап турат. (Бул сүрөттүн макала каармандарына тиешеси жок.)

Ошто «Мастурат» деп аталган аялдар жамаатынын ишмердүүлүгү кооптонууларды күчөтүүдө. Дин иштери боюнча комиссия учурда бул топтун иши талдоого алынганын билдирүүдө.

Ош облустук казыятынын аялдар бөлүмүнүн адиси Жамила Жапашованын «Азаттыкка» тастыкташынча, «Мастурат» жамааты Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын бир канча райондорунда активдешкен. «Кадимки эле ислам динин таратуучуларбыз» деген аялдар тобу барган жерлеринде динге үгүттөө иштерин жүргүзгөнү менен көбүнчө аша чаап кеткен учурлары да байкалууда.

- Башкасын айтпайлы, бир эле одоно тыюусун айталы, «эркектерди карабагыла, эркектерди көрсөңөр жаа боюу качкыла» дейт экен. Туура, бул жөнүндө шариятта айткан. Бирок булар өтө эле ашырып айтып, наасат кылышат экен да. Жакшылап түшүндүрбөй эле коркутуп, кыскача жеткизет экен. Кээ бир жерлеринде ислам динине каршы келген сөздөрдү да айтышат. Алар динди кайрадан жаман көрсөтүп, чочутуп жатат. Мындан элге залал келип калабы деп биз кооптонуп жатабыз.
Ал эмес эки кабат үй салуу да күнөө деп дааватка келген адамдардын жеке турмушуна да кийлигишет экен...


Жапашованын белгилешинче, «Мастурат» жамаатындагылар жер-жерлерди атайын автоунаалар менен кыдырышат. Барган айыл-кыштактарда аялдарды үй-үйлөргө чогултуп алып даават кылышат:

- Алардын туура жактары бар. Бирок туура эмес үгүт иштери арбын болуп атат. Чектөөлөрүнүн баарын айтсаң чачың тик турат. Аялдар көчөгө чыкпаш керек, иштебеш керек, үйдө олтуруш керек, андай-мындай деген сыяктуу тыюуларды өздөрү ойлоп эле айтып жатышкандай. Ал эмес эки кабат үй салуу да күнөө деп дааватка келген адамдардын жеке турмушуна да кийлигишет экен.

Деген менен аялдардын «Мастурат» диний тобу даават кылуу иштерин жергиликтүү дин башкармалыктардын уруксаты менен гана алып барат. Бирок алардын исламий дарстарын жана окуулуктарын көзөмөлдөөгө диниятчылардын мүмкүнчүлүгү жок.

Ош облус казысы Ниязалы ажы Арипов бир чети ага милдеттүү да эместигин айтат:

- «Мастурат» деген сөз араб сөзүнөн алынган, «колукту» дегенди түшүндүрөт. Бул ошо аялы менен кошо, же аялдарды даават иштерине алып чыгуу. Азыркы «Мастурат» кыймылындагылар мечит имамдарынын көзөмөлүндө өтүшсө анда проблема болбойт. Бирок өз алдынча үйлөрдө, хужраларда ошондой сабактарды уюштуруп аткандар бар. Аларга биз жооп бере албайбыз. Ал жерлерде эмне сөздөр болуп жатканын да билбейбиз. Эгерде ошондой динге туура келбеген нерселер байкалса өздөрү жооп беришет.

«Мастурат» жамаатынын аймактагы өкүлдөрүн табууга мүмкүн болбоду. Тапкандарыбызды кепке тартсак өздөрүн ал уюмдан оолак кармап, сурообузга жооп берүүдөн баш тартышты. Күч органдары да азырынча бул кыймыл тууралуу комментарий бере элек.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймагы боюнча өкүлү Курбаналы Узаков болсо буларга токтолду:

- Мамлекеттик каттоодо жок туруп эч кайсы бир уюм өз алдынча иш жүргүзүүсүнө мыйзам жол бербейт. «Мастурат» жамааты тууралуу да азыр биздин адистер иликтеп атышат. Эгерде салттуу ислам динине каршы келген жагдайлар болсо, же экстремисттик багыттагы нерселери болсо биз тийиштүү укук коргоо органдары аркылуу, жергиликтүү бийликтер аркылуу далилдеп, ишине бөгөт коёбуз.

Узаков мындай уюмдар аялдарга диний билим берүүнүн жоктугунан чыгып жатканын да кошумчалады:

- Акыркы жылдары дин маселесинде аялдар менен иштеген эч ким болбой калды. Муфтият дагы, казыят дагы, имам-хатибдер дагы аялдардын динге болгон укуктарын эске албай келди. Ошол себептүү ушул сыяктуу уюмдардын түзүлүшү мыйзам ченемдүү нерсе болуп атат. Эми азыр Ош облусундагы ар бир мечитте да аялдар менен иштөөчү адистик ачылды, бул иш-чара дагы ушул жаатта бир топ нерселердин алдын алып калат деп ишенип атабыз.

Буга чейин да аймакта "Таблиги жаамат" диний кыймылынын иш аракеттери активдешип, кооптонууларды жаратып жатканы айтылган. Соңку күндөрү «Хизб-ут-Тахрир» диний эктремисттик уюму да өз ишин жаңы нукта күчөткөнү кеп болууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG