Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Нарындан Бангладешке кеткен эки окуучу кайтып келди


Мечитте намазга жыгылып жаткан балдар, Нарындын Чаек айылы.
Мечитте намазга жыгылып жаткан балдар, Нарындын Чаек айылы.

Нарындын Жумгал жергесинен Бангладешке диний окууга кеткен өсүпүрүмдөрдүн дагы экөө кайтып келди.

2012-жылдын июнь айларында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул райондон 10-15 жашар өспүрүмдөрдү Бангладешке диний окуу жайларга алып кетип жаткандыгын билдирген. Буга чейин Бангладешке кеткен 9 окуучунун үчөө кайтып келген.

"Баламды Бангладештен окутам"

Акыркы кайтып келген эки окуучу менен жолугууга мүмкүн болбоду. Дегеле балдарын Бангладешке жиберген ата-энерлер кабарчыларга сүйлөп берүүдөн жана балдарын сүйлөткөнгө такыр макул болушпайт. Бангладештеги диний окуу жайдан танаписке келген Ясин Нурлан уулунун атасы Нурлан Шамырканов сүйлөп берүүгө көнгөнү менен баласы шаарга кеткенин айтып, биз менен Ясинди жолуктурган жок.

Нурлан Шамырканов Жумгал райондук ветеринардык инспекциясынын башчысы. Ал баласын Бангладешке өзү жеткирип, ал жакта 4 ай дааватта жүргөн.

- Ал жерде Жумгалдык окуган балдар бар. Мен ошолордон ал жакта тарбия жакшы экенин угуп алып баргам. Мен 4 айдан ашык болдум, бул жакта айтып жаткандай жаман нерсе окуткан окуу эмес. Балам төрөлгөндө эле диний окууга берем дечүмүн. Ал жерде экстремисттик эч нерсе окутушпайт. Ал окуу жайда математиканы, анан араб, урду, бангал тилдерин окутат. Анан көбүнчө Куран жаттатып, диний билим берет.


"Баламды Бангладештен окутам"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:43 0:00


Эс алууга келдим деген Ясин жакын арада кайра Бангладешке кетет экен. Атасы Нурлан туугандарынын балдары кетем десе жардам берээрин кошумчалады.

- Мен эми бирөөнүн баласына жардам бере албайм. Бирок туугандарымдын балдары барам десе кетириш керек. Ал эми өз баламды ошол жактан окутам.

Нурлан Шамырканов ал өлкөдө Нарындан эле эмес, Оштон, Таластан болуп Кыргызстандан баш-аягы 200дөй бала окуп жатканын айтат.

Жумгалдын Байзак жана Чаек айылынан 8-9- класстын окуучулары аталган өлкөгө диний окууга барганы алар кеткенден жарым жылдан соң аныкталган. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, 2011-жылдын жай мезгилинде айылга дааватка келген белгисиз адамдар Бангладешке өспүрүмдөрдү окууга барууга үндөгөн дешет. Ысмын атоодон баш тарткан милиция кызматкери мындан 10-15 жыл мурун дагы Жумгалдан кеткендер болгон, ошолор кайтып келип балдарды алып кетүүгө катыштыгы бар деп жоромолдойт.

Бангладештен окууну каалагандар дале бар

Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, кеткен 9 баланын азыркы күндө бешөө кайтып келип, учурда бирөө кесиптик окуу жайда, калгандары медреседе билим алып жатышат.

Бөлүмдүн башчысы Кубан Кыдыралиев азыр да аймакта Бангладешке кетүүгө камынган өспүрүмдөр бар экенин айтат:

- Кетем дегендерден бирөө болгон Байзак айылынан. Бирок милиция жана мугалимдер болуп ата-энесине түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Азыр атасы эки айлык дааватта экен. Энеси менен сүйлөшүп токтотуп жатабыз.

Жумгал районун имамы Тынчыбек Амановдун сөзү боюнча, мечиттерде диний окуу жайларга үндөө болгон эмес. Бирок дааватчыларды кайсыл жерде эмнеге үндөп жатканын көзөмөлдөй алышпайт. Имамдын айтымында, Бангладешке колу жукалардын балдары кеткен.

- Начар жашаган, көп балалуу үй-бүлөнүн балдары кеткен да. Бирок диний окуу оңой эмес, окуй албаганы кайра келип жатышат.

Милиция бул аймакты көзөмөлгө алып жатканын билдирип келет. Бирок жарандардын ары-бери катташына өлкө мыйзамдары тоскоол боло албайт. Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстан менен Бангладеш ортосунда билим берүү кызматташтыгы тууралуу макулдашуу жок.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети акыркы убакта Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдардын мүчөлөрү Нарын жергесинде көбөйүп жатканын билдирген.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG