Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:03

Же жоолук, же мектеп


Жоолук салынганы үчүн мектеп сыртында калган кыздардын саны көбөйүүдө. Билим берүү жана илим министрлиги окуучулар жалпы кабыл алынган бирдиктүү форма кийүү талабын аткарышы керектигин айтууда.

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургуну Алина Нимадилла кызы быйыл 11-класста окушу керек эле. Бирок ал окуусун мектепте эмес, медреседе улантууга аргасыз болду.

Алинанын мектеп партасына отурбай калышына анын жоолук салынып, хижап кийип келгени себеп болгон.

- Мектеп директору "сен деп мен ишимен ажырагым келбейт" деп койду. Анан сентябрь келип, окуу башталып калды. Ошентип мен медресеге тапшырдым. Медреседе түрк, араб тилдерин окутат экен. Бирок мектеп программалары өтүлбөйт. Эми аттестат керек болот, аны кандай кылам деп ойлонуп атам.

Жоолуктун айынан мектеп сыртында калган бир гана Алина эмес. Ушундай арыз-даттануулар акыркы он күндө эле мусулман аялдардын “Мутакаллим” уюмуна ондоп келүүдө.

Уюм жетекчиси Жамал Фронтбек кызынын айтымында, буга чейин мектеп директорлору, Билим берүү жана илим министрлиги менен сүйлөшүүлөрдөн кийин маселе чечилип келген. "Кыргызстандын дээрлик бардык аймагында кездешип аткан мындай көрүнүшкө аталган министрлик күнөөлүү болушу мүмкүн", - дейт Фронтбек кызы.

- Министртрликке жана мектеп директорлоруна кат жазсак жооп болбой жатат. Бирок бул маселе өзүнчө эле чуулуу болуп атат. Кыргызстандын бүт аймактарынан күнү-түнү чалып, менин телефонум тынбай калды. СМС да жазып атышат. Азыр биздин колдо 150дөн ашуун арыз бар.

Андан тышкары Араван, Ноокат, жалпы Ош облусунан арыздарды чогултулуп беребиз деп жатышат. Биз министрликтен буйрутма болуп атат деп эмнеге айтып жатабыз? Себеби кээ бир директорлор “жоолукчан киргизсем жумуштан айдалып кетем” деп айтып аткан экен. Ошондуктан жогору жактан атайын буйрук бар го деп ойлоп атабыз.


Бишкек шаарындагы №69 мектеп гимназиясынын 7-классынын окуучусу Айжамал Жолдошева да быйыл мектепке жоолук салынып барган.

Айжамалдын апасы Чолпон Жакышеванын айтымында, мектеп директору Айжамалды чакырып, жоолугун чечпесе, мектепке киргизбей турганын билдирген. Ушундан кийин алар “Мутакаллимге” кайрылууга аргасыз болушуптур.

Чолпон Жакышева муну адам укугунун бузулушу катары карап жатат.

- Кызымды чакырып алып, “жоолугуңду чечпесең сабакка келбе” деп айтышыптыр. Мен жумуштан келсем кызым "окууга барбайм" деп калды. Анан кызым менен мектепке барып "уруксат берсеңер болмок" дедим. Алар “уруксат бере албайбыз, бизде бирдей форма. Анын үстүнө кызыңыз жоолугу менен башкалардын көңүлүн өзүнө бурдуруп атат. Башкалар да ушинтип киебиз дешүүдө", - деп болбой коюшту. Кызым капкара кийинип барган жери жок. Ак кофта, кара юбка, анан ак жоолук салынган. Юбкасы да узун болуп атат дейт эжелери.

№69 мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Жыпара Жортучиева Айжамал учурда мектепке келип эле жатканын, бирок кийимине байланыштуу айрым сабактарга катышпай калганын белгиледи.

- Биздин мектепте атайын устав бар. Анда мектеп формасы кандай болушу керек экени жазылган. Айжамалга ошону гана түшүндүрдүк. Бирок ал буга такыр көнгөн жок. Анын артынан дагы бир кыз жоолук салынып келди. Ага түшүндүрүп айтканда жоолугун чечип койду.

Мектепте баары эле жоолукчан болуп кетсе да туура эмес да. Азыр Айжамал мектепке келип эле атат, аны чыгарып салган эч ким жок. Бааларды алып атат. Бирок дене тарбия сабагына катышпайт. Ал кадимки сабак да.


Билим берүү жана илим министрлиги мектептеги кыздар жоолук салынбасын деген чектөө жок экенин билдирүүдө. Министрликтин басма сөз катчысы Керээз Жукееванын айтымында, окуучулар мектепте жалпы кабыл алынган бирдиктүү форма кийүү талабын аткарышы керек.

- Министрлик тарабынан республиканын жалпы билим берүү мектептеринде окуучу кыздардын жоолук салынып жүрүүсүнө тыюу салган чечим чыккан эмес. Бул багытта кайрылуу да келип түшкөн эмес. Бул маселе боюнча ар бир окуучу менен жекече иш алып баруусу керек. Ошол эле учурда сабак учурунда окуучулар талапка ылайык окуучулук көрүнүштө отурушу зарыл.

Кыргызстанда мектеп жана жогорку окуу жайларга жоолукчан барууга уруксат берүү маселеси бир топ убактан бери көтөрүлүп келет.

Өзбекстанда мектеп жана мамлекеттик кызматтарга жоолукчан барууга тыюу салынып, ал жакта да бул талаштуу маселелердин бири. Ал эми Казакстанда да бул багытта айрым чектөөлөр бар.

XS
SM
MD
LG